Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:32

Бактыгүл Иманбек кызы Маалыматтык чөйрөнү изилдөө борборунун директору болду


Бактыгүл Иманбек кызы.
Бактыгүл Иманбек кызы.

Бактыгүл Иманбек кызы Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Маалыматтык чөйрөнү изилдөө борборунун директору болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгонун министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.

Ачык булактардагы маалыматтарга ылайык, 38 жаштагы Бактыгүл Иманбек кызы 2010-жылы Жусуп Баласагын атындагы кыргыз улуттук университетинин лингвист-котормочу адистигин аяктаган. Котормочу, мугалим болуп иштеген. Кийин президенттин администрациясында эксперт болуп эмгектенген. 2021-жылы Жогорку Кеңештин VII чакырылышына депутаттарды шайлоого “Эл үмүтү” партиясы менен талапкер болуп катышкан.

Ал Фейсбукта президент Садыр Жапаровду колдогон билдирүүлөрдү жазып келет. 2023-жылы май айында ал президент анын саясатын колдогондор менен жолугушкан жыйынга барганын билдирген.

Кыргызстанда Маалыматтык чөйрөнү изилдөө борбору быйыл август айында түзүлгөн. Мунун алдында маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу өлкөдө TikTok, Youtube жана башка социалдык түйүндөргө мониторинг жүргүзүп, коомго зыяндуу делген контентке бөгөт коюу иштери менен алектене турган борбор түзүлөрүн айткан.

Министрликтин маалыматына ылайык, сөз болуп жаткан борбор Интернетте мыйзамсыз контентти аныктоо жана бөгөт коюу боюнча иштерди алып барат, Интернет мейкиндигин жөнгө салууда ченемдик-укуктук актыларды иштеп чыгат, ЖМК чөйрөсүндөгү мыйзамдарды сактоого багытталган иш-чараларды маалыматтык жана уюштуруучулук жактан камсыз кылат.

Айрым талдоочулар бул “сөз эркиндигин чектеп, цензурага алып келет” деп сын айтышкан. TikTok социалдык түйүнү Кыргызстанда быйыл апрелде бөгөттөлгөн.

Кыргызстан Freedom House, Human Rights Watch (HRW) сыяктуу бир катар эл аралык уюмдардын жаңы баяндамасында төртүнчү жылы катары менен “эркин эмес” мамлекет деп аталды. Буга өлкөдө саясий укуктар чектелип, маалымат каражаттары кысымга туш болгону негиз кылынган.

Кыргыз бийлиги өлкөдө сөз эркиндиги бар экенин жана аны коргой турганын кайталап келет. (BTo)

XS
SM
MD
LG