Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:28

Мигранттарды дүрбөткөн каттоонун жол-жобосу


Орусиядагы мигранттар. Иллюстрациялык сүрөт.
Орусиядагы мигранттар. Иллюстрациялык сүрөт.

Евразия экономикалык комиссиясы Орусияда миграциялык каттоосу бүткөн кыргызстандыктар 3-сентябрга чейин кайра узартып, же өлкөдөн чыгышы керектигин эскертти. Буга байланыштуу мигранттар паспортуна "кирди-чыкты" белгисин койдуруу үчүн дүрбөлөң түшүүдө. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги болсо кооптонууга негиз жок экенин билдирди.

Он жылдан бери Орусияда эмгектенген 36 жаштагы кыргызстандык мигрант Назира Самүдүнова өткөн аптада “кирди-чыкты” белгисин койдуруу үчүн Бишкекке келген. Анын Москвадагы убактылуу каттоо мөөнөтү ушул айдын аягында бүтмөк.

“Мени менен чогуу иним, жана кудабыз келди. Алардын да убактылуу каттоосунун мөөнөтү бүтүптүр. Алар Бишкекте эки-үч күн туруп эле кайра кетмей болуп жатышат. Мен бир-эки апта болуп, анан кайра кетем. “Кирди-чыкты” белгисин паспортуна койдуруш үчүн биз иштеген фирмадагылардын дээрлик бардыгы келишти. Москвада иштеген эжем менен жездем дагы кийинки аптада Кыргызстанга келмей болду”.

Евразия экономикалык кеңешинин Фейсбуктагы расмий баракчасына Орусияда иштеп жүргөн чет өлкөлүк мигранттарга коронавирус пандемиясы учурунда берилген жеңилдиктин мөөнөтү бүткөнү жазылган. Ага ылайык, ушул жылдын 3-сентябрына чейин миграциялык каттоосун узартууга убакыт берилген. Мындай мүмкүнчүлүгү жоктордун Орусиянын аймагынан чыгып кетиши эскертилген.

Кыргызстандын Евразия экономикалык комиссиясындагы (ЕАЭК) өкүлдөрүнүн бири, комиссиянын Эмгек миграциясы жана социалдык коргоо департаментинин директору Алтынай Өмүрбекова кырдаалды мындайча түшүндүрдү:

Алтынай Өмүрбекова
Алтынай Өмүрбекова

"Эч кандай жаңы талаптар киргизилген жок. Коронавирус пандемиясынын учурунда Орусияда каттоосу жок жүргөндөргө же мөөнөтү бүтүп калган мигранттарга жеңилдиктер берилген. Ошол кездеги чектөөлөргө байланыштуу Орусиядан чыга албай калган мигранттар миграциялык каттоосун узартпай эле койсо болот деген маанидеги жарлык чыккан. 2021-жылы Орусия президентинин дагы бир жарлыгы чыгып, бул жеңилдиктер бара-бара алынары айтылган. Быйыл 6-июнда Армения менен Кыргызстандын Орусияга жол каттамы толугу менен ишке кирсин деген орус өкмөтүнүн токтому чыгып жатат. Муну менен чектөөлөр чечилүүдө. Ошондуктан мигранттар 90 күндүн ичинде каттоодон өтүшү керек болот. Эгер алардын колунда эмгек келишими жок болсо, Орусиянын аймагында калышына негиз жок. Бул Орусиянын миграциялык мыйзамдарындагы норма".

Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча 2020-жылы коронавирус пандемиясын учурунда кыргызстандыктар убактылуу каттоосун узарта албай калган. Бирок ошол кезде мигранттарга бир катар жеңилдиктер берилген. Кийин чектөөлөр алынгандан кийин орус бийлиги 90 күндүн ичинде мигранттарды документтерин иретеп алууга чакырган.

Элчилик мигранттардын мүмкүнчүлүгү болсо, Орусиянын аймагынан чыкпай эле мыйзамдуу жолдор менен документтерин иреттесе болорун айтууда. Элчилик аларды миграциялык каттоого турууга, жумуш берүүчү менен расмий эмгек келишимин түзүүгө үндөп жатат.

“Документи жайында болгон мигранттарга бул билдирүүнүн тиешеси жок. Ал жакта иштеп жүргөндөрдү эмгек келишимин жана миграциялык каттоосун мыйзамдаштырууга чакырабыз”, - дейт тышкы иштер министрлигинин өкүлү Алмаз Букалаев.

Мигранттар каттоого туруу тартибин жеңилдетүү үчүн орус бийлиги менен сүйлөшүүнү өтүнүп, элчилик менен Тышкы иштер министрлигине кайрылып жатышат. Ушул күндөрү мигранттар Орусия менен Казакстандын чек араcында топтолуп, тыгын пайда болгон видео тасмалар социалдык тармактарга тараган.

Кыргыз бийлиги дүрбөлөңгө түшүүнүн кереги жоктугун айтып, "кирди-чыкты" эрежеси жашаган жеринен башка жакка жасалма каттоого тургандар үчүн деп билдирүүдө.

Элчилик ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин жарандары үчүн миграциялык каттоого туруу мурдагыдай эле экенин айтууда. Эмгек келишиминин негизинде бир жылга чейинки мөөнөт менен жашаган жери боюнча Орусиянын аймагына кирген күндөн тартып, 30 күндүн ичинде ишке ашырылат.

“Эгер Кыргызстандын жарандарынын Орусияда жүрүүгө мыйзамдуу негиздери болсо, 2022-жылдын 3-сентябрына чейин жана андан кийин чыгуу-кирүү жол-жобосун жүргүзүүнүн зарылдыгы жок”, - деди элчиликтин маалымат катчысы Назгүл Жусубакунова.

Деген менен Орусиянын федералдык миграция кызматы 2018-жылы кабыл алынган миграциялык каттоого туруу тартибин катаалдаштырган мыйзамды аткаруу үчүн көзөмөлдү күчөткөнү белгиленди. Анткени Кыргызстан 2015-жылы ЕАЭБ уюмуна киргендеги жеңилдик режими соңуна чыгып, эмгек мигранттарына жашаган жери боюнча каттоого туруу талабы эскертилген.

Орусияда көп жылдан бери эмгек мигранты болуп жүргөн Жазира Тынымсеитова маалымат элге жакшы жетпей жатканын айтты.

“Элчиликтин иштегенин көрө элекмин. Алар туура маалымат беришпейт. Биз бири-бирибизден маалымат угуп алып эле дүрбөп жатып калабыз. Анын чын-төөгүнүн билүү кыйын”.

21-августта Ульяновскидеги жол кырсыгында 16 адам каза болгон, алардын 14ү кыргыз жараны экени такталган. Дагы үч адам ооруканада. 23-августта Кыргызстанда аза күтүү жарыяланды. Бул окуя кыргызстандык мигранттарга байланышкан оор көйгөйлөрдү козгоду.

Орусияда Кыргызстандын бир миллионго жакын жараны эмгектенип жүрөт. Алар жыл сайын өлкөгө 2 миллиард доллардан ашык каражат которушат. Бул өлкө бюджетинин үчтөн бирин түзүп, экономиканы туруктуу кармоого салымын кошуп жатканын адистер айтышат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG