Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:59

Кыргызстандын намыска жараган кыздары


Валентина Шевченко жана Айсулуу Тыныбекова
Валентина Шевченко жана Айсулуу Тыныбекова

Өткөн жумада Кыргызстандын спортчу кыздары бир катар жеңиштерге жетти.

Эркин күрөш боюнча Орусиядагы эл аралык "Иван Ярыгин-2017" гран-при мелдешинде Айсулуу Тыныбекова алтын медалга ээ болду. Ал эми эрежесиз UFC мушташында Валентина Шевченко венесуэлалык атаандашын жеңип чемпиондук курга жакындады.

Ишенимди актаган Айсулуу

Красноярсктагы турнирде Айсулуу Тыныбекова финалга чейин кандай ишенимдүү күрөшсө, чечүүчү беттешти да экинчи таймдын аягына чыгарбай он упай айырмачылык менен жеңди. Ошентсе да Айсулууга сүрөөнчүсү, эркин күрөш боюнча кыз-келиндердин башкы машыктыруучусу Нурбек Изабеков оор тапшырма берген.

Изабеков “Азаттыкка” билдиргендей, Орусияда өткөн дүйнөлүк мелдеште Айсулуу атаандаштарын жөн гана утпастан, бир дагы упайды бербеши керек болчу:

- Финалга чейин эки орус, бир монгол кыз менен күрөшүп, Айсулуу бир дагы упай бербей жакшы келаткан. Бардыгын 10:0 эсеби менен же эки далы менен басып, таза жеңишке жетип жатканбыз. Тилекке каршы финалда бир орус кызына 3 упай алдырып жиберди, бирок Айсулуу 13 упай алып, аны дагы убакыт бүткөнчө утуп алды. Негизинен жеңишке аябай канааттанып турабыз.

Айсулуу Тыныбекова Красноярсктагы "Иван Ярыгин" турнирине ушуну менен төртүнчү жолу катышып жатат. Буга чейинки эң жакшы көрсөткүчү - 2015-жылы 2-орунду алган, ал эми 2017-жыл кыргыз кызы үчүн ири жеңиш менен башталып отурат.

Спортчулар 30-январда гана таңга жуук Кыргызстанга учуп келишти. Машыктыруучу Нурбек Изабеков алдыда Европадагы ири турнирлер турганын айтып, Айсулуу үчүн негизги максат албетте Олимпиада медалы бойдон калат деди:

- Швецияда чоң турнирлердин бири февраль айынын аягында болот. Бирок, бизде виза алууда көйгөйлөр чыгып жатат. Документтербиз бүтүп калса Айсулуу менен чогуу 5-6 кызыбыз барат. Ал эми негизги максат 2020-жылы Токиодо өтчү Олимпиада болуп калат. Ошондуктан биз азыр упай топтоп жатабыз. Айсулууга бир да упай уттурба деп жатканыбыз ушул. Лицензияны ишеничтүү алып, Олимп оюндарына даярдануу зарыл.

"Сары кыздын" жеңиши

Айсулуу Тыныбекова алтын медаль менен Орусияны дүңгүрөтсө, дагы бир кызыбыз Валентина Шевченко эрежесиз мушташ боюнча океандын аркы өйүзүнөн маанилүү жеңишке ээ болду. Ал UFC алкагында күчтүү делген венесуэлалык Жулиана Пенья менен беттешип, ал дагы экинчи раундда, мөөнөтүнө чейин жеңишке жетти.

Бул утуш кыргызстандыктар арасында кызуу талкууланып, социалдык түйүндө Шевченкону сүрөп, куттуктап, "сары кыз" лакап атын бергендер да болду.

Январь айында Валентина Шевченко UFCдеги жеңил салмактагы рейтингинде биринчи орунда турса, Пенья экинчи орунда келаткан. Андыктан бул беттеш биринчи орунга ким татыктуу деген суроого да жооп болчу.

- Көпчүлүгү бул беттешке чейин менден “Валентина, сен мушкерсиң, Жулиана болсо мыкты күрөшөт, сен аны кантип жеңесиң” деп сурап жатышты. Бирок мен MMA мушкеримин, мен ар тараптан төп келген мушкермин. Мен катуу даярдандым, акыркы учурда тек гана Жулиана менен мушташка даярдандым. Өзүмдүн машытыруучума, командама ыраазычылыгымды билдирем, даярдыктын жыйынтыгын болсо өзүңөр көрдүңөр, - деди сүйүнүчүнө кубанган кыргызстандык мушкер айым.

Валентина Шевченко рейтингде биринчи орунда экенине карабай, чемпиондук кур бразилиялык Аманда Нуньезде турат жана кийинки беттеш дал ушул мушкер айым менен болмокчу.

Буга чейин Шевченко Нуньез менен беттешип, упайлык көрсөткүчтө утулуп калган. Бирок, өч алуу беттешинде кыргыз мушкери мурда кетирген кемчилигин кайталабасын айтып, чемпиондук курду алаарына ишенүүдө.

Ал арада бразилиялык мушкер Аманда Нуньез да Шевченко менен кайра мушташса, жеңиш кайра эле өзүндө калаарын билдирип чыкты. UFC федерациясы бул чемпиондук кур үчүн беттеш качан өтөрүн азырынча айта элек.

Тыныбекова менен Шевченконун ийгилиги
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:26 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG