Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:29

Мигранттар патент системасына өтүшү мүмкүн


Самат Токтоболотов.
Самат Токтоболотов.

Кыргызстан чет элден келип иштеген мигранттарга патент системасын киргизүүгө камынууда.

Патент жеке менчик короодо же талаада иштегендерге гана берилет. Ал эми фирмаларда эмгектенгиси келгендер жумушка уруксат берүүчү документ алууга тийиш. Болбосо мыйзамсыз миграцияга байланыштуу айыппулга жыгылып, мамлекеттен депортацияланат. Айыппулдун көлөмү мигранттын Кыргызстанда жүргөн күндөрүнө жараша аныкталат. Азыркы мыйзамдарга ылайык, ал 10 миң сом. Кыргызстанга жаз келери менен талаада, курулушта иштегени Өзбекстандан келген жумушчулар көбөйөт.

Мамлекеттик миграция комитетинин төрагасынын орун басары Самат Токтоболотов жаңы мыйзам жөнүндө айтып берди.

«Азаттык»: - Самат мырза, Кыргызстанга Өзбекстандан келип иштеп жаткан мигранттарга байланыштуу маселе парламентке чейин көтөрүлүп, 2018-жылдын ноябрында депутаттар өзбекстандык мигранттарга патент системасын киргизүүнү сунуш кылышты эле. «Жаз-жай мезгилдеринде 150-200 миңге чейин адам коңшу өлкөдөн келип иштейт» деген маалыматтар айтылып жүрөт. Тажикстандан деле келишет экен. Сиздердеги расмий маалыматтар кандай?

Токтоболов: - Учурда Өзбекстандан жана Тажикстандан келип, расмий түрдө иштеп жаткан мигранттар аз эле. Мисалы, 2018-жылы өзбекстандык 130 жаран расмий уруксат кагазы берилген. Тажикстандык 86 жаран да ошондой уруксат кагазын алган. Бирок өлкөнүн түштүк аймагында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында күн сайын каттап иштегендери бар. Эртең менен Кыргызстанга келип, кечинде кайра мекенине кетет же үч-төрт күн иштеп, кайра кетишет. Ошол сыяктуу күнүмдүк миграцияда жүргөндөрдү кошкондо коңшу өлкөлөрдөн келгендердин саны кыйла көбөйүп кетет.

Кыргызстанга келип иштеп жаткан мигранттардын ишмердигин жөнгө салуучу мыйзам долбоорун жазып жатабыз. 2019-жылдын ичинде бул мыйзам кабыл алынат.

«Азаттык»: - Ал мыйзамда кандай эрежелер болот?

Токтоболотов: - Мисалы, мигрант жеке менчик үйлөрдө иштесе патент алышы керек. Короодогу иштерди кылган, үй салган, талаада эмгектенген мигранттар бар эмеспи, ошолор патент алат. Бирок патент берүү ыкмасы жеңил жана ылдам болушу зарыл. Биздин эксперттик топтун сунушуна ылайык, патенттин баасы 500 сом болот. Андан кымбаттатуунун кереги жок. Эгер кымбат болсо патент албай коюп, ал жашыруун миграциянын күчөшүнө алып келет. Патентти алыш үчүн мигрант өзү Мамлекеттик миграция кызматынын тиешелүү өкүлчүлүгүнө барып, паспортун көрсөтүп алат. Мамлекеттик миграция кызматынын райондордо өкүлчүлүктөрү такай иштей баштайт.

Самат Токтоболотов менен маекти бул жерден угуңуз:

Мигранттар патент системасына өтүшү ыктымал
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:56 0:00

«Азаттык»: - Ансыз деле өзбекстандык, тажикстандык же башка чет элдик адам Кыргызстанда иштеш үчүн жумушка уруксат берүүчү документ алышы керек эмес беле? Анын баасы 2000 сом экени маалымдалган. Бирок акчаны мигрант эмес, жумуш берүүчү адам төлөйт. Ушундай эреже барбы?

Токтоболотов: - Жумуш берүүчү юридикалык тарап чет элдиктерди ишке алыш үчүн деп 4000 сом төлөйт. Ишке кирип жаткан мигрант өзү мыйзамдуу иштеш үчүн 2000 сом төлөйт. Колдоруна документ берилет. Аны албаса мыйзамсыз миграция болуп саналат. Эгер жаңы мыйзам кабыл алынып калса, жумуш берчү тарап акча төлөбөйт. Мигранттар жумушка уруксат кагаз алууга 10000 сом төгөт. Андай документ бир жылга бир берилет. Тагыраак айтканда жеке менчик жайда иштегендер патент менен, фирмаларда иштегендер уруксат кагазы менен жумушка кириши керек. Бул азырынча мыйзамга жазылып жаткан эрежелер.

«Азаттык»: - Кыргызстанга келип иштеген мигрант медициналык текшерүүдөн да өтүшү керек эмеспи. Анын эрежеси кандай?

Токтоболотов: - ВИЧ илдети жок экенин далилдеген маалымкат алып келиши керек. Аны Кыргызстандагы СПИД борборлорунан алышат. Мигрантка жумушка уруксат кагазын бериш үчүн мамлекеттик органдар аралык комиссия түзүлгөн, алар карап чыгып, чечим кабыл алышат.

Жаңы мыйзамда 80/20 деген эреже болот. Тагыраак айтканда, кай бир фирмада иштегендердин арасында мигранттар 20 пайызды гана түзүшү керек. Калганы жергиликтүү адистер болот.

(Бул интервью АКШнын Мамлекеттик департаментинин Калк жайгаштыруу иштери, качкындар жана миграция бюросу менен кызматташтыктагы «Миграция боюнча Азия чөлкөмдүк программасы» долбоорунун алкагында жазылды)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG