Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:42

Бажы биримдиги үчүн жоопкерчилик алуу талашта


Бишкекте Бажы биримдигине каршы өткөн акциядан көрүнүш. 5-май, 2014-жыл.
Бишкекте Бажы биримдигине каршы өткөн акциядан көрүнүш. 5-май, 2014-жыл.

Жогорку Кеңештеги “Өнүгүү” депутаттык тобунун жетекчиси Бакыт Төрөбаев Бажы бирлигине кирүүнүн тобокелчиликтери жана кесепеттери үчүн өкмөттүн жоопкерчилигин мыйзам түрүндө бекитүүнү сунуштады.

Экономика министри Темир Сариев Бажы бирлигине багыт алуу бирден-бир жол экенин айткан менен жоопкерчиликти алуу сунушуна бир ыктай жооп берген жок. “Кыргызстан Бажы бирлигине” каршы коомдук кыймылы бул үчүн парламент, өкмөт жана президент – үч тарап тең бирдей жоопкерчиликтүү болорун жарыялады.

“Өнүгүү” тобу өкмөткө жоопкерчилик илет...

Кыргызстандын мыйзамдарын Бажы биримдигине шайкеш келтирүүгө багытталган мыйзам долбоорлорунун топтому парламентте биринчи окууда каралды. Талкуу учурунда ага карата ачык каршылык болбогон менен депутаттар тарифтик саясат, тобокелчиликтерди эсепке алуу жана Бажы биримдигине кирүүгө даярдыктын начардыгы боюнча маселе көтөрүштү. “Өнүгүү” депутаттык тобунун жетекчиси Бакыт Төрөбаев Бажы биримдигине киргенден кийинки оор кесепеттер үчүн өкмөттүн жоопкерчилигин кароону расмийлештирүүнү сунуштады:

- Буга чейин өкмөт отставкага кетип, кабыл алган чечими үчүн эч кандай жоопкерчилик тартпай келди. Мисал үчүн “Кыргызгазды” сатуу боюнча сүйлөшүүлөрдү өкмөт башчысынын биринчи орун басары, азыркы премьер-министр Оторбаев жүргүзгөн. Ал өзү өкмөт башчысы болгон соң Ошко газ берүү токтотулду. Кумтөр боюнча дагы бул киши сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Бирок ушул күнгө чейин жыйынтык чыга элек. Бирок мына ушуга окшогон өкмөттүн кадамдары үчүн эч ким жоопкерчилик тарткан жок. Эми минтип Бажы бирлигине киребиз деп демилге көтөрүп жатат. Бирок мына ошол бирликке кирген соң анын кесепеттери оор боло турган болсо, ким жоопкерчиликке тартылат? Биз ошондуктан өкмөттүн түздөн-түз жоопкерчилигин расмий түрдө киргизели деп жатабыз.

Аргасыз кадамбы....?

Ошол эле кезде бул Бажы бирлигине кирүү боюнча мыйзамдар топтомун парламентке сунуштап жаткан экономика министри Темир Сариев өкмөттүн жекече жоопкерчилиги тууралуу маселеге бир жактуу жооп берген жок. Айрым депутаттар өкмөт башчысы Оторбаев парламентке өзү келип, жалпы өкмөттүн атынан жоопкерчиликти алуусун талап кылды. Экономика Темир Сариев үч жылдан берки талдоо өлкө Бажы бирлигине кирүүгө мажбур экенин көрсөттү деп белгиледи:

- Эгерде биз Бажы бирлигине кирбейбиз деп чечим чыгарсак, анда чек араларыбыз мындан дагы катуу жабыла турган болсо, анда кандай айла кылабыз? Ошон үчүн биз бул кадамга барып жатабыз. Анткени өзгөчө былтыркы жылдан бери алар (Бажы бирлигине мүчө мамлекеттер) чек арага өзгөчө катуу тартипти киргизе башташты. Ошондо биздин бизнес чөйрө өзү “кыйналып кеттик, ишибиз болбой калды, тездеткиле” деп айтып чыкты. Бажы бирлигине кирсек кандайдыр бир товарларга баалар өсөт. Аны биз жашырган жерибиз жок. Эртең абдан сонун болуп кетет деп айта албайбыз, кыйналабыз. Бирок бул өндүрүштү көтөрүүгө абдан чоң мүмкүнчүлүк. Ошондуктан муну элибиз деле жакшы түшүнүп калды.

Баш мыйзам боюнча өкмөт парламенттик көпчүлүк тарабынан түзүлгөн аткаруу бийлиги. Андыктан парламент өкмөттүн сунушун өзү бекитип жаткан соң анын кесепети үчүн бирдей жоопкер болууга тийиш деген пикирлер үстөмдүк кылды. Эгерде парламент өкмөттүн демилгесин жактырбаса, көпчүлүк добуш менен аны четке кагууга акысы бар.

Президенттин жоопкерчилиги

“Кыргызстан бажы бирлигине каршы” коомдук кыймылынын теңтөрагасы Марат Мүсүралиевдин пикиринде, өлкөнүн келечек тагдырына байланыштуу бул чечим үчүн жоопкерчилик бардыгына бирдей болууга тийиш:

- Өкмөт дагы жоопкерчиликтен качпаш керек, парламент дагы андан качпоого тийиш. Эгерде парламент депутаттары бул демилгеге каршы болсо, өкмөткө жоопкерчиликти оодарып отурбай эле аны көпчүлүк добуш менен колдобой койсо болот да. Ал эмес бул маселе боюнча президент Атамбаев жоопкерчиликти алууга тийиш. Анткени ал өлкө башчысы катары 31-августтагы эгемендик күнүндө Кыргызстан Бажы бирлигине кирсе бардыгы жакшы болот деп элди үгүттөдү. Демек, өлкө башчысы катары ал киши эң башкы жоопкерчиликти өзүнө алууга тийиш.

Парламент Бажы бирлигине кирүүгө мыйзамдар топтомун шайкеш келтирүү боюнча маселеге үч окуудан соң добуш берет. Мындан кийин гана Кыргызстандын биримдикке кирүүсүн шарттаган келишим даярдалып, аны Жогорку Кеңеш бекитип берет. Мамлекет башчысы Атамбаевдин айтканы боюнча Кыргызстан 2015-жылдын 1-январынан тарта Орусия, Беларус жана Казакстандан турган Евразиялык экономикалык союзга кирмекчи.

XS
SM
MD
LG