Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:46

"Балабыз террорист эмес..."


Түркия.
Түркия.

Түркияда терроризмге шектелип кармалды деген кыргызстандык студенттин жакындары коюлган дооматка ишенбей турушат.

Жалал-Абаддагы "Себат" лицейин бүтүрүп, Түркияда окуусун улантып жаткан 27 жаштагы Курманбек Айдарбек уулун түрк полициясы 2016-жылы 28-июлда кармаган. Мындай маалыматты интернет булактары аркылуу билгенин "Азаттыкка" Курманбектин таякеси Жакут Курбанкулов айтты:

- Интернетке Гүлжигит деген бир жигит жазган экен. Ошондон маалымат алып калдык. Ошондон кийин Тышкы иштер министрлигине, акыйкатчыга, Жогорку Кеңешке кайрылдык. Азырынча иштеп жатышат, бирок балага кабарлаша албай жатабыз. Акыркы жолу үч ай мурун кат жазыптыр дешти, "абалым жакшы, ден соолугум жакшы, кыйнаган жок" деп жазыптыр дешти. Бизге департаменттен айтышты.

Курманбек эрте жетим калып, тайларынын колунда чоңойгон. Таякесинин айтканына караганда, чет өлкөлүк студенттер менен чогуу жашап турган Курманбек Айдарбек уулу 28-июлда кармалган. Кыргызстандык студенттин "Фетхуллах Гүлендин террордук уюмуна тиешеси бардыгы үчүн кармалып, камалып турганы" белгилүү болгон.

Курманбек Айдарбек уулу туш болгон кырдаал боюнча Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Түркиянын укук коргоо органдары менен өткөн жылдын август айынан бери тынымсыз сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келүүдө. Бул тууралуу аталган министрликтин өкүлү Айымкан Кулукеева "Азаттыкка" билдирди:

- Түркияда террорчулукка шектелип кармалган кыргызстандык Курманбек Айдарбек уулунун үстүнөн 9-майда сот болот. Анын ишине байланыштуу маалыматтар жашыруун саналгандыктан, түрк тарап Бишкекке толук билдирүү бере элек. Алдыдагы сот отурумуна катышуу үчүн Анкарадагы Башкы консулдуктун кызматкери уруксат сураган.Отурумга консул катышса, бизде толугураак маалымат болуп калышы ыктымал. Маалыматты алсак да коомчулукка жарыялай албайбыз, Курманбектин ата-энесине гана беребиз. Алар биз менен дайыма байланышта.

Ал эми Жакут Курбанкулов жээнинин "террордук уюмга" тиешеси бар экенине ишенбейт. "Себат" билим берүү мекемесинде окуганы үчүн ушундай ахыбалга туш болсо керек деп болжолдойт:

- Курманбек аябай назик бала болчу. Ал өзү кандайдыр бир саясатка аралашуусу мүмкүн эмес эле. Балким жанындагы балдар аралашкан болуусу мүмкүн. Аны батирден башка жакка жүктөрдү көчүрүшүп кой деп суранышканынан бара калса эле, кармап кетиптир деп айтып жатышат. Аны, менимче, "Себатта" окуганы үчүн эле камашты окшойт.

"Терроризмге шектелип, бир ай камакта отургам"

"Фетхуллах Гүлендин террордук уюмуна тиешеси бар" деген шек менен кармалган кыргызстандыктардын дагы бири - Назар. Туризм тармагында иштеп, Түркияга байма-бай каттап жүргөн Назарды полиция жаңы жылдан кийинки сапарында Стамбулдун кире беришиндеги "Сабиха Гөкчен" аэропортунан кармап, бир айлык териштирүүдөн кийин бошоткон:

- Мен туристтик фирмада иштейм, былтыр Кыргызстанга келген айрым туристтердин телефон номурлары телефонумда сакталып калган экен. Телефонумду аңтарган полициячылар ошондой бир номердин ээси азыр терроризмге шектелип, түрмөдө жатат деп айтышты. Телефонумдагы кыргызча жазуулардын баарын мурда Жалал-Абад лицейинде иштеп кеткем деген полициячы окуп, которуп берип жатты.

Түркиядагы кармоолор.
Түркиядагы кармоолор.

Назар камакта турган бир ай ичинде кыйноолорго кабылганын, адвокат таба албай кыйналганын айтты. Адвокаттар "гүленчилер менен иштешүүдөн чочулашарын" билдиришкен:

- Мен үч ирет адвокат жалдоого аракет кылдым. Биринчиси өтө көп акча сурады, андай акча менин туугандарымда жок эле. Экинчиси ачык эле баш тартты, "Сиз ФЕТОчу деп шектелиптирсиз. Мен сиздин ишти ала албайм. Менде да үй-бүлө бар, мага кысым болот" деди. Үчүнчүсү, өзүн эл аралык адвокатмын дегени гана менин ишимди алып, коргоп чыкты. Абактан чыккандан кийин мага сумкамды, телефонумду беришти. Анан мага "колуңдан келсе, Түркиядан тез чыгып кет, бүгүн эле кет" дешти. Менин жанымда акча жок болгондуктан, жолдон таксистке жалынып, Москвада иштеген байкеме телефон чалып, акча салдырдым. Андан акча алып, Москва аркылуу билет бар экен, бир күн мейманканага түнөп, эртеси күнү Москвага учуп келдим. Москвада да мени аябай текшеришти, полициялар өз ара "Стамбулда соту болуптур" деп атышты. Эртеси Бишкекке учуп келерде да корктум, камап коюшабы деп чочуладым. Бирок баары жакшы болду, үй-бүлөмдүн алдына келдим. Артта калган күндөрдү унутууга аракет кылдым. Бирок канткенде да жүрөктөгү жаралар кыйнай берет экен.

Кыргызстандыктар дагы барбы?

Миграция боюнча эксперт Гүлжигит Исаков былтыркы төңкөрүштөн кийин терроризмге шектелип Түркияда кармалып, камакта отурган кыргызстандык башка жарандар да болушу мүмкүн деп болжойт:

- Курманбек Айдарбек уулу кармалганы тууралуу ал жактагы кыргыздар өздөрү билдире алышпай, мага кабарлашкан. Мен Тышкы иштер министрлигине, маалымат каражаттарына билдирип, интернетке чыгаргандан кийин, анын терроризмге шектелип, камакта жатканы анык болду. Азыр да бир карындашыбыз - кыргызстандык бир кыз терроризмге шектелип камалып жатат деген маалыматтар бар, бирок так эмес. Түркиядагы мекендештер бири-бирин сураштырып, издештирүүдөн чочулап турушат, ошондуктан, кандайдыр бир кабар алуу да оор болууда.

Бул маалыматты Тышкы иштер министрлиги четке кагууда. Расмий маалыматтар боюнча 2016-жылкы июлдагы төңкөрүш аракетинен кийин Түркияда камакка алынган Курманбек Айдарбек уулунан башка кыргызстандыктардын бүт бошотулган. Мындай маалыматты Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Айымкан Кулукеева "Азаттык" үналгысына билдирди:

- 15-июлдагы төңкөрүшкө аракет болгон учурда кармалды деп элчиликке кайрылган кыргызстандык жарандардын ичинен Айдарбек уулу Курманбектен башка бардыгы бошотулган. Эгерде туугандары же жакындары кайрылбаган болсо, анда бизде маалымат болбойт.

Түркия өкмөтү 2016-жылдын 15-июлундагы төңкөрүш аракетин Фетхуллах Гүлендин тарапкерлери уюштурду деп ишенет. Гүлен жана анын жактоочулары бийликтин бул айыптоолорун четке кагып, тескерисинче президент Эрдоганды бул ишке тиешеси бар деп билдирип келет.

Эрдоган менен Гүлен.
Эрдоган менен Гүлен.

Жалпысынан жайдан бери баш-аягы 120 миңдей адам Гүлен кыймылына байланышы бар деген жүйө менен иштен айдалды. 40 миңдей киши камакка алынган. Апрель айындагы өлкөнү парламенттик республикадан президенттикке айланткан референдум, төңкөрүш аракетинен кийинки тазалоолор жана адам укуктары боюнча тынчсыздануулардан улам Европа кеңешинин парламенттик ассамблеясы 25-апрелде Түркияны көзөмөлдөө зарылчылыгын туудурган өлкөлөрдүн катарына кошту.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG