Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:21

"Искандер" Кыргызстанда эмнеге сыналды?


“Искандер-М” ракетасы.
“Искандер-М” ракетасы.

Ысык-Көлдө өтүп жаткан террорчулукка каршы эл аралык машыгууда “Искандер-М” ракетасы сыналды. Машыгуу учурунда Орусиянын аскердик учактары аткылоо жасап, жети өлкөдөн келген эки миңдей аскер кызматкери даярдыктан өттү. Уюштуруучу топ машыгуу ооган тараптан келчү коркунучтардын алдын алууга багытталганын белгилешти. Бирок анда ири аскердик ракетанын сыналышы түрдүүчө бааланууда.

Орусиядан алынып келинген “Искандер-М” ыкчам-тактикалык комплекси КМШ өлкөлөрүнүн “Ысык-Көл-Антитеррор-2018” машыгууларынын экинчи күнүндө, 26-сентябрда керектелди. Тагыраагы анын атылышы Балыкчы шаарындагы “Эдельвейс” полигонундагы инсценировкада көрсөтүлдү.

Сценарий боюнча, эл аралык ири террордук уюмдар өзүнө калканч борбор ачуу үчүн Кыргызстанга куралдуу ири тобун түшүрдү.

Кыргызстан менен Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн биргелешкен тобу аларга чабуул жасап, жок кылуу операциясын жүргүздү.

"Согушкерлердин" шарттуу лагерлерине алгач “Искандер-М” ракетасы атылып, артынан Орусиянын Аба күчтөрүнүн учактары аткылашты. Ага удаа кыргыз-орус тик учактары, артиллериясы тоодо жүрөт делген “жоочуларды” жок кылды.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) маалымат катчысы Рахат Сулайманов машыгуунун жыйынтыгы тууралуу буларды билдирди:

- Эки күнгө созулган бул машыгууларга жалпы жонунан эки миңге жакын аскер кызматкерлери, 400дөй техника катышты. Алардын арасында авиациялык техникалардын түрү көп. Ошондой эле Кыргызстанда биринчи жолу орусиялык ыкчам-тактикалык “Искандер-М” комплекси колдонулду. Ракета алдын ала ойлонулган план боюнча машыгуу учурунда, чек араны мыйзамсыз бузуп кирген террордук түзүмдөргө каршы атылды. Натыйжада машыгуу ийгиликтүү жыйынтыкталды, - деди ал.

Машыгууларда негизги аракеттерди Орусия менен Кыргызстандын аскерлери көрсөттү. Иш-чарада алардан сырткары Армения, Беларус, Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстандын күч кызматтарынын өкүлдөрү катышты. Бул өлкөнүн антитеррористтик бөлүмүнүн башчылары машыгуулардын биринчи күнү Чолпон-Атада террорчулукка каршы күрөштү талкуулаган жыйын курушту.

Тамчыдагы машыгуу. 25-сентябрь, 2018-жыл.
Тамчыдагы машыгуу. 25-сентябрь, 2018-жыл.

25-сентябрда ошондой эле Тамчыда, “Ысык-Көл” эл аралык аэропортунда да машыгуулар өттү. Анын жүрүшүндө барымтага алынган учакты кондурууга мажбурлоо, тероррчулардын иш-аракеттерине бөгөт коюу жана барымтага алынгандарды бошотуу боюнча операциясы аткарылды. Аны УКМКнын, куралдуу күчтөрдүн башкы штабы, ИИМдин атайын бөлүмдөрү менен биргелешип көрсөтүштү.

КМШ өлкөлөрүнүн антитеррористтик борборунун жетекчиси Андрей Новиков машыгуунун максатын журналисттерге мындайча түшүндүрдү:

- Бул машыгууларды өткөрүүнүн башкы себеби Ооганстандан чыккан коркунучтардын күчөп жатышы экенин белгилейбиз. Ооганстандын аймагында “Хорасан” деп аталган халифатты жандандыруу аракеттери жүрүп жатканы жана ал максатты көздөгөндөр Борбор Азияга кирүүгө аракет кылып жатышат. Ал топтор бул аймакта кырдаалды дестабилдештирүү коркунучу байкалууда. Биз аларга каршы турууга дайыма даяр болушубуз керек.

Ал ортодо соңку машыгууда ракеталык коргонуу пункттарын (ПРО), абадан жасалган чабуулга каршы туруу түйүндөрүн (ПВО) жок кылуу жана ири объектилерди талкалоо үчүн чыгарылган Орусиянын ракетасынын колдонулушу түрдүү пикирлерге жем таштады.

“Искандер-М” ракетасын Балыкчыга жеткирүү. Орусиянын Коргоо министрлигинин расмий видеосу.

УКМКнын төрагасынын мурдагы биринчи орун басары Марат Иманкулов масштабдуу машыгуу өткөрүүнү колдоого алып, ракетаны сынап көрүү деле нормалдуу көрүнүш экенин айтууда:

- Жакынкы Чыгыштагы согуштук аракеттерден улам террорчулар орун которуштуруп жатканы чын. АКШ баштаган коалициялык күчтөр аларды Ирактан жана Сириядан кууп чыккандан кийин, алар Ооганстанга толуп алышкан. Ал жакта база түзүп, эми Борбор Азияны акмалап, бастырып кирүүгө аракет жасап жатышат. Ошого туруштук берүү үчүн КМШ мамлекеттеринин күч кызматтарынын машыгуусу абдан керек. Кызматкерлер физикалык жактан, жетекчиликтер координациялоо боюнча даярдыктарды көрүп турганы оң. Алар имараттарга, транспортторго, аэропортторго же тоо-таштарда жасалчу чабуулдардын каршы турууга үйрөнө бериши керек. Коргонуу маселесине келгенде куралдын бардык түрүн колдонууга машыга берүү ашыктык кылбайт. Ошол эле ракета менен террорчулардын штабына же колонна болуп келаткан жерлерине сокку урса болот. Бирок эгер жакын жерге колдонсоң өзүң да кошо талкаланып каласың. “Искандер-М” ракетасы практикалык түрдө террорчулукка каршы колдонулабы жокпу ал башка маселе, бирок машыгуудан өтүп коё бериш керек.

Бирок ошол эле кезде ири ракетаны террорчулукка каршы колдонуу максатын таң калуу менен кабылдагандар да болду. Адистер биринчи кезекте ошол эле “Эдельвейс” полигонунда “Искандерди” атууга шарт жоктугун айтып, бул курал ири согуштук аракеттерде эле колдонуларын айтышууда.

Ракетаны Орусияда сыноо учуру
Ракетаны Орусияда сыноо учуру

Кыргызстандын мурдагы коргоо министри Абибилла Кудайбердиевдин бул боюнча ойлорун угуп көрөлү:

- “Искандер-М” ыкчам-тактикалык комплекси адатта 500 чакырымга чейин атылат. Ошол себептүү аны локалдык кагылыштарда колдонуштун пайдасы аз, анын ыкмасы деле жок. Террорчулар эми ашып кетсе 50-100 адам болуп, болбосо чачыранды болуп эле жүрүшөт, анан аларга каршы колдонууга ыңгайсыз. Өзгөчө Борбор Азиянын шартында, биздин аймактарда кереги деле жок. Мына мисалы бул ракетаны Сирияда колдонду. Бирок аларда жоочулардын күчтүү башкаруу пункттары, химиялык куралдарды чыгара турган объектилери жана учактарды атып түшүрүүчү ракеталары болгон, ошолорго каршы атылган. Ага деле берки зениттик ракеталарды колдонсо болот. Бизде эми, билбейм эмне максатта сынап жатышат. Балким тоолуу райондордо колдонуу ыкмасын текшерип көргүлөрү келгендир. Анан бул ракета өтө кымбат турат. Ушунча алыстыктан алып келип, атып көрүү канчалык зарыл эле мага анча түшүнүксүз болду.

Негизи Кыргызстандын Ысык-Көл аймагында уюштурулган аскердик машыгууга Орусиянын “Искандер-М” ракеталык комплексин алып келгенин орус маалымат каражаттары буга чейин эле жазып чыккан. Бирок Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча комитети жана Башкы штабы аны акыркы күнгө чейин ырастабай да, төгүндөбөй да келди.

Ага карабай эксперттер “Искандерди” Кыргызстанда колдонуунун артында көмүскө максаттар да турушу мүмкүндүгүн айтып келишти. Буга чейин “Азаттык” радиосунун суроорлоруна жооп берген орусиялык аскерий жана саясий талдоочу Юрий Фёдеров муну ири өлкөлөргө сес көрсөтүү менен байланыштырган:

- Аскерий көз караштан караганда бул маңызы жок иш да. Өтө кубаттуу жана олуттуу курал болгон "Искандерди" тоо арасында же талаада жашырынып, желип-жортуп жүргөн террорчу, козголоңчулардын тобуна каршы колдонуу аскерий өңүттөн алганда маанисиз чечим. Себеби, аз сандагы топ менен улам жер которуп жүргөн террорчуларга "Искандер" ракеталарын так багыттоо абдан татаал иш. Ооба, ракета террорчулардын тобуна тийсе, аларды жапырт жок кылат деңизчи. Бирок мунун куну кымбатка түшөт. Анткени булар абдан кымбат ракета, Орусиянын өзүндө да анчалык көп эмес санда, жылына 15-20, балким 30 даана эле чыгарылат. Менин болжолумда Кыргызстандын аймагында "Искандер-М" ракеталык системасынын пайда болушу кайсыл бир террорчулардын же фундаменталисттердин ыктымал тобуна эмес, Кытайга каршы багытталган белгидей.

Орусия "Искандер-М" тактикалык, баллистикалык ракета системасын өлкөдөн тыш жакта биринчи ирет былтыр колдонгон. Анда Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында өткөн "Антитеррор - 2017" машыгуусунда атылган.

КМШга мүчө мамлекеттердин компоненттүү органдарынын биргелешкен терроризмге каршы машыгуулары Кыргызстанда үчүнчү жолу өтүп жатат. Буга чейин 2001-жылы Ош шаарында, 2013-жылы Бишкек шаарында өткөн.

“Ысык-Көл-Антитеррор-2018” аскердик машыгуусу.

“Ысык-Көл-Антитеррор-2018” машыгуусу өтүп жатат
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:40 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG