Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:30

Тажик абоненттери кыргыз Интернетине ооду


Тажикстанда Интернет тарифинин кымбатташына каршы кайрылууга кол коюп жаткандар. Дүйшөмбү. 22-апрель, 2019-жыл.
Тажикстанда Интернет тарифинин кымбатташына каршы кайрылууга кол коюп жаткандар. Дүйшөмбү. 22-апрель, 2019-жыл.

Тажик коомчулугу Интернеттин кымбатташына каршы кол топтой баштады. Жаңы тарифтерге каршы чыккандар президент Эмомали Рахмонго кайрылуу даярдашты.

Өлкөдө өткөн аптадан тартып мобилдик Интернет эки эсе кымбаттаган. Эл арасындагы катуу сынга карабай 23-апрелде Интернеттин баасын кымбаттаткан Монополияга каршы саясат мекемесинин башчысы кызматынан көтөрүлдү. Жогору тарифтер чек арадагы абоненттердин коңшу өлкөлөрдүн мобилдик компанияларына өтүшүн шарттап жатат.

Интернеттин кескин кымбатташына каршы чыккан тажикстандыктар 22-апрелде баш калаа Дүйшөмбүдөгү Опера жана балет театрынын алдына чогулушту. Алар жаңы тарифтерди четке кагууну өтүнүп президент Эмомали Рахмонго жазылган кайрылууга кол коюшту. Эки саатка созулган иш-чарада 200дөн ашуун жарандын колу топтолду.

Чогулгандардын дээрлик баары кол коюп эле тим болбой, аты-жөнүн, жашаган дарегин, кесибин кошо жазып калтырышкан. Акциянын уюштуруучуларынын бири Шахло Иброхимова тарифтин жогорулашынан улам калктын тууган-туушканы менен байланышы чектелип, Интернет аркылуу каражат тапкандар каржалып калганын билдирди:

«Мамлекет башчыга кайрылууда биз Интернеттин баасын жогорулатуу тууралуу буйрукту жокко чыгарууну сурандык. Анткени бул чечим маалымат алууну чектейт, өлкөнүн стратегиялык максаттарын ишке ашырууга жолтоо болот. Президент биздин үнүбүздү угуп, маселеге чекит коет деген үмүттөбүз. Калктын дээрлик баары мындай «жаңычылдыкка» каршы чыгып атпайбы. Көбү маалымат каражаттары менен социалдык тармактарда нааразылык билдирип жатышат».

Петициянын демилгечилери жакын арада кайрылууга 3 миңден ашык киши кол коёт деген ишенимде. Андан кийин документ президентке жиберилет.

Тажикстанда мобилдик Интернет 18-апрелден бери эки эсе кымбаттаган. Жаңы тарифтерге ылайык, байланыш операторлорунда мурда 3,5 доллар (30-35 сомони) турган 1 гигабайт Интернеттин наркы 6,7 долларга (63 сомони) көтөрүлгөн. Буга өкмөткө караштуу Монополияга каршы саясат кызматынын чечими шарт түзгөн.

Бул чечим тажик коомчулугун катуу нааразы кылды. Эл арасында мобилдик компанияларга бойкот жарыялоого, баш калаада каршылык акциясын өткөрүүгө чакырыктар ташталууда. Коомчулукту керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоого тийиш болгон Монополияга каршы саясат кызматы бааны көтөрүүнү сунуш кылып, аны ишке ашыруунун башында турганы да буга кошул-ташыл болду. Интернет колдонуучулар бийлик элдин үнүн укпай, эч кандай жооп бербей жатканын сындап чыгышты.

Башка мамлекеттерге караганда Тажикстанда Интернет мурда эле кымбат болчу. Мурдагы советтик өлкөлөргө салыштырсак, Тажикстан бул багытта Түркмөнстандан кийинки орунду ээлейт. Бирок тажик бийлиги Интернеттин баасын көтөрүү тууралуу чечимди анын өтө эле арзан болуп жаткандыгы менен түшүндүргөн.

Интернет кымбаттап, өкмөткө катуу сын айтылып жаткан чакта Кыргызстан, Өзбекстан менен чектеш аймактардын жашоочулары бул өлкөлөрдүн провайдерлери, мобилдик операторлорунун кызматын колдонууга өтүштү. Маселен, Исфара районунун тургуну Абдулкасым Солиев Кыргызстандагы «НУР Телеком» операторунун абоненти болду.

«Кыргызстандык оператордун сим-картасы болгону 4 сомони турат, - дейт ал. - Канча кааласаң сатып алсаң болот. Эч ким эч нерсе сурабайт, паспорт көрсөтүшүңдү да талап кылбайт. Чынында акыркы эки-үч күндө кыргызстандык байланыш операторунун чек арадагы кеңселеринде сим-карталар түгөнүп калды. «НУР Телеком» компаниясында 6 гигабайт Интернетти 7 сомониге гана сатып аласың. Тажик операторлорунда анын баасы 370 сомониден ашат. Айырмасы өтө чоң».

Чек арадагы шаар-кыштактардын эли Кыргызстандын операторлорунан Интернет сатып алып жатканын тажикстандык мобилдик компаниялардын биринин атын атагысы келбеген өкүлү ырастады. Анын баамында, жакын арада тажикстандык миңдеген абоненттер кыргыз жана өзбек операторлоруна өтүшү мүмкүн.

«Мобилдик Интернеттин жана телефондук сүйлөшүүлөрдүн тарифинин жогорулашы кыргызстандык мобилдик операторлорго «жагымдуу белек» болду, - деди маектешибиз. - Биз чек арага жакын аймактарда абоненттерибизди жоготуп жатабыз. Бирок эч нерсе кыла албай отурабыз. Колубуздан эч нерсе келбейт. Эсептеп көрөлү: мисалы, 200 миң жаңы абонент аларга 2 доллардан эле төлөдү дейли. Коңшу мамлекеттеги компаниялардын бир айлык кирешеси 400 миң долларды түзөт. Биз ушунча каражатты жоготкон болобуз».

Ошол эле кезде тажикстандык талдоочу Рустам Гулов тажик абоненттери мурда деле коңшу мамлекеттердин мобилдик кызматтарын пайдаланып келишкенин белгиледи. Анын көз карашында, Монополияга каршы саясат кызматынын акыркы чечими бул процессти ого бетер күчөттү. Эми бийлик Интернеттин баасын арзандатуу менен гана буга бөгөт кое алат.

Бирок расмий Дүйшөмбү абоненттердин үнүн угар-укпасы азырынча белгисиз. Тажик бийлиги жаңы тарифтерге байланыштуу сын-пикирлер күчөгөн маалда Монополияга каршы саясат кызматынын жетекчиси Сади Кодирзоданы кызматынан көтөрдү.

Өлкө башчы Эмомали Рахмон 23-апрелде кол койгон токтомдун негизинде, Сади Кодирзода мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары болуп дайындалды. Президенттик аппаратты Эмомали Рахмондун кызы Озода жетектейт.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG