Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:35

Садыр Жапаров БУУнун саммитине катышуу үчүн Нью-Йорк шаарына барат


Садыр Жапаров. БУУнун саммити. 18-сентябрь, 2023-жыл.
Садыр Жапаров. БУУнун саммити. 18-сентябрь, 2023-жыл.

Президент Садыр Жапаров 21-24-сентябрь күндөрү Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы ассамблеясынын 79-сессиясына катышуу үчүн иш сапары менен АКШнын Нью-Йорк шаарына барат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

Маалымат боюнча, мамлекет башчысы 22-сентябрда Келечек саммитинин ишине катышат жана анын алкагында “Келечек пактынын” жыйынтыктоочу документи кабыл алынат.

24-сентябрда Садыр Жапаров БУУнун Башкы ассамблеясынын жалпы дебаттарынын биринчи күнүндө сөз сүйлөйт. Мындан тышкары, БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш менен жана башка бир катар эки тараптуу жолугушуулар өткөрөт.

Садыр Жапаров 2023-жылы 18-сентябрда Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы Ассамблеясынын 78-сессиясында сөз сүйлөп, мөңгүлөрдү сактоо маселесин көтөргөн. (BTo)

XS
SM
MD
LG