Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:43

Спорт: жетекчи менен машыктыруучунун тиреши


Кыргыз балбаны Жанарбек Кенжеевдин күрөшү. Астана.
Кыргыз балбаны Жанарбек Кенжеевдин күрөшү. Астана.

Грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Канатбек Бегалиев Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин жетекчилигин машыктыруучулардын ишине кийлигишип, басым жасап жатат деп сындап чыкты.

Ал эми агенттиктин директору Канат Аманкулов спорт тармагында көйгөйлүү маселелер арбын экендигин, заманбап өнүгүүнү камсыздай турган реформа башталганын билдирүүдө. Спорт тармагындагы пикир келишпестиктердин чоо-жайы эмнеде?

Бээжин Олимп оюндарынын күмүш байгесинин ээси, Грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу​ Канатбек Бегалиевдин оюнча, агенттиктин жетекчилиги улуттук курама команданын ички ишине кийлигишип жатат:

- Команданын курамына кийлигишип жатат. Мен кайсы баланы алам, ага киришүүгө акысы жок. Мен күрөш тармагында жүрүп жакшы билем да. Ал өзү күрөш менен машыгып жүрсө унчукпайт элем. Кесиби башка болуп туруп курамга аралашканына жооп кайтардым. Анан машыктыруучулар кудай болуп калды дегени биз тарапка өтө жаман айтылган сөз деп эсептейм. Мындай адилетсиздик боло берсе спорт артка кетет.

Спорт: талаптан мурда шарт керек

Спорт: талаптан мурда шарт керек

Кыргызстан эгемендүүлүктү алган жылдардан бери алты олимпиадага катышып, эки коло, бир күмүш медалдан башка чеке жылытарлык жеңишибиз жок. Биздин спортчулардын Олимпиадада ийгиликке жетпей жатышынын негизги себеби эмнеде?

Ошондой эле Бегалиев спортчуларга мамлекеттик сыйлыктар да адилет берилбей жатат деп, өзүнүн мамлекеттик сыйлык - Ардак грамотага көрсөтүлгөнүнө карабай албай калганын айтты.

Жаңы жыл алдында Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин коллегиясында агенттиктин директору Канат Аманкулов айрым улуттук курама командалардын жетекчиликтерине сын айтып өткөн. Анда машыктыруучулардын алдыңкы жылдарга иш планы жок экени белгиленген. Аманкулов жогоруда Бегалиевдин айткан дооматтарын четке какты.

- Мен машыктыруучулардын ички иштерине эч качан кийлигишпейм. Негизи мыйзам боюнча дагы федерациялардын ишине кийлигишүүгө укугум жок. Менин алдыга койгон максатым чоң. Чыдагандар менен иштешебиз, чыдабаса коштошобуз. Себеби ар бир машыктыруучу ой-пикирлерин жазып, багытын аныктап, 2020-жылга бирге саясат жүргүзүшүбүз керек. Биз спортчулардын байге алып келүүсүнө аракет кылабыз. Менин максатым, саясатым дагы ошол эле.

Буга чейин агенттиктин директору Канат Аманкулов спорт тармагында башаламандык бар экенин, мыйзамсыз иштер аныкталып жатканын билдирген эле.

Канат Аманкулов "Азаттыктын" студиясында.
Канат Аманкулов "Азаттыктын" студиясында.

2016-жылдын ноябрь айында Аманкуловдун сынынан кийин оор атлетика федерациясынын башкы машыктыруучусу Үсөнкан Майназаров кызматтан өз каалоосу менен кеткен.

Спорт агентигиндеги ачык сын, кайчы пикирлерди жаңы жетекчинин реформа жасоо аракети деп баалагандар да болууда.

- Спорт тармагында дагы реформа болуш керек. Ар бир жетекчинин өз пландары болот. Менин байкашымча, бул жетекчи пландары менен иштеп жатат. Балким ошол нерселер машыктыруучуларга жакпай жатса керек. Олимп оюндарына улам жаңы пландар, жаңы ыкма менен даярданышыбыз керек. Ушул жагынан пикир келишпестиктер болуп жатышы мүмкүн, - деди Спорттун олимпиада түрлөрү боюнча дирекциясынын мурдагы жетекчиси Төлөсүн Ысыралиев.

Спорттук баяндамачы Кубан Атабековдун пикиринде, спорт тармагында талаш-тартыштардын болуп турганы мыйзам ченемдүү көрүнүш. Бирок, эки адамдын жеке пикир келишпестиктери спорт тармагына терс таасирин тийгизбеши керек.

- Эки жигитти тең жакшы тааныйм. Алар өз ишин мыкты билген жигиттер. Эгер ортодо талаш туудурган маселе болсо ачыкка чыкканы жакшы. Жаап жашырганда маселе чечилбейт. Машыктыруучу жыйынтык көрсөткөнгө, жетекчи реформага жасоого аракет кылып жатат деп эле түшүнөм.

Кыргыз балбаны Арсен Эралиевдин Рио-де-Жанейродогу күрөшү.
Кыргыз балбаны Арсен Эралиевдин Рио-де-Жанейродогу күрөшү.

Бул жааттагы серепчилер өлкөдөгү спорт тармагын кескин реформа кылууга мезгил келгенин белгилешет. Спорт менен криминал аралашып баратканы, тармактагы каржылык алешемдиктер, мелдештерге тааныштар гана тандалат деген сыяктуу кептер айтылып жүрөт.

Былтыр Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарында өткөн Олимпиада оюндарына Кыргызстандан 19 спортчу барып, байгесиз кайтышкан.

Канат Аманкулов Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигине 2016-жылдын июнь айында жетекчи болуп дайындалган.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG