Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:29

Өкмөттөгү өзгөрүү Бейшеналиев менен Зулушев жаңжалын эске салды


Алымкадыр Бейшеналиев менен Курманкул Зулушевдин жаңжалынан улам президент Садыр Жапаровдун буйругу менен комиссия түзүлгөн эле.
Алымкадыр Бейшеналиев менен Курманкул Зулушевдин жаңжалынан улам президент Садыр Жапаровдун буйругу менен комиссия түзүлгөн эле.

Алымкадыр Бейшеналиевдин саламаттык сактоо министри кызматына кайра дайындалышы ага козголгон кылмыш иштери жана башкы прокурор Курманкул Зулушев менен жаңжалы тууралуу талаш-талкууларды эске салды.

Министрлер кабинетиндеги соңку өзгөрүүлөр жалпы кадр саясаты тууралуу сын-дооматты күчөттү. Бийлик өкүлдөрү болсо реформанын алкагында кадрлардын тез-тез алмашуусу кадыресе көрүнүш экенин жүйө келтирип жатат.

Өкмөттөгү катар-катар орун алган кадрдык жүрүштөрдүн расмий себеби айтыла элек. Бул боюнча президент Садыр Жапаров жана анын администрациясы комментарий берген жок. Бир гана алты ай мурун кызматка келген Каныбек Иманалиев тууралуу жарлыкта гана ал билим берүү жана илим министри кызматынан "тапшырылган милдетин тийиштүү түрдө аткарбаганы үчүн" алынганы көрсөтүлгөн. Муну саясий чөйрөдө окуу китептеринин жетишсиздиги орун алып, нааразылык жаралган кездеги өлкө жетекчилигинин жообу катары жоруп жатышат.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Бейшенбек Абдразаков "Азаттыкка" пикирин айтып жатып, кадр саясатындагы туруктуулук маселесине токтолду. Министрлерди тез-тез алмаштыруунун кедергиси тийиши ыктымалдыгын айтты.

Бейшенбек Абдразаков.
Бейшенбек Абдразаков.

"Албетте, туруктуулук керек. Бир министр беш жыл, жок дегенде үч жыл иштесе, артында бир из калат эле. Туруктуулук болбогондон кийин, өсүп-өнүгүү дагы болбойт. Министр болобу, аким болобу, губернатор болобу, өкмөт башчы болобу, кызматында көбүрөөк иштесе, туруктуулук болмок. Премьер-министр деле келип маселени чечмек түгүл жети облустун, 40 райондун жана 400дөн ашык айыл өкмөттүн атын жаттап бүткүчө эле кайра эле кызматтан кетип калып жатпайбы. Маселени иликтеп, тактагыча эле эки-үч жыл керек. Аны чечкенге дагы эки-үч жыл керек. Ошондо толук иштеп, бир нерсени чечүү жолун тапканга убактысы болот. Кадрлардын тез-тез алмашуусу экономикага, өлкөнүн өсүп-өнүгүшүнө залакасы тиет. Эми тандалган кадрлар дагы туура иштеши керек, коррупцияга малынбай, таза болушу керек. Бул маселе дагы бар".

Мындан эки ай мурда, 20-июлдагы өкмөттүн жыйынында Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев министрлер эс албай иштеши керектигин эскерткен. Өзү таң атпай жумушка келерин, башка жетекчилер дагы ишин эрте башташы керектигин айтып, өкмөт өкүлдөрүнө көлгө барып эс алууга тыюу дагы салган.

Экс-депутат Абдразаковдун пикиринде, айрым министрлердин иштен алынганы, алардын ордуна барган кадрлар кандай тандалганы түшүнүксүз болуп калды:

"Кудайберген Базарбаев жакшы эле иштеп жаткан. Кечээ эле Москага барып мигранттар менен жолугуп, Татарстанда "КамАЗ" компаниясында 50 миңдей киши иштейт экен, ошол жакка кыргыз мигранттарын жөнөтүп иштеп жаткан. Эң негизгиси, Кыргызстандагы жакырчылыкты жоюуга багытталган "Социалдык келишим" долбоорун ийгиликтүү ишке ашырып жаткан. Аны кызматтан алып койгону туура эмес болуп калды. Анын ордуна барган адам саламаттык сактоо министри кызматында турганда деле жакшы иштеди деп айта албайм. Чечкиндүү, чоң-чоң чараларды көргөн жок. Алымкадыр Бейшеналиев министр кезинде жакшы эле иштерди жасаган. Ал "фарма барондор" менен чабышып, ооруканаларды үй-бүлөлүк бизнеске айландырып алган олигархтарга каршы күрөш баштаган. Анын кайра бул кызматке келгени жакшы болду. Зулушев менен чабышканы жеке мамилелерден улам болду окшойт. Каныбек Иманалиев болсо министрлик кызматка жаңы эле келген. Китеп жок деп иштен алып койгону туура эмес. Китеп чыгарыш үчүн убагында бюджеттен жетиштүү каражат бөлүп берилиши керек. Акчаны "Учкунга" которуп, басмакана басып чыгарышы керек. "Учкунга" болсо жабдууларды жаңы эле коюшту. Иманалиевдин орду бирөөлөргө керек болду окшойт. Эрулан Көкүлов дагы бирөөлөрдүн буйругун аткаргандай болуп калды. Мисалы, мен дагы депутат болгом. Адатта өкмөт өкүлдөрүнө телефон эле чалып коёт. Телефон чалып жолугам десе министр убакытты белгилеп, ошол маалда өзү эшикке чыгып тосуп алат. Көчөдөн Ош базарына баргандай эле сүзүп кирип барганы депутаттык этикага дагы жатпайт. Эми башкалар дагы министрлерге ушундай мамиле жасай баштайт. Бул келечекте мамлекеттик түзүлүшкө дагы кооптонуу жаратат. Ар бир эле министрди ушинтип "сүзгүлөй" берсе кандай болот?".

Ошол эле кезде саламаттык сактоо министри кызматына экинчи ирет дайындалган Алымкадыр Бейшеналиевдин маселеси кызуу талкууларга жем таштады. Садыр Жапаровдун көздөй кадры саналган Бейшеналиев министр кезинде реформа жасай турганын жар салып, бир катар талаш жараткан чечимдери жана жүрүш-турушу менен жаңжалдардын чордонунда болгон. Кызматтан алынышы да чыр менен коштолуп, баш прокурор Курманкул Зулушев менен ачык тиреши ашкере болгон эле.

Соңку өзгөрүүлөрдөн улам талдоочу Төлөгөн Келдибаев Алымкадыр Бейшеналиевге козголгон кылмыш иштерине, анын башкы прокурор Курманкул Зулушев менен болгон жаңжалына токтолду. Оор беренелер менен ачылган кылмыш иштеринин түшүнүксүз жагдайда токтотулуп калганы бийликке сынды күчөтөрүн белгиледи.

Төлөгөн Келдибаев.
Төлөгөн Келдибаев.

"Алымкадыр Бейшеналиев тууралуу айта турган болсом, ал кишиге каршы жети кылмыш иши козголгон. Баардыгы оор беренелер менен. Аны өтө оор кылмыш кылган адамды кармагандай иш бөлмөсүнөн кармап, атайын кызматтын тергөө абагына камашкан. Бул кишинин иштери сотко жетпей, сот аркылуу акталбай, кандайдыр башка жолдор менен кыскартылып кетти. Бул кыргыз бийлигинде адилеттүүлүк, мыйзамдуулук жоктугунан кабар берет. Күч органдарындагы аракеттердин баары, тергөө амалдары президенттин айланасында гана чечилип жаткандай туюлат. Саламаттык сактоо министрине айып коюп жатканда атайын аудит жүргүзүлгөн, анын корутундусу чыккан. Тергөө амалдары жүрүп, Бейшеналиевге айыптоо корутундусу угузулуп жатканда тергөөчү, прокурор баштаган бир топ адам кол койгон. Мамлекетке миллиарддаган сом зыян алып келди деген адамдын иши кыскартылып, кайра министрлик кызматка келип жатканы - бул азыркы бийликке ишенимдин төмөндөп жатканын белгиси. Эгерде ага жасалма кылмыш иши козголгон болсо, ошол козгогон, ага буйрук бергендердин баары жоопко тартылышы керек болчу. Эч ким кылмыш жоопкерчилигине тартылган жок", - деди Келдибаев.

Экинчи ирет артылган ишеним, Зулушев менен тиреш

Бейшеналиев ушул жылы июнда кармалган да, көп өтпөй үй камагына чыккан. Башкы прокуратура Бейшеналиевге жемкорлукка байланыштуу жалпысынан жети иш козголгонун билдирген. Ага чейин экс-министр башкы прокурор Курманкул Зулушев менен жаңжалдашып жатканы, чырды териштирүү үчүн атайын комиссия дагы түзүлгөнү белгилүү болгон.

Президент Садыр Жапаров буга байланыштуу комментарий берип, "экөөндө тең күнөө бар" экенин айткан. Эки жетекчинин иштен убактылуу четтетилип, бирок кайра Зулушев кызматка киришкенде Бейшеналиев үй камагына чыгарылганын "соодалашуу жүргөн" деген күмөндүү ойлорду жокко чыгарган.

Эми Садыр Жапаровдун Бейшеналиевди кайрадан кызматка дайындашы министрге ишеним артканын көрсөткүчү катары сыпатталууда. Буга кошумча көздөй кадрлардын коргоп алууга даяр экенинин ишараты катары да кабыл алынды.

Президенттин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев кадрдык өзгөрүүлөрдү реформа менен түшүндүрдү. Кадрлар иргеп-тандалып жатканын айтып, бул иштер дагы уланарын белгиледи.

Чолпонбек Абыкеев.
Чолпонбек Абыкеев.

"Азыр президентибиз Садыр Нуркожоевич жумшак реформа жүргүзүп жатат. Реформа маалында кадрларды калыптандыруу, тандоого өзгөчө маани берилет. Бизде эски көнүмүш адаттарынан чыга албаган айрым кадрлар бат-бат алмаштырылып жатат. Мен муну мыйзам ченемдүүлүк катары эле карайт элем. Калыптануу үч-төрт жылга улана турган процесс. Анткени мыкты, өсө турган кадрлар үч-төрт жылда, айрым учурда беш жылдын ичинде тандалып, калыптанат. Иргелүү иреттүү жүрүп жатат. Бизде коррупцияга каршы күрөш барган сайын күчөп жатканын коомчулук билип турат. Соңку 30 жылдан бери калыптанып калган көнүмүш адаттардан арылуу барган сайын күчөп баратат. Популизм менен эле алектенип, ишке келгенде эчтеке кылбагандардан арылуу дагы күчөп баратат. Бардык эле мамлекеттерде реформа маалында кадрлардын бат-бат алмаштыруу - мыйзам ченемдүү көрүнүш. Алдыда дагы сөзсүз өзгөрүүлөр болот. Биз мыйзамды сыйлаган, мыйзамдуулукка багыт алган, коррупциядан тазаланган, тааныш-билиштик өкүмзорлугунан арылуу сыяктуу кадамдарга барууда, кадрларды тандоодо дагы өзгөрүүлөр болот", - деди Абыкеев.

Туура бир жыл мурда президенттик администрациянын жыйынында мамлекеттик органдардын ишин баалоо ыкмасы сунушталганы маалымдалган. Анын алдында Садыр Жапаров "жалкоо кадрлардын арылуу" керектигин "азыр уктап жатчу мезгил эместигин" билдирген жана өкмөт өкүлдөрүн маал-маалы менен жер-жерлерди кыдырып, соцтармактар аркылуу коомчулукка маалымат берип турууну тапшырган.

Саясат талдоочу Марс Сариевдин пикиринде, өлкөдө кадрларга таңкыстык бар:

"Президент жакшы кадрлар келет деп пландаштырып жаткан. Акаевден бери, 30 жылдан берки кадр саясаты кандай болгонун билебиз да. Азыр жакшы кадрларды издеп, бирок таба албай жатышат. Алып келген кадрлары дароо эле коррупцияга малынып кетет же ошол схеманын ичинде отурган чиновниктер болуп чыгат. Мыкты дареметтүү кадрлар жок. Аларды дагы даярдоо жол-жобосу болгон эмес. Президенттин каалаганы менен реалдуулук эки башка. Өлкөдө кышында абал начарлашы мүмкүн. Министрлер кабинетинде дагы өзгөрүүлөр болушу мүмкүн. Чечкиндүү реформа жасагыдай стратег кадрлар даярдалган жок. Бизде кызматка көбүнчө иштеп турганча акча топтоп алайын деген максатта барышат".

Садыр Жапаров ушул жылдын башында, февраль айында кадр саясатын жакшыртууга багытталган, кадрларды өнүктүрүүнүн жана түзүүнүн стратегиясын бекитүү тууралуу жарлыкка кол койгон. 2023-2025-жылдарга белгиленген документке ылайык, мамлекеттик кызматкерлерди тандоо, даярдоо жаатында бир катар иштер аткарылышы керек болчу. Бул жарлыктын аткаруу аракеттери тууралуу азырынча маалымат бериле элек.

XS
SM
MD
LG