Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:02

Талкууга түшкөн Гүлен-Чубак ажы жолугушуусу


Фетхуллах Гүлен менен Чубак Жалилов, АКШ.
Фетхуллах Гүлен менен Чубак Жалилов, АКШ.

Экс-муфтий Чубак Жалиловдун АКШда бозгунда жүргөн дин аалымы Фетхуллах Гүлен менен жолугушканы коомчулукта түрдүү пикирлерге жем таштады. Айрымдар Түркия бийлиги террорчу деп жарыялаган диниятчы менен кезигүү боордош өлкөнүн ымаласына терс маанай жаратат дешсе, айрымдары муну катардагы көрүнүш катары сыпаттоодо.

Эки диний ишмердин чогуу түшкөн сүрөтү интернетке жарыялангандан кийин гана алардын жолугушканы белгилүү болду.

Кыргызстандын мусулмандар дин башкармалыгынын мурдагы муфтийи Чубак Жалилов Фетхуллах Гүлен менен АКШдагы он күндүк сапарынын алкагында кезиккенин өзү да ырастады:

- Атактуу түрк аалымы Фетхуллах Гүлен Америкада жашай турганын баарыбыз билебиз. Мен АКШга сапар алган учурда ал киши менен да жолугууну ниет кылгам. Сурансам, ооруп жатканын айтып, кийинки күнү жолугушууга макул болду. Барып сабактарына катышып, өзү менен баарлашып, үй-бүлөм үчүн, Кыргызстан үчүн бата алып келдим. Биринчиден, Түркия мамлекети Гүленди террорчу деп жарыялаганын билем, бирок аны бир да мамлекет туура деген жок. Мисалы, АКШ өзү деле аны террорчу деп таанып, түрк өлкөсүнө өткөрүп берген жок. Анын үстүнө жеке бир адамдын, жеке бир мамлекеттин жактырбоосунун айынан эле бир адамды террорчу деп чыгарып койгонго болбойт. Экинчиден, Гүленге карата биздин Кыргызстандын көз карашы түз, анын лицейлери, башка мекемелери иштеп жатат.

Чубак Жалилов сапарынын алкагында Чикаго, Вашингтон, Нью-Йорк шаарларындагы жана Огайо штатындагы кыргызстандыктар менен жолугуп, таалим сабактарын уюштуруп келген. Ал жолугушууларга катышкан кыргызстандык ишкер Жуман Кеңеш буларга токтолду:

- Фетхуллах Гүлен негизи абдан убактысы тар киши. Аны менен жолугууну көздөгөн миңдеген кишилер бир ай мурда кезекке турушат. Ошол жерде атайын бөлмөсүндө тар чөйрөдө сабактарды өтөт. Ал сабактары ар дайым болуп турат. Анан Чубак ажы менен Гүлен өтө көп деле отурушкан жок, бир сыйра сүйлөштү, ал кишинин сабактарын укту. Сүрөткө түштү, жолугушту. Чубак ажы кайра ошо менен Чикагого кайтып келе берди. Ошол себептүү мен бул жолугушуудан өөн нерсе көргөнүм жок.

Фетхуллах Гүлен мурда ислам аалымы, ханафи масхабын карманган Саид Нурсинин тарапкери болгон. Кийин өз алдынча кыймыл негиздеп, учурда ошол Гүлен жамааты деген кыймылдын лидери. Бул диний жамаат Түркияда жана бир катар өлкөлөрдө билим берүү мекемелерине жана тармактык бизнестерге ээлик кылчу. Былтыр жайында Түркиядагы төңкөрүштөн кийин жамааттын миңдеген мүчөлөрү камалып, түрк бийлиги Гүлендин өзүн “террорчу” деп атап, АКШга аны экстрадициялоо талабын жөнөткөн.

Мындан кийин Кыргызстандагы "гүленчилерге" караштуу түрк лицейлерин да жабуу тууралуу Анкара Бишкекке кайрылган. Бирок кыргыз бийлиги аны четке каккан. Ошондон бери кыргыз мусулмандарынын арасында Фетхуллах Гүленге карата пикир бир кылка эмес. Журналист Азамат Абсаттаров мындай пикирде:

- Чубак ажы менен Гүлендин жолугушканын туура көргөн жокмун. Мен Фетхуллах Гүленди “террорчу” же башка деп ойлобойм, бирок аны Түркиянын бийлиги ошентип атап, маалымат каражаттары тынбай чагылдырып жаткан чакта Кыргызстандын экс-муфтийи аны менен кезигип жатканы орунсуз. Себеби азыр Кыргызстанда Гүленди колдогондор да көп, ага каршы болгондор да арбын. Чубак ажынын кадамы мына ошолордун арасында ажырым жаратып коюшу мүмкүн. Мындан сырткары Түркиянын Кыргызстанга карата мамилесине да терс таасирин тийгизип коюшу мүмкүн.

Кыргыз бийлигинде "гүленчилер" күчү

Кыргыз бийлигинде "гүленчилер" күчү

Түркиянын өкмөтү төңкөрүшкө күнөөлөнүп жаткан Фетхуллах Гүлендин идеялаштары Кыргызстандын бардык бийлик бутактарында бар, алар келечекте төңкөрүш жасашы мүмкүн деген билдирүүсү жаңы талкууга жем таштоодо.

Бирок ошол эле кезде Чубак Жалилов азыркы тапта эч кандай диний кызматта турбаганын жана мамлекеттик бийлик органдарга эч тиешеси жоктугун айтып, анын Гүлен менен жолугушканы эл аралык мамилелерге таасири жоктугун айткандар да бар.

Талдоочу Орозбек Молдалиев Гүлен менен Жалиловдун жолугушуусундагы башка жагдайларга токтолду:

- Мага Чубак ажы жаш, токтоло элек адам сыяктуу элес калтырат. Кээде такфиристтик идеяларды айтып жиберет, популисттик адаттары бар. Анан бул жолу Гүлен күн тартибинде болуп жатканы үчүн эле аны менен жолугушуп, ошол теманы козгоп жатат го дейм. Болбосо эми ал Гүлен менен жолугуп, эмне идеяларды алып келди дейсиңер? Анткени экөөнүн диний көз караштарында бир топ эле айырма бар да. Маселен Чубак ажы Жалилов “шииттерди кууш керек, антиш керек, минтиш керек” деп жүрөт, Гүлен болсо “шийиттер, христиандар, баарыбыз чогуу бололу” деп толеранттуу болууга үндөп жүрөт. Гүлендин бул идеялары каякта калып калат? Ушул нерселерди үйрөнүп келди бекен?

Түрк бийлиги аскерий төңкөрүш аракети үчүн айыпталган Фетхуллах Гүленди жалпы жонунан 2000 жылга абакка кесүүнү сунуштаган. Бирок АКШ аны Түркияга өткөрүп берген эмес.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG