Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:35

WADA уюмунун Орусияга айбаты


19 өлкөнүн Допингге каршы улуттук уюмдарынын лидерлери Орусияны бардык эл аралык мелдештерден четтетүүнү талап кылышты. Ага чейин өлкөдө кызытма колдонуунун алдын алуу чөйрөсүндө олуттуу реформалар жүргүзүлүүгө тийиш. Ал тапта 15 айга мелдештерден четтетилген белгилүү теннисчи Мария Шарапова 26-апрелде Штутгарттагы турнирге катышарын билдирди.

10-январда Дублинде өткөн саммитте Допингге каршы улуттук агенттиктердин башын бириктирген уюмдун (WADA) мүчөлөрү Орусия спортчулардын кызытма колдонуусун алдын алуу чөйрөсүндө олуттуу чара көрүүгө тийиш деп бир катар кеңештерди сунуш кылды.

Допингди көзөмөлдөгөн ишенимдүү система иштей баштагыча орусиялык атлеттер бардык эл аралык мелдештерден четтетилип, өлкө ири турнирлерди кабыл алуу укугунан да ажыратылышы керек. Бул сунушту 19 өлкөнүн – Австрия, Германия, Испания, Польша, АКШ, Франция, Жапония жана башка мамлекеттердин өкүлдөрү жактырышты.

WADAнын лидерлери реформалар ишке ашкыча кызытма пайдаланбаган, аброюна шек келтирбеген орусиялык спортчуларга жарыштарда көз карандысыз атлеттер катары катышуу мүмкүнчүлүгү берилүүгө тийиш деп чечишти.

Ансыз да Орусияда өтөт деп пландалган бобслей жана скелетон боюнча быйылкы дүйнө биринчилиги башка жерге которулду. Ага чейин эмки жылы футболдун Дүйнө чемпионатын кабыл алууга даярданып жаткан өлкө биатлон жана коньки тебүү боюнча дүйнө кубокторунун этаптарын өткөрүү укугунан кол жууп калган.

WADA алардын бул демилгеси спорттогу “кара күндөрдү” тезирээк артта калтырууга салым кошот деп ишенет.

Ал тапта жарыштардан убактылуу четтетилген орусиялык алты лыжачынын апелляциясы канааттандырылган жок. Арасында олимпиадага катышкан, дүйнө чемпиондору бар спортчулар кызытма колдонууга шектелип, 22-декабрда жазалоочу чараларга кабылган. Иликтөө аяктамайынча алар эл аралык жана улуттук мелдештерге катыша албайт.

Ал эми белгилүү теннисчи Мария Шарапова 15 айлык тыюудан кийин 26-апрелде Германиядагы турнирге катышарын 10-январда жарыялады. Өткөн жылы Австралиянын ачык чемпионатынан кийин алынган анализдеринде мельдоний деген зат табылып, Шарапова адегенде эки жылга чоң спорттон четтетилип, кийин ал мөөнөтү кыскартылган.

- Мария Шарапова менен Эл аралык теннис федерациясынын ортосундагы ишти карап, Спорт боюнча арбитраждык сот Шарапованы мелдештерден четтетүүнү эки жылдан 15 айга кыскартууну чечти. Жазалоочу мөөнөт 2016-жылдын 26-январында башталган, демек 2017-жылдын 25-апрелинде соңуна чыкмакчы, - деп билдирген өткөн октябрда соттун баш катчысы Матье Рииб.

Спортчу өзү мельдонийди дары катары жылдар бою пайдаланганын, препараттын 2016-жылдан тартып тыюу салынган тизмеге киргизилгенин билбегенин айтып актанган.

Өткөн жылдын этегинде канадалык юрист Ричард МакЛарен жетектеген эксперттер тобу Орусия спортундагы допинг жөнүндөгү докладдын экинчи бөлүгүн жарыялаган. Анда миңден ашуун спортчу 2011-2015-жылдар аралыгында допинг анализдерди бурмалоого кириптер болгону айтылган. "Спорттун 30дан ашуун түрүндө мамлекеттин колдоосу менен кеңири допинг система түзүлгөн", - деген жыйынтыкка келген көз карандысыз эксперттер бул мыйзамсыз иш-аракеттер орусиялык команданын Ванкувер Олимпиадасындагы начар көрсөткүчтөрүнөн кийин башталганын белгилешет.

Докладдын биринчи бөлүгү болсо былтыр жайында жарык көргөн. Анда келтирилген фактылардан улам Допингге каршы эл аралык агенттик – WADA Орусиянын курама командасын толугу менен Рио-де-Жанейродогу жайкы оюндардан четтетүүнү сунуш кылып, бирок Эл аралык Олимпиада комитети акыркы чечимди спорт федерациялары кабыл алсын деген. Натыйжада орусиялык 270тей атлет мелдешке катышты.

Орусиялык расмий адамдар болсо МакЛарен баяндамасындагы айыптоолорду четке кагып келишет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG