Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:18

Куугунтук жегендерди толук актоого мезгил жетти


Ата-Бейит.
Ата-Бейит.

Кыргызстанда тарыхчылар, юристтер тобу «Саясий жана диний ишеними үчүн куугунтукталып, кийин акталган жарандардын укугу жана кепилдиктери жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгесин көтөрүшүүдө.

Мыйзамга толуктоо киргизүүнүн зарылдыгы, себептери эмнеде? Негизги жоболор кайсы? Мыйзамдын коомдук, саясий, тарыхый мааниси кандай?

«Арай көз чарай» талкуусуна тарыхчы Мыктар Тагаев, «Интернет саясатынын элдик демилгеси» коомдук фондунун юристтери Данияр Нарынбаев жана Марат Төрөбеков катышты.

«Азаттык»: «Саясий жана диний ишенимдери үчүн куугунтукталып, кийин акталган жарандардын укугу жана кепилдиктери жөнүндө» мыйзам 1994-жылы эле кабыл алынган экен. Эми ага өзгөртүүлөрдү киргизүүгө кандай зарылчылык болду? Эмне себептен мындай демилге менен чыгып жатасыздар?

Марат Төрөбеков: Мындай демилгенин чыгышынын негизги себептеринин бири – 2018-жылы Кыргызстан «Ачык өкмөт кызматташтыгы жана глобалдык демилгелер» уюмуна мүчө болгон. Ошонун негизинде «Ачык өкмөт» деген планы иштелип чыккан. Документте 1918-1953-жылдардагы куугунтук курмандыктарына байланышкан документтерди ачыкка чыгаруу боюнча атайын иш-чаралар иштелип чыккан.

Демилгени биздин коом да колдоп, тарыхчы, юристтерди чогултуп, атайын мыйзамга толуктоо, өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуш менен чыгып жатабыз. Биз бул маселеде Жогорку Кеңештин депутаттары менен да иштедик. Эми сентябрь айында Жогорку Кеңештин депутаттары, өкмөт өкүлдөрү жана коомчулуктун катышуусунда мыйзам долбоору менен тааныштырабыз. Элдин ой-пикирлерин угабыз, талкуулайбыз.

"Эмне үчүн бул мыйзам өзгөрүшү керек?" деген суроо туулат. Негизги себеби: 1994-жылы кабыл алынган мыйзам куугунтук курмандыктарын толук актоого мүмкүнчүлүк бербей жатат. Ошондон улам биз демилге менен чыгып жатабыз.

«Азаттык»: Мурдагы мыйзамдагы негизги мүчүлүштүктөр кайсы жана өзгөртүүлөрдү киргизүүдө кайсы принциптер биринчи эске алынышы керек?

Мыктар Тагаев.
Мыктар Тагаев.

Мыктар Тагаев: Колдонуудагы мыйзам боюнча көп адамдар советтик-тоталитардык замандагы куугунтук көргөндөрдүн тизмесине кире албайт. Биз сунуш кылып жаткан долбоордо бир канча багыттар бар.

Айталы, 1918-24-жылдардагы басмачылыкка шылтоолоп жазалангандар, «кызыл террор» курмандыктары, колхоздоштуруу учурунда жабыр тарткандар жана чет өлкөлөргө айдалгандардын саны өтө эле көп. Үй-бүлөлөрү менен миңдеген кишилер азап чеккен. Алардын баары азыркы мыйзамдын 4-беренеси боюнча актала албайт. Мурдагы СССРдин республикаларында мындай адамдардын баары мыйзам жүзүндө акталган.

«Азаттык»: Мыктар мырза, сиздер эмне үчүн 1918-1953-жылдар аралыгындагы мөөнөттү гана алып жатасыздар?

Мыктар Тагаев: Биздин аймакта совет бийлиги 1918-жылдан баштап келе баштаган. Большевиктер Кокон автономия облусунун бийлигин 1918-жылы февраль айында гана күч менен кулаткан. Ошондон баштап жаңы бийликке каршы чыккандарды кызыл аскерлердин жардамы менен жазалоо башталган. «Кызыл террор» ошондон башталат.

«Азаттык»: Данияр мырза, мыйзамга киргизиле турган өзгөртүү, толуктоолордун негизги жоболору кандай?

Данияр Нарынбаев.
Данияр Нарынбаев.

Данияр Нарынбаев: Биз бул мыйзам долбоорун жазардын алдында көп изилдөөлөрдү жүргүздүк. Башка мамлекеттердин: Орусия, Казакстан, Грузия ж.б. тажрыйбаларына карадык. Биздин азыркы мыйзамда чет өлкөлөргө салыштырганда өтө чектеген жактар көп экендигин билдик.

Мыйзамдын башында «саясий репрессияга дуушар болгон адамдардын баарын акташ керек» деп жазылып турат. Бирок мыйзамдын ичин окуганда көп чектөөлөр бар экен. Мыйзамдын бир пункту гана актоого болот десе, 16-17-пунктунда чектөөлөр бар экенин байкадык.

Биздин тарыхчылардын божомолу боюнча репрессия курмандыктарынын саны 40 миңден 100 миңге чейин айтылууда. Иш жүзүндө ошолордун ичинен акталгандардын саны болгону 4 миңден тегерегинде экен. Эгер биз айтып отурган мыйзамдагы чектөөлөрдү алып салбасак алдыга жыла албайбыз, эч кимди актай албайбыз.

Мыйзам боюнча куугунтук жеген адам өзү мамлекеттик органдарга кайрылышы керек деп жазылып калган. Элестеткилечи, азыр куугунтук көргөн адам барбы, тирүү болгондо да 100 жаштан жогору болуш керек.

Орусиянын мыйзамы боюнча куугунтук көргөн адамдан сырткары жакын туугандары, башка адамдар, коомдук уюмдар деле арыз менен кайрыла алат экен. Биз да ошондой беренелерди киргизишибиз керек.

(Талкуунун толук вариантын ушул жерден көрүп, угуңуз)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG