Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:38

АКШ бийлиги: Былтыркы декабрда аныкталган киберчабуулдардын артында Орусия турган сыяктанат


Маалымат кампасына байланган кабелдер. Жалпы сүрөт.
Маалымат кампасына байланган кабелдер. Жалпы сүрөт.

5-январда АКШнын улуттук чалгын мекемелеринин жетекчилиги 2020-жылдын декабрында айкын болгон АКШнын бир катар мекемелерине каршы киберчабуулдун артында Орусия турган шекилдүү деген мааниде билдирүү жарыялады.

Бул киберчабуулдун айынан Американын он чакты федералдык мекемеси менен агенттигинин ички электрондук почтоо байланышынын маалымат кампасы зыян тарткан.

АКШнын Улуттук чалгын директору, Федералдык тергөө бюросу, Улуттук коопсуздук агенттиги жана Компүтердик жана инфратүзүм коопсуздугу агенттиги биргелешип жарыялаган бул билдирүүгө караганда, хакерлер иши кылып компүтерлерди бузуу үчүн эмес, «чалгын маалыматтарын жыйноо» максатында киберчабуул коюшкан сыяктанат.

Чалгын жаатындагы мекемелердин «Күн бороондору» («SolarWinds») аттуу программалык тиркемеге жасалган бул чабуулга Орусиянын тиешеси болушу ыктымал деген жоромолуна карата 5-январда республикачы сенатор Марк Уорнер «Америка доошуна» мындайча пикирин билдирди:

«Ушунчалык олуттуу кийлигишүүнүн болжолдуу автору ким экендигин акыры аныкташ үчүн... администрацияга үч аптадан көбүрөөк убакыт талап кылынгандыгы абдан өкүнүчтүү... Биз ойрондоткуч иш-аракетти жүргүзүш үчүн бузулган компүтерлик тармактарды ар кандай мыйзамсыз нуктарда колдонуу... эч кабыл алынгыс жорук экендигин жана мындай жорук тиешелүү жана чечкиндүү түрдө жоопту жарата тургандыгын Орусияга аңдатууга жетишибиз керек».

АКШнын Финанс министрлиги (US Department of the Treasury) да 2020-жылы киберчабуулга кабылгандыгы ошол жылы 13-декабрда маалымдалды.
АКШнын Финанс министрлиги (US Department of the Treasury) да 2020-жылы киберчабуулга кабылгандыгы ошол жылы 13-декабрда маалымдалды.

Марк Уорнер - Сенаттын чалгын жаатындагы атайын комитетинин төрагасынын орун басары жана Сенаттын киберкоопсуздук жаатындагы тобунун теңтөрагасы.

Азырынча тергөө маалыматы белгисиз хакер орус тектүү болушу мүмкүн деген гана жоромолду сунуш кылууда. Чалгын мекемелеринин биргелешкен билдирүүсүндө хакер тек гана чалгын маалыматын топтоого далалаттанганы айтылат. Киберчабуул алгач 2020-жылдын март айында башталган.

Хакерлер «Күн бороондору» («SolarWinds») аттуу программалык тиркемеге зыяндуу код киргизүүгө үлгүрүшкөн жана анын жардамы менен өкмөттүк мекемелердин гана эмес, миңдеген ишкер чөйрөлөрүнүн маалыматын көчүрүүгө аракет кылышкан.

2020-жылы декабрда «Файе-Ай» («FireEye») аттуу киберкоопсуздукту камсыз кылган компания өзү киберчабуулга кабылганын аныктаган соң хакердик чабуулдардын жалпы мүнөзү жана багыты билинген болчу.

Бул чабуулдардан мамлекеттик жана жеке менчик тармактардын 18 миңдей кардары өз маалыматынын купуялыгын жоготуу коркунучуна кириптер болгон.

Ал эми бул кемтик табылгандан кийинки анча-мынча киберчабуулга онго жетпеген гана өкмөттүк агенттик дуушар болгону жогорудагы чалгын мекемелеринин орток билдирүүсүндө айтылат.

2020-жылы 21-декабрда Орусиянын президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков бул киберчабуулдарга Орусиянын тиешеси бар экендиги тууралуу алгачкы маалыматтарды төгүнгө чыгарган жана аларды «Орусиядан коркуу» («русофобия») көрүнүшүнүн туундусу деп баалаган. (TT)

XS
SM
MD
LG