Журналистика боюнча кесиптик көндүмдөрдү өнүктүрүү жана этикалык нормаларды бекемдөө деген медиа сабактарды Орусияда түптөлгөн Евразия фондунун Кыргызстандагы филиалы уюштурду. Үч күндүк тренингге Бишкектеги төрт университеттен 600дөй студент тартылды.
Окутуу Кусеин Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинде жана Евразиялык орус тили жана маданият борборунда өттү. Иш-чарага орусиялык журналисттер менен катар Кыргызстандагы медиа эксперттер, блогерлер дагы чакырылган.
"Фейк жаңылыктарды кантип ажыратуу керек. Анан фактчекинг тууралуу кандай иштөө керек. Ушул тууралуу өзүмдүн көз карашым менен тажрыйбамды бөлүштүм. Жалпылап айтканда бул медиа сабаттуулук боюнча курс үч күн жүрдү", - дейт медиа эксперт Кубан Абдымен.
Абдымен аталган фонд бул иш-чараны улантарын ырастады:
"Мындан дагы кененирээк, көбүрөөк студенттерди, мындан дагы тажрыйбалуу башка адистерди чакырып, баарлашуусун кеңейтебиз деген дагы максаттарын айтышты".
Студенттерге журналистиканын сырын үйрөтүүгө Орусиядан чакырылган негизги коноктордун бири тележурналист Евгений Попов болду. Ал Мамлекеттик Думанын «Бирдиктүү Орусия» партиясынын депутаты.
Попов студенттерге учурдагы медиа рыноктун тенденциялары, санариптик трансформация жана кесиптик этика тууралуу сабак өткөн.
Жергиликтүү медиа эксперттер мындай окууларга тартылган студенттер пайдалуу маалымат менен пропаганданы канчалык айырмалай алат деп суроо салып жатышат.
Медиа эксперт Тамара Валиева мындай окутуулардын артында "жылма пропаганда жокпу" деген суроону берет:
"Евгений Попов боюнча мен бир аз тынчсызданып жатам. Ал белгилүү, мыкты журналист дечи, бирок соңку жылдары пропагандист катары дагы таанылды. Ошондуктан мен мындай окутуу тренингдери акырындап отуруп Евразия фондунун артында турган бир мамлекеттин идеяларынын пропагандасына айланып кетпейби деп чочулайм. Темалары жакшы, окутуучулары мыкты, башкысы, алар бул жерге саясатты жана пропаганданы аралаштырбашы керек. Студенттер акылы менен болушу зарыл. Жаңы билим жакшы, бирок силер кайсы бир багыттагы башка максатты байкап калсаңар, анда дароо мындай иш-чарадан чыгып кетишиңер керек".
Евразия фонду Орусияда автономдук бейөкмөт уюм катары 2024-жылы негизделген. Сайтында ал "салттуу баалуулуктарды колдогон" долбоорлорду ишке ашырары, анын ичинде маданият, билим берүү, медицина, жаштарды окутуу, медиа тармактары камтылары жазылган.
Журналисттерге жана блогерлерге грант берүү менен да алектенген фонддун сайтындагы маалыматка ылайык, бул уюмдун Камкорчулар кеңешинде Мамлекеттик Думанын төрагасы Вячеслав Володин, RT телеканалынын жана “Орусия Бүгүн” медиатобунун башкы редактору Маргарита Симоньян, ишкер Илан Шор жана башкалар бар.
Быйыл июнда өткөн Петербург эл аралык экономикалык форумунда алып баруучу болгон Маргарита Симоньян Евразия фондун Илан Шор негиздегенин айткан.
Медиа эксперт Гладис Темирчиева орус өкмөтү каржылаган долбоорлор активдеше баштаганына көңүл бурууда:
"Биз кыргыз-орус фонду абдан активдүү иштеп жатканын көрүүдөбүз. Мисалы, "Номад ТВ" деген маалымат каражаты ачылып жатат. Албетте, эгер жаңы маалымат каражаттары мыйзам чегинде иштесе, маселе жок. Алар бул тармакты колго алып жатып Батыш уюмдарынын дагы тыжрыйбасын эске алып жаткандыр. Балким алар дагы келгиле, ушул багытта биз дагы иштеп, үйрөтөлү деп жатышат. Ал маалымат каражаттарынын өкүлдөрү деле бизге келип, бир нерселерди окутуп жатканын көрүп жатам. Эми чындап киришели деген го, анткени бул үчүн каражат бөлүнүп жатат да".
Үч күндүк тренингде журналисттик кесипке окуп жаткандарга санарип контент түзүү боюнча мастер-класстар өтүлгөнү айтылат. Иш-чаранын соңунда блогерлер Аскат Осмонов, Эрик Абдыкалыков жана Георгий Лобушкин жеке бренддерин өнүктүрүү жана аудитория менен байланыш түзүү боюнча тажрыйбасы менен бөлүшкөнү маалым.
Орусия 2022-жылдын февралында коңшусу Украинага каршы толук масштабдуу согуш ачкандан бери анын шаар-кыштактарын, эң зарыл инфраструктурасын куралдын ар кандай түрлөрүнөн күн сайын тынымсыз аткылап келе жатат. Москванын согушун, мындай агрессивдүү, жек көрүүчүлүк саясатын жайылтууга чоң салымын кошкон, аны колдогон деген негизде бир топ орусиялык пропагандачы журналист Батыштын чектөөлөрүнө кабылган.
Кремлдин сынчысы, маркум оппозиционер саясатчы Алексей Навальныйдын уюму 2022-жылы согушка үндөгөн, жек көрүүчүлүк маанай жайылткан орусиялыктардын тизмесин түзгөндө анын арасындагы 600дөй киши жалпыга маалымдоо каражаттарынын кызматкери экени айтылган.
Кыргызстандагы көз карандысыз “ПолитКлиника” басылмасы 2023-жылы социалдык түйүндөрдөгү ондогон баракчалар Орусиянын пропагандасын жүргүзүп жатканын аныктаган иликтөө жарыялаган. Медианын дата-журналисттери Фейсбуктагы “Салам, Кыргызстан”, “Тентек кыз”, “Две точки зрения” баракчаларынын жана Телеграмдагы “Полит Ломбард” каналынын контентине анализ жүргүзүп, алар Орусиянын Кыргызстандагы жана жалпы эле Борбор Азиядагы таасирин күчөтүүгө багытталганын такташкан.
Мындан сырткары “МедиаХаб” медиасынын журналисттери интернет жана социалдык тармактардагы орус пропагандасынын таасири жөнүндө иликтөөсүндө мындай көрүнүш Кыргызстанга эле эмес, Борбор Азия өлкөлөрүнө мүнөздүү экенин аныктаган. Алар жогорудагыдай баракча-каналдар Орусиянын пропагандасына шайкеш постторду жарыялап, Батышты сындай турганын көрүшкөн. Фейк баракчалар ошондой эле Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн ички саясатына кийлигишип, мамлекеттик тилдерди өнүктүрүүгө каршы чыгып, жергиликтүү саясатчыларды каралоо кампаниясын жүргүзөрү да белгилүү болгон.
Бишкекте жаңыдан ачылып жаткан “Номад ТВ” аттуу телеканалга Орусияга таандык медиада иштеп кеткен бир катар кызматкер өтүп, башка маалымат каражаттарынан да журналисттер тартылууда. Бул жагдайды айрымдар Орусиянын Кыргызстандын маалымат мейкиндигиндеги өз катышуусун диверсификациялоо аракети катары баалап жатышат. "Номад ТВ" Кыргызстанда иш баштаган Орусиянын башка долбоорлору менен туташ пайда болду. Тагыраагы, жергиликтүү байкоочулар телеканал менен өлкөдө ишмердик жүргүзүп жаткан Евразия уюмунун кыйыр байланышына көңүл бурууда.
28-августта Бишкектин жогору жагында бул уюм салган “Евразия” деп аталган парк ачылып, ага президент Садыр Жапаров да катышты. Президенттин маалымат кызматы кабарлагандай, парк 10 гектарга жакын аянтты ээлейт жана 30га жакын аттракцион, спорттук аянтчалар, фудкорт жана соода түйүндөрү бар.
Евразия уюму Кыргызстанда соңку 1-2 жылда активдешип, билим берүү тармагына да толук аралаша баштады.
3-июлда уюм Кыргызстан менен Орусиянын ортосунда бирдиктүү билим берүү мейкиндигин түзүү боюнча жумуш тобунун курамын аныктап, ага орус-молдован олигархы катары белгилүү 38 жаштагы Илан Шор да кирген. Шордун ысымы банк иштериндеги акча адалдоо жана коррупциялык иштерде айтылып жүрөт. 2014-жылы Молдованын үч банкынан жоголгон 1 миллиард долларды уурдоо схемасынын катышуучусу катары белгилүү. Бул иш боюнча Илан Шор Молдовада 15 жылга соттолуп, кийин орус жарандыгын алган.
Евразия уюму Кыргызстанга 2024-2026-жылдары 1 млрд рубль инвестиция салуу планын жарыялап, Кыргызстан менен Орусиянын ортосунда бирдиктүү билим берүү мейкиндигин түзүүгө жооптуу болгон.
Уюм Кыргызстандын мектептерине жүздөй автобус алып берген. Бишкекте курулуп жаткан “Азаттык арена” стадионунун жанына Евразия парк салып, ишке берди. Фонд ошондой эле Кыргызстанда социалдык дүкөндөрдү ачкан.
Илан Шор, Интернеттеги ачык булактарга караганда, алдамчылык үчүн эл аралык издөөгө алынган, АКШ, Канада жана Евробиримдик аны санкциялык тизмеге киргизген. АКШнын санкциясына RT телеканалынын башкы редактору Маргарита Симоньян да илинген.
Шерине