Бул жагдай айрым талдоочулар арасында сотторду тартипке чакырып, алардын жоопкерчилигин жогорулатууга багытталган чара катары каралып жатат. Бирок кээ бир укук коргоочулар чыгарган чечимдери үчүн сотторду жоопко тартуу сот бийлигинин өз алдынчалыгын жоготуп, анын көз карандылыгын күчөтө турганын белгилешти.
"Экинчи соккуну" урган судья
Президент Сооронбай Жээнбеков Нарын шаардык сотунун судьясы Айнагүл Жоробекованы мөөнөтүнөн мурун кызматынан алды. Буга Соттор кеңешине караштуу тартип комиссиясынын ал судьяны кылмыш жообуна тартууга башкы прокурорго уруксат бериши негиз болду.
Тартип комиссиясынын протоколунда судья Айнагүл Жоробекова 2017-жылы 14-сентябрда үч киши каза тапкан жол кырсыгы боюнча кылмышка шектүүнү жети жылга кескен айыптоо өкүмүн чыгарып, бирок жазаны аткарууну шарттуу түрүнө которуп, жумшартып салганы көрсөтүлгөн.
Ошол сот жараянында жабырлануучу тараптын өкүлдөрү сүйлөп жаткан прокурордун сөзүн бөлгөн. Судья эскертүү бергенде, алар сот залынан чыгып кетишкен. Судья Жоробекова жабырлануучу тарапты “сотко сыйлабастык көргөздү” деп айыптап, алардын ар бирине 10 миң сомдон айыппул салган. Тартип комиссиясы ал судьяны “соттоого болбой турган жагдай боюнча ыйгарым укугунун чегинен чыгып кеткен” деп тапкан. Анткени комиссиянын пикиринде айыпкерге жумшак жаза чыгарганы аз келгенсип, жабырланган тарапты акчалай айыпка жыгууну көздөп, бир эле учурда тергөөчүнүн, прокурордун жана соттун ролун өзүнө алган. Бул тууралуу комментарий алуу үчүн иштен алынган судьянын өзү менен байланышууга мүмкүн болгон жок.
Нарын облустук соту кийин Жоробекованын бул чечимин жокко чыгарган. Тартип комиссиясынын аталган ишти кароосуна баштан-аяк байкоо жүргүзгөн Коомдук талдоо институтунун жетекчиси Рита Карасартова соттордун укуктук жактан негизсиз чыгарылган чечимдери боюнча даттануулардын каралышына мониторинг жүрүп жатканын билдирди:
- Кайсы судья кандай мыйзамга жатпаган чечим же өкүм чыгарганын каттоого алып, ал боюнча Соттор кеңешине жана Башкы прокуратурага улам кайрылып турабыз. Анан тартип комиссиясында арыз-даттануулардын каралышына байкоо жүргүзөбүз. Анткени буга чейин Ысык-Көл облустук сотунун судьясынын сегиз кылмыш фактысы боюнча прокуратура органдарынын алып чыккан материалдарына карабастан Тартип комиссиясы ал судьяга эскертүү берүү менен гана чектелген. Ошондо биз “бул эмне деген шумдук” деп маани берип, ошондон бери сотторго карата даттанууларды карай баштадык.
Сотторго иш козгоонун эки жагы
Быйыл август айынын башында президент Сооронбай Жээнбеков Бишкектин Свердлов райондук сотунун судьясы Эльвира Жаркееванын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча жарлыкка кол койгон. Буга аталган судьянын 2016-жылы 5-июлдагы ишти кароодо мүлктү тартып алып, менчик ээсин алмаштырууга өбөлгө түзгөн мыйзамсыз чечими негиз болгон.
2018-жылы 3-апрелде Бишкек шаардык соту бул ишти бузуп, аны кайра кароого төмөнкү инстанцияга жөнөткөн. Жакында башкы прокурор ошол чечимди чыгарган мурдагы судья Эльвира Жаркеевага "Кызмат абалынан кыянат пайдалануу", "Кызматтык жасалмалуулук" жана “Соттук эмес чечим чыгаруу” деген кылмыш беренелери менен иш козгоду. Бирок укук коргоочу Азиза Абдирасулова кылмыш учурунда кармалгандан сырткары сотторду жоопко тартуу алардын өз алдынчалыгын чектейт деп эсептейт:
- Кандай гана болбосун чечим же өкүм чыгарганы үчүн судьяны жоопко тартуунун өзү туура эмес. Эгерде анын пара алып, кандайдыр коррупциялык байланыштары аныкталып же болбосо кылмыш үстүндө кармалса, судьяга иш козголсо анда бир жөн. Анан “чыгарган чечими негизсиз” деген жүйө менен кылмыш ишин козгоо ансыз да алсыз жана көз каранды сот бийлигин биротоло басынтууга алып келет. Мен мындай практиканы колдобойт элем.
Башкы прокуратура аталган судьяларга козголгон кылмыш иштерин андан ары териштирүү үчүн тергөөнү УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгына өткөрүп бергени кабарланды.
Бирок Башкы прокуратура “кылмыш иши козголду” деп жарыялаган Жогорку соттун үч судьясына байланышкан иш эмне болгонун, алар кайсы судьялар экенин ачыкка чыгара элек. Үч судьяга карата кылмыш ишинин козголушуна мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди сындап ыр жазган көзү азиз акын Темирлан Ормуковдун бөгөт чарасын кароо судьялар тарабынан кечиктирилиши негиз болгону айтылган. Ормуков өзү муну негизсиз деп баалап, аны соттогон жана мыйзамсыз абакта кармаган сот-прокурорлор башкалар экенин айткан. Ошондон бери бул иштин аягы эмне болгону белгисиз.
Айрым жарандык активисттер болсо соттоого туура келбеген жагдайлар боюнча чечим чыгарган соттордун өзү жоопко тартылышы керек деп эсептейт.
“Туруктуу элдик кеңеш” бирикмесинин өкүлү Айбек Мырза уулу мыйзамсыз чыгарылган сот чечими үчүн жоопкерчилик тууралуу мындай деди:
- Мыйзамсыз, адилетсиз жана негизсиз жерден чечим кабыл алган соттор өздөрүнүн чыгарган чечимдери үчүн жоопко тартылышы керек. Анткени алардын жоопкерчилиги да болушу керек. Буга чейин соттор каалагандай чечим чыгарып, бирок анысына эч кандай жооп берген эмес. Эгерде алар да чыгарган чечимдери үчүн жооп бере баштаса, анда алар чечим чыгарарда жоопкерчилик бар экенин сезип калмак.
Буга чейин соттоого туура келбей турган чечимдери үчүн судьялар кылмыш жообуна тартылган учурлар каттала элек болчу.