Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:47

"Ордун коко тикен басат". Алтыгананын айласы табылабы?


Алтыгананын жанында оттоп жаткан жылкылар. Суусамыр (Архивдик сүрөт)
Алтыгананын жанында оттоп жаткан жылкылар. Суусамыр (Архивдик сүрөт)

Суусамыр жайлоосуна Чүй менен Талас облустарынан онго чукул райондун малчылары чыгат. Соңку кездери жайытты каптаган алтыгана маселеси тынбай көтөрүлүп келет.

Буга чейин бул тикенектүү бадалды химиялык жана механикалык жол менен жок кылууга аракет жасалганы менен майнап чыккан эмес, тескерисинче, анын ордун коко тикен өңдүү отоо, зыяндуу чөптөр каптай баштаган. Экологдор, адистер алтыгананын тамырын күйгүзүп, кууратып азайтууга караманча каршы болуп келет.

Быйыл Улуттук илимдер академиясынын окумуштуулары Суусамырга бир канча жолу экспедиция уюштуруп, алтыгана маселесин чечүү жолдорун издеп жатат. Алардын арасында бадалды тамыры менен казып барып Кумтөргө, башка кен казылган жерлерге, сел жүрүү коркунучу бар аймактарга отургузуу, курулушка пайдалануу, дары-дармек өндүрүү жана шыпыргы жасоо деген сунуштар бар.

Талас районундагы Шумкар-Уя айыл аймагынын тургуну Мамбет Сыдыгалиев соңку сегиз жылдан бери Суусамырда жайлайт. Анын айтымында, жылдан жылга жайыт тарып, көп жерин алтыгана каптап кеткен:

"Биз келгенден бери эле ушундай. Алтыгана жылдан жылга көбөйүп жатат. Мунун арасына мал деле кирип оттой албайт экен, мал жебейт экен. Араласа жүнүн тытат, денесин тытат. Жайытыбыз болсо жылдан жылга тарып, сонун жерлерди алтыгана басып баратат".


Жайыт департаментинин маалыматында, Суусамырдагы 470 миңден ашык гектар жайыттын 30 миңге чукул гектарын алтыгана баскан. Бул маселе быйыл өкмөттүн жыйынында, Жогорку Кеңеште бир канча жолу көтөрүлдү.

Ийгиликсиз эксперименттер

Алтыгана маселесине бийлик 2016-жылы көңүл буруп, Жогорку Кеңеште токтом да кабыл алынган. Эки жылдан кийин гана өкмөт атайын программанын негизинде алтыгананын химиялык жана механикалык жол менен жок кылуу үчүн экперимент жүргүзгөн.

Жайыт департаментинин бөлүм башчысы Нурлан Абатбеков бул аракеттин баары оңунан чыкпай калганын айтты:

"2018-жылы атайын программа иштелип чыгып, Дүйнөлүк банктын каржылоосу менен эксперимент катары 10 гектардагы алтыгананы химиялык ыкма менен жана 25 гектардагысын механикалык ыкма менен жок кылууга аракет жасалган. Ал дарыларды эки жолу чачуу керек экен. Бирок каражаттын жетишсиздигинен бир гана жолу чачылып калган. Алтыгана куураган, бирок аны кайра чабыш керек болуп калган. Механикалык ыкманы колдонгонубузда, К-70 үлгүсүндөгү трактордун барабандары сынып, таштуу жерлерди каза албай калды. 2022-жылы дагы ошол жумуштарды улантып, жайыт комитеттери каражат топтоп дагы техника сатып алдык, төрт гектарды чаптык, бирок ал деле жакшы натыйжа берген жок. Алтыгананын тамыры узун болгондуктан жакшы чабылган жок, күчү жетпей койду".


Адистер химиялык жол менен алтыганын тамырын күйгүзүп, кууратып жок кылууга караманча каршы чыгышкан.

Улуттук илимдер академиясынын кызматкери Адилет Усупбаевдин ырасташынча, тикенектүү бадал жок кылынган жерлерди коко тикен өңдүү отоо, улуу, зыяндуу чөптөр басып кеткен. Ошондой эле алтыгана да кайра эле тамырлап өсө баштаган:

"Алтыгананы кыйгандан кийин анын ордуна коко тикен көбөйдү. Сентябрда мунун баары чоңоет. Бул Европа менен Орусиянын баш оорусу, алар деле мындан арыла албай жүрөт. Эгер коко тикен Суусамырдын баарын каптап кетсе, анда катастрофа болот. Аны мал жебейт. Коко тикен бош жер болсо эле басып алат, отоо каптаганда башка чөптөр өспөй калат".

Суусамыр жайлоосу.
Суусамыр жайлоосу.


Эколог Гамал Сооронкулов буга чейин алтыгананы жок кылуу демилгелерин колдоп келгенин, бирок адистерден тиешелүү маалымат алгандан кийин оюн өзгөрткөнүн айтты:

"Төө-Ашуудан түшүп, чыгыш тарапты көздөй кеткен жерде мындан үч жыл мурун "Бай-Дыйкан" компаниясы алтыгананы химиялык жол менен жок кылууга аракет кылган. Ошол иштерге мен дагы келип катышып калгам. Жыйынтыгында саргайып эле күйүп калганы болбосо алтыгана кайра эле өсүп жатат. Механикалык, химиялык жол менен жок кылып көрдүк, өрттөп көрдүк, ордуна кайра эле тикенектер пайда болду. Ошондуктан алтыгана менен күрөшпөш керек, аны пайдалануунун жолдорун издеш керек. Өтө жыш өсүп, каптап кеткен жерлерде, балким, азайтуу туура эле болор. Алтыгана эмнеден коркот? Ал көлөкөдөн коркот. Эгер азайтабыз десек, Суусамырга бак тиксе болот. Ошол эле Швейцарияда токойлордун басымдуу бөлүгү кол менен отургузулган, кол менен өстүрүлгөн токойлор. Эми кээ бирлер кудай эми ушул жерди ушундай кылып жараткан да деп айтышат. Мен эми бул жерге пальма тигиш керек деп айтпайм, ушул жерге өсө турган өзүбүздүн арча, карагай-бадалдарыбызды тиксек болот".

"Алтыгана - Суусамырдын бадалдуу токою"

Улуттук илимдер академиясына алтыгананы иликтеп, тиешелүү корутунду, сунуш берүү тууралуу мындан төрт жыл мурун гана тапшырма берилген, бирок каражаттын жоктугунан адистер быйыл гана киришкен. Академиянын кызматкери Адилет Усупбаев анын жүрүшү тууралуу айтып берди:

"Бизге 2020-жылы ушул жерди илимий жактан изилдеп, тийиштүү снуштарды бергиле деп Жогорку Кеңештин тапшырмасы берилген. Билесиңер да, академияда акча жок. Мыйзамга ылайык, илимий корутунду чыгарылмайынча жапайы жаратылышка тийгенге эч кимдин акысы жок. Анан бизге сунуш бергиле дейт, биз болсо изилдемейинче бербейбиз деп атып эле ушул болду. Буюрса ушул жылы баштадык. Жазында Улуттук университеттин ошол кездеги ректору Төлөбек Абдырахмановдун жардамы менен университеттен акча бөлүнүп, май айынан бери изилдеп жүрөбүз. Илимий тил менен айтканда, бул бадалдуу токой. Мисалы, Арстанбап жаңгактуу токой, көлдө карагайлуу токой, Таласта арчалуу токой болсо, бул Суусамырдын бадалдуу токою. Токой катары бул көп функцияны аткарат. Арасында жан-жаныбар жашайт. 50-60-жылдык бадалдар, 100 жылдык дагы бадалдар бар экен. Бул көп жылдык бадал. Жер бийиктеген сайын мунун бою жапыз болуп өсөт экен. Бул бадал майдан баштап гүлдөйт, бир сабагында 20-30га чейин гүл болот. Бул деген тонналаган тоо балын берет".


Окумуштуулар Суусамырга быйыл жаздан бери төрт жолу экспедиция жасады. Адистердин алдына бир катар тапшырмалар коюлган. Алар ириде алтыгана каптаган аянт көбөйүп жатабы же жокпу деген суроого жооп табышы керек.

Андан сырткары тикенектүү бадалды кантип, кайда пайдаланса болору тууралуу сунуштарды иштеп чыгышы зарыл. Ошондой эле алтыгананы жок кылып, азайтуунун кесепет-зыянын, пайдасын эсептеп чыгышат.

"Биринчиден, бул көбөйүп жатабы же жокпу, ошого жооп табалычы. Бул деген Манастын убагындагы эле алтыгана да. Эпосто бул өсүмдүк тууралуу айтылат. Биз спутниктен тартылган сүрөттөрдү таап чыктык. Мисалы, 2013-2023-жылдагы сүрөттөрдү салыштырсак, алтыгана бир метрге дагы көбөйбөптүр. 1985-жылы тартылган сүрөт бар экен. Аны бүгүнкү күндө тартылган сүрөт менен салыштырдык, эч кандай айырма жок. Көбөйүп жатат дегендерге айтып жатабыз, алып келишсинчи, бизге далилдеп беришсин. Алтыгана маселесинен улам жогорку деңгээлдеги чогулуш болду. Ошол жерден бизге изилдегиле деп жол ачышты. Азыр биз чынында эле көбөйүп жатабы деп аныктайбыз. Андан сырткары мунун арасында эмне бар, эмне жок деп эсебин алабыз", - деди Усупбаев.

Кумтөргө тиксе болот

Учурда алтыгананы Кумтөрдө кен казылган, калдыктар төгүлгөн жерге көчүрүү, сел коркунучу бар аймактарга отургузуу, курулуш материалы катары пайдалануу, дары-дармек өндүрүүгө керектөө, шыпыргы жасоо сыяктуу сунуштар бар.

"Эгер коркунуч жок болсо, түз жердеги алтыгананы чапканга эмнеге болбосун? Бирок суунун жээгинде өскөндөрдү алууга болбойт. Биз азыр мунун картасын дагы чийип жүрөбүз. Үчүнчү маселе - бул туура пайдалануу жагы. Сөзсүз эле аны казып, тамырын балталап салуу керекпи? Муну жаратылыш өстүрүп жатат, эч ким аны чакалап сугарбайт. Ошондуктан эмнеге пайдаланса болорун табышыбыз керек. Биринчиден, алтыганадан шыпыргы жасаса болот. Илгери союз убагында жапжакшынакай эле шыпыргы жасалчу экен. Экинчиден, төө баксак болот, биз муну төөгө жедирип көрдүк, төө муну жейт экен. Үчүнчү жагы - бул тирүү бадал, көчөт да. Бул деген гектарлаган көчөт. Азыр эми Бишкекке ар кайсы жактан алып келип, бак-көчөт тигип жатабыз, айрымдары куурап калып жатат. Бизге мындан улам көчүрүү боюнча дагы тапшырма берилген. Муну, биринчиден, сел жүрүп жаткан жерлерге көчүрсө болот. Тамыры узун болгондуктан селден сактайт. Бирок бул бадал көрүнгөн жерге эле өсө бербейт. Кийинки тапшырма - Кыргызстандын кайсы жеринде өсөрүн аныктоо. Биз жазында изилдөө башталганда эле, алтыгана бүчүр байлап калган кезинде Кумтөргө алып барып эгип көргөнбүз. Кумтөргө азыр бул керек болуп жатат. Жамгыр жааган сайын эле дамбаны жаан жууп, калдык көмүлгөн жер жылып жатат. Бизге ошону токтотуу үчүн бир нерсе тигип бербейсиңерби деп кайрылышкан. Эгер тамырлай турган болсо, биздин эң биринчи максатыбыз - аны Кумтөргө алып барып тигүү".

Ташкентте алтыгананын дарылык касиети изилденип жатат

Учурда алтыгананын дарылык касиетин аныктоого дагы аракет жасалып жатат. Улуттук илимдер академиясынын кызматкери Самат Кенжебаевдин маалымдашынча, бул максатта өсүмдүктүн биринчи үлгүсү кышында Өзбекстанга жөнөтүлгөн:

"Биз январда Ташкентке барып келдик. Ал жактан бизге жакшы окуя айтып беришти. 1970-жылдары көлдө көп өскөн уу коргошунду жок кылабыз дегенде, Өзбекстандан адистер келип, анын үлгүсүн алып, дарылык касиетин аныктап, ушул кезге чейин андан эки дары чыгарышат экен. Уу коргошун ушул жерде дагы көп өсөт. Өзбекстандык адистер алтыганадан дары алынат деп айтып жатышат. Илимий маалыматтарга таянсак, Кытай менен Австралиянын илимий долбоору болгон экен. Алар бул алтыганада көп пайдалуу нерселер, ракка каршы кошулмалар болушу мүмкүн деп айтып жатышат. Ошондуктан өзбекстандык адистер алтыгананы бизге алып келип бергиле, биз изилдеп беребиз деп айтып жатышат. Аларда атайын илимий изилдөө институту бар, бизде жок. Биз аларга биринчи үлгүсүн алып бардык, калганын ушул кышында жеткирип беребиз. Анткени үлгүнү май айында гүлдөгөнгө чейин аласың, гүлдөгөндө жана гүлдөп бүткөндө аласың. Алтыгананын арасында эки түрлүү уу коргошун өсөт. Бир түрүнүн тамырынын килограммын Өзбекстан жети доллардан алат. Сырьену бизден, Кыргызстандан алып барып дары жасап жатышат. Биз болсо аларды алтыгана менен кошо жок кылалы деп жатабыз. Андан сырткары алтыгананын арасында василисник деген чөптүн уулуу түрү өсөт. Уу чөптөрдүн баарынын дарылык касиети бар. Ушул василисник, уу коргошун жана алтыгана бир туугандардай болуп жанаша өсөт экен. Эгер жакшы, пайдалуу жагы табылчу болсо, анда биз алтыгананы жок кылбай эле иштетпейлиби? Биздеги чөптөрдүн 80% эле дарылык касиетке ээ".

Суусамыр.
Суусамыр.


Ушул тапта Айыл чарба министрлиги жана ага караштуу Жайыт департаменти алтыганага байланышуу президент Садыр Жапаровдун тескемесин даярдады.

Жайыт департаментинин бөлүм башчысы Нурлан Абатбековдун маалымдашынча, бул документ колдоо таап, кол коюлса, Таластагы Шумкар-Уя айыл өкмөтү бөлгөн акчага атайын техника алынып, эки миңдей гектер жерди алтыганадан тазалоо иштери башталат:

"Адистер азыр изилдеп жатат. Механикалык жол менен жок кылуу кандай таасир берерин иликтеп жатышат. Ал эми химиялык жолду колдонууга алар караманча каршы чыгууда. Биздин министрлик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары механикалык жолду сунуштап жатат. Биздин министрлик, департамент азыр президент Садыр Жапаровдун тескемесин даярдады, учурда ал тиешелүү министрлик, мекемелерден кароосуна жөнөтүлдү. Таластагы Шумкар-Уя айыл өкмөтүнүн каражаты бар экен. Ал долбоордо Шумкар-Уч бөлгөн акчага ротоватор деген техника сатып алып, бул айыл өкмөткө узак мөөнөткө пайдаланууга берилген жердеги эки миң гектардагы алтыгананы чабууга уруксат берүү каралган. Ошол эле маалда Илимдер академиясы, Экология министрлиги өзүнүн иликтөөсүн жүргүзө бере турганы жазылган. Мисалы, эки миң гектар жерге 1600 баш мал багып, 32-40 миллион сомго чейин пайда тапса болот. Ротоватор деген техника 20 сантиметрге чейин жерди казып, алтыгананын тамырын кошо майдалайт. Аны жер семирткич катары колдонсо болот экен".


Деген менен адистер алтыганага байланыштуу иштер экологияга, жаратылышка кесепетин тийгизбеши керектигин эскертип келет. Улуттук илимдер академиясынын кызматкери Дмитрий Милько мындай маселеде келечек муундар тууралуу ойлонуу керектигине токтолду:

"Суусамыр өрөөнүндө кызыл китепке кирген үч өсүмдүк өсөт. Бул жерди кызыл китепке кирген эки куш байырлайт. Ошондуктан бул жерде мыйзамга ылайык илимий корутундусу жок туруп петицид колдонуу же куурай-бадалдардын өсүшүнө кийлигишүүгө болбойт. Бул жерде чечим кабыл алып жаткан адамдар дагы, жайыт колдонуучулар дагы баары чеги менен болушу керектигин түшүнгөнү оң. Ар нерсенин чеги бар. Эгер биз кайсы бир чектен ашсак, кайсы бир убактан кийин жаратылыш ага сөзсүз жообун берет. Чечим кабыл алып жатканда келерки айды же ошол сезондун эле жыйынтыгын карабай, ошол жерде үч-төрт жылдан кийин эмне болорун эске алуу керек. Азыр кеп алтыгана, караганда же аны зыяндуу кылып көрсөтүп жаткандарда деле эмес. Бул адамдардын иш-аракетине жаратылыштын берген жообунда дагы болуп жатат. Биздин изилдөөлөр көрсөткөндөй, жообу анча деле чоң эмес. Мындан улам бул проблема бир аз көбүртүп-жабыртылып жатат. Айлана-чөйрө - бул биздин ата-бабалардан мураска алган гана нерсебиз эмес. Биз жаратылышты келечек муундардан, бала-чака, неберелерибизден убактылуу пайдалануу үчүн алганбыз. Ошондуктан "ээ, азыр канча мал батса ошончону бага беребиз" дебей, ага келечек муундан карызга алган ресурс катары мамиле кылышыбыз керек".

Кыргызстандагы жайыттардын жалпы аянты 9 млн гектарды түзөт. Кыргыз өкмөтү жакында эле 2024-2029-жылдарга карата өлкөдөгү жайыттарды өнүктүрүү программасын бекиткен. Документте ушул тапта өлкөдө жайыт аянтынын үчтөн бир бөлүгүн уулуу, зыяндуу жана мал жебей турган өсүмдүктөр басып кеткени жазылган.

XS
SM
MD
LG