Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:50

Бишкекте Alternativa Film долбоору тасмаларды акысыз көрсөтүүдө


“Кыз ала качуу” көркөм тасмасынан алынган кадр.
“Кыз ала качуу” көркөм тасмасынан алынган кадр.

Чыңгыз Айтматов атындагы кино үйүндө 20-сентябрдан 25-сентябрга чейин 2023-жылы Alternativa Film Awards сыйлыгына көрсөтүлгөн жана жеңүүчү аталган тасмалар акысыз көрсөтүлүүдө.

Уюштуруучулардын бири Борбор Азиядагы IDEA жаштар уюму кабарлагандай, аймактагы социалдык көйгөйлөр чагылдырылган тасмалар тандалган.

Жалпы 11 тасма көрсөтүлөт. 20-сентябрда кыз ала качуудан курман болгон Айзада Канатбекова тууралуу Нуржамал Карамолдоева менен Султан Усувалиев тарткан "Кийинкиси ким?" аттуу даректүү тасма жана Мирлан Абдыкалыковдун “Кыз ала качуу” деген көркөм тасмасы көрсөтүлдү. Көрсөтүүдө кийин авторлор жана жарандык активисттер менен кинодо козголгон темалар талкууланууда.

Alternativa Film Project долбоорунун максаты - кино аркылуу социалдык көйгөйлөрдү коомчулукка жайылтуу. (TSh)

XS
SM
MD
LG