Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:27

Өкмөт Текебаев менен кайым айтышты


Коллаж.
Коллаж.

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен өкмөт кайым айтышты.

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен өкмөт өкүлдөрүнүн кайым айтышуусуна саясатчынын акыркы билдирүүлөрү себеп болду.

Текебаев 22-февралда партиянын Бишкекте өткөн жыйынында сүйлөп жатып, өлкөдө экономика, инвестиция тармагы туңгуюкка кептелгенин белгилеп, мунун баарына өкмөттү күнөөлөдү:

Өмүрбек Текебаев.
Өмүрбек Текебаев.

«Абал чатак. Экономиканын өсүшү басаңдады. Түз инвестиция өлкөгө келбей калды. Бул өкмөттү Рыскелди Момбековдун тили менен айтканда «бечел, шалтурук өкмөт» десек да болот. Өкмөт демилгени жоготту, демилге көчөнүн колуна өттү. Өкмөт келечекти көрө билип, алдын ала планы болушу керек. Өкмөттүн кадыр-баркы жок, жалтак болсо эл ызылдап чыкканда артка кетенчиктейт. Мындай учурда ири долбоорлор ишке ашпайт. Өкмөт жетекчи болгондун ордуна жетеленме болуп калды. Бул - коркунучтун жеткен чеги».

«Ата Мекендин» лидери өкмөт түп-тамырынан жаңыланууга муктаж экенин, алдыдагы шайлоо калыс өтсө бул ишке ашарын кошумчалаган.

Мындан эки күн өтпөй премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин басма сөз катчысы Адилет Султаналиев саясатчынын сынына жооп кайтарды.

Султаналиев өкмөт башчысы Текебаев менен жаакташып, полемикага түшүүнү каалабай турганын белгилеп, бирок саясатчынын акыркы сын-пикирлерин алдыдагы шайлоого байланыштырды.

Мухаммедкалый Абылгазиев.
Мухаммедкалый Абылгазиев.

«Айрым саясатчылардын эстутуму өтө кыска болот. Мисалы, Кызыл-Омполдогу уран кенине байланыштуу жагдайды Текебаев учурдагы өкмөттүн иши ордунан чыкпай калганы катары көрсөтүүдө. Чындыгында уранды чалгындоого лицензияны 2013-жылы өкмөт берген. Ошол өкмөттү ал кезде Текебаев алдыңкы ролду ойноп турган башкаруучу коалиция түзгөнүн унутуп калдыбы? Ал эмне үчүн ошол кезде унчуккан жок?» деп суроо салды ал.

Султаналиев саясатчынын «мыйзамга байланышкан маселеси эмдигиче чечиле элек» экенин да эске салган.

Ошондой эле өкмөт өкүлү акыркы убакта «карасанатай максат көздөгөн саясатчылар» премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин «кызматтан кетиши» боюнча маселе көтөрүүнү өнөкөт кылышканын белгилеген.

Өмүрбек Текебаев өкмөттүн акыркы жообу боюнча пикирин билдире элек. Бирок Текебаев менен өкмөттүн кайым айтышы Кыргызстанда бир канча экономикалык долбоорлор ишке ашпай, кадрлар улам-улам алмашкан учурга туш келди. Акыркы жолу Ат-Башыда жайгаштырылышы пландалган логистикалык борбордун курулушу жергиликтүү элдин нааразылыгынан улам токтотулган.

«Долбоорлордун ишке ашпай калышына өкмөттүн чабал иши себеп болду» деген пикирлер буга чейин деле айтылып жүргөн. Ушундан улам Текебаевдин билдирүүлөрүнө өкмөттүн берген жообун теригүүбү же конструктивдүү пикир алмашуубу деген маанидеги талкуу жүрүп жатат.

Жогорку Кеңештин депутаты, «Республика» партиясынын лидери Мирлан Жээнчороев оппозициянын ролу - өкмөткө сын айтып, анын ишин жакшыртууга өбөлгө түзүү деп эсептейт. Ал эми өкмөт ага териккени туура эмес.

Мирлан Жээнчороев.
Мирлан Жээнчороев.

«Бул жерде өкмөттүн чабал экенин жалаң эле саясий партиялар же саясатчылар эмес, жөнөкөй элдин арасында деле айткандар көп. Сын-пикир айтылса, ага өкмөт жумушун ыраатка салуу менен жооп кайтарышы керек. Муктаждык жаралса, жолугуп сүйлөшүү зарыл. Иш пландарын айтып, «бул сын боюнча мындай иш жасадык же жасалбай жатса, башка жол менен оңдойбуз» деген тариздеги жооп болуш керек эле. Анан «өзүң күнөөлүүсүң, өзүңдү билип алчы» дегендей эмоционалдуу жоопту туура көргөн жокмун», - деди ал.

Ал эми президентке караштуу Башкаруу академиясынын ректору, саясат таануучу Алмазбек Акматалиев учурда саясатчылардын бардык билдирүүлөрү алдыдагы шайлоого байланыштуу деген пикирде.

Алмазбек Акматалиев.
Алмазбек Акматалиев.

«Текебаев - классикалык маанидеги саясатчы, - деп түшүндүрдү ал. - Анын максаты - артты карап эмес, алдыда шайлоого катышып утуп келүү. «Сиздин деле жоопкерчилигиңиз бар» дегендерди ал угуп коюшу мүмкүн, бирок ага көңүл бурбайт. Ал эми саясатчылар шайлоонун алдында бийликке сын айтуу менен шайлоочуларынын добушун алууга аракет кылышат. Өкмөттүн жооп кайтарышы мени саясат таануучу катары кубантып жатат. Анткени абдан көп сын айтылып жаткан кезде өкмөт бир саясий оюнчу катары өз позициясын айтып, кылган ишин негиздеп турганы абдан жакшы».

Мухаммедкалый Абылгазиев жетектеген өкмөт 2018-жылдын апрель айынан бери иштеп келет. Андан бери дээрлик көпчүлүк министрлер алмашып, премьер-министр ошол кезде сунуш кылган команда мүчөлөрүнүн басымдуу бөлүгү иштен кетти.

Ушундан улам өкмөттөгү кадрларды алмаштырууну эмес, премьер-министрдин жоопкерчилигин кароо боюнча сунуштар буга чейин да айтылып жүргөн.

Кыргызстандын Баш мыйзамы боюнча өкмөт башчы абдан кеңири ыйгарым укуктарга ээ. Парламенттик башкаруу системасына багыт алганын жарыялаган өлкөдө премьер-министр бардык экономикалык, өндүрүштүк саясатты аныктап, ага жооптуу болушу керек. 2017-жылы өзгөртүлгөн Баш мыйзамга ылайык, өкмөт башчынын укуктары мурдагыдан да кеңейтилген болчу.

Бирок акыркы бир нече премьер-министр парламентке кирген партия мүчөлөрүнөн эмес, сырттан дайындалып келет. Айрым эксперттер премьер-министрдин өз алдынча саясат жүргүзө албай, чечкинсиз болуп жатканын ушундан көрүшөт.

Мухаммедкалый Абылгазиев да президент Сооронбай Жээнбековдун аппарат башчысы болуп турган жерден өкмөттүн башына келген.

Бирок «учурда парламентте активдүү оппозициячыл күчтөр жок экенин, президент жана депутаттар Абылгазиевге колдоо көрсөтүп жатканын эске алып, өкмөт жакшы жыйынтык көрсөтүшү керек болчу» деген да пикирлер бар.

Премьер-министрдин басма сөз катчысы белгилегендей эле, учурда Өмүрбек Текебаевге козголгон кылмыш иши боюнча маселеге чекит коюла элек.

Саясатчыга козголгон коррупция боюнча кылмыш иши былтыр райондук сотто карала баштаган бойдон уланып жатат. Иштин создугушун Текебаевдин тарапкерлери саясий максаттар менен байланыштырышат.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG