Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:11

Кыргыз бийлигинде "гүленчилер" күчү


Түркиянын өкмөтү төңкөрүшкө күнөөлөнүп жаткан Фетхуллах Гүлендин идеялаштары Кыргызстандын бардык бийлик бутактарында бар, алар келечекте төңкөрүш жасашы мүмкүн деген билдирүүсү жаңы талкууга жем таштоодо.

Кыргыз коомунда "гүленчилердин" таасири канчалык олуттуу жана кооптуу? Дегеле Кыргызстанда чет элдик идеологиялык жана диний агымдарга азгыруу көбөйүп баратабы? Анын мамлекеттин келечегине кандай кесепети тийиши мүмкүн?

“Арай көз чарай” талкуусуна тарых илимдеринин доктору, профессор Асан Ормушев жана “Асаба” улуттук кайра жаралуу партиясынын лидери Дөөлөт Нусупов катышты.

“Азаттык”: Асан агай, сиз Кыргызстан менен Түркия кызматташтыгын иликтеп, китептерди жазып жүрөсүз. Түркия өкмөтү кечээ жакында ишке ашпай калган төңкөрүшкө күнөөлөнүп жаткан Гүлендин идеялаштары Кыргызстандын келечегине коркунуч алып келиши мүмкүн деген билдирүүсүнүн негизи барбы? "Гүленчилер" Кыргызстанда канчалык кооптуу күч?

Асан Ормушев: Кыргызстан менен Түркия эки боордош мамлекеттердин ортосунда кызматташтыктын көптөгөн тармактары боюнча 200дөн ашык келишимдерге кол коюлган. Алардын арасында “Түбөлүк достук” жана “21-кылымга бирге” деген маанилүү документтерде эки өлкө бири-бирине достук, ынтымак мамилелерди бекемдөө менен бири-биринин ички ишине кийлигишпөө деген идеялар катылган.

"Гүленчилердин" Кыргызстандын коомдук турмушуна, жашоосуна тийгизген терс таасирин байкаган жокмун жана окумуштуу катары алардын жаман жагы жок деп ачык айта алам. Түркиянын Тышкы иштер министрлигинин биринчи билдирүүсүндө Кыргызстандагы түрк лицейлерин жабуу маселеси көтөрүлгөн. Кыргыз Республикасынын "Билим берүү жөнүндө" мыйзамынын акыркы жоболорунда “Чет өлкөлөр Кыргызстандын аймагында мамлекеттик жана жеке менчик билим берүү мекемелерин ача алат” деп жазылган.

“Азаттык”: Болуптур, алар мектеп ача алат, укугу бар, бирок түрк өкмөтү "гүленчилерди" экстремисттик уюм деп таанып жаткандан кийин алардын кооптонуусун кыргыз тарап бөлүшүш керекпи?

Асан Ормушев: Акыркы 25 жылдын ичинде кыргыз өкмөтүнүн көзөмөл кылуучу органдары тарабынан кыргыз-түрк лицейлери деп аталган билим берүү мекемелеринде мыйзам бузду дегенди уккан жокмун. Анан аларды экстремисттик уюм, эртең Кыргызстандын коопсуздугуна коркунуч алып келет дегенге кошула албайм.

“Азаттык”: Дөөлөт мырза, Түркия тарап талап кылып жаткан Кыргызстандагы бир нече мектептер, лицейлер, университеттер жана башка уюмдарды жабуу менен маселе канчалык жеңилдейт? Эки өлкө ортосундагы мамиле жакшырат деп ойлойсузбу?

Дөөлөт Нусупов: Биз бирөөнүн оозун карабай, өзүбүздүн кызыкчылыкка жараша иш алып барышыбыз керек. Ооба, “Себат” билим берүү мекемелеринде жакшы билим берет, эл аралык көп конкурс, олимпиадада алардын окуучулары алдыңкы орундарды алып келишет. Бирок айтылып жаткандай кооптонуу барбы? Биздин бийлик катуу көзөмөлгө алышы керек. Окуу-тарбия ишинде экстремисттик маанай жокпу, биздин мыйзамдарды сактап жатабы, улуттук каада-салттарыбызды сыйлайбы, аткарабы, шовинисттик идеяларды алып жүрбөйбү? Мына ушунун баарын алдын алыш керек. Мен билгенден мурда түрк мугалимдери көп болсо, азыр кыргыздар да көбөйүп, өздөрү башкарып калышты, биздикилер да ошондой деңгээлге өсүп жетилди.

“Азаттык”: Асан агай, сиз жана башка кыргыз интеллигенциянын бир топ алдыңкы өкүлдөрү Кыргызстанда "гүленчи" деп эсептелген уюмдар, мекемелер менен кызматташып жүрөсүздөр. Сиздерди ал жакка жетелеген негизги нерсе эмне?

Асан Ормушев: Алардын мага жакканы билим берүүдө азыркы дүйнөнүн акыркы жетишкендиктерин колдонушат. Айталы, сабактар англис, кыргыз, орус, түрк тилдерине өтүлгөнү мени кубандырат.

Мен буларга жөн эле сырттан байкоо салбай, “Себат” деген атайын китеп жазгам, демек маселени ичинен билем. Социологиялык изилдөөлөрдү да жүргүздүм. Билим жана тарбия берүүдө жаңы ыкмаларды көрүп таң калганым да бар.

Ошол лицейлердин бирине улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун ысымы да бекер берилген эмес, анын макулдугу менен ыйгарылган. Ошол лицейлердин иштери менен таанышкан соң Чыңгыз Айтматов “менин “Биринчи мугалим” чыгармамдагы Дүйшөндөрдү ушул мектептерден көрүп жатам, 21-кылымдын муундары ушул лицейлерде тарбияланып жатыптыр” деген. Анда Чыңгыз Айтматовду да "гүленчи", "террорист" дейбизби?

Эгер ушундай мамиле болсо, анда Кыргызстандагы башка мамлекеттердин билим берген мекемелерин да жабышыбыз керек. Жөн эле Түркиянын тышкы иштер министри айтты эле деп жаап салуу болбойт. “Калпагын ал десе башын кошо алыптыр” болбош керек.

“Азаттык”: Дөөлөт мырза, Кыргызстанда жеке эле түрктөштүрүү эмес, арабдаштыруу, европалаштыруу, орусташтыруу, кытайлаштыруу тенденциясы күч алды деген ойлордун чындыгы барбы? Болсо анын кандай пайда-зыяны болууда?

Дөөлөт Нусупов: Анын баары жөн айтылган жок, улуттук идеологиябыздын жоктугу болууда. Саясаттын өзөгүн идеология түзөт. Азыр кыргыз бири-бирин түшүнбөй калды. Бирөө түрктөрдүкүн, башкасы батыштыкын, дагы бирөө кытайдыкын таңуулап жатат.

Биздеги “Манас” баштаган улуу баалуулуктарыбызды, макал-лакаптарыбыз төш, үрп-адаттарыбызды каш кылып улуттук идеологиябызды иштеп чыгып, элге жайылтып, турмушта колдонсок сырттан кирген нерселерге туруштук бере алат элек.

Азыр түрктөрдүкүнө караганда арабдашуу катуу жүрүп жатат. Ошондуктан көчөлөрдө “Кайран элим, кайда баратабыз?!" деп бекер жазылып, сүрөттөр илинген жок. Биринчи кезекте кыргыздар өзүбүз ынтымакта болушубуз керек, биз бекем болсок кыргыздын айланасына башка улуттарды топтой алабыз. Биз кыргыз жолуна түшкөндө гана өнүгө алабыз.

XS
SM
MD
LG