"Азаттык": Экс-президент Роза Отунбаева мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековго кайрылып, Өмүрбек Текебаевге ырайым берүүнү өтүнгөн. Кайрылууну колдоп, парламенттеги алты фракциянын лидерлери кол коюп беришти. Сооронбай Жээнбеков Текебаевди абактан бошотууга кийлигише албай турганын, бирок Текебаев өзү кайрылса мыйзам боюнча ырайым берүүгө мүмкүнчүлүк бар экенин айткан. Азыркы парламент жана экс-президент демилге көтөрүп жаткан ырайым берүү өтүнүчүнүн тартиби мыйзамга туура келеби?
Клара Сооронкулова: Мыйзамда ырайым берүүнүн президент тарабынан бекитилген тартиби жана жоболору бар. Соттолгон адамдын өзүнүн өтүнүчүсүз эле ырайым берүүнүн бир гана жолу бар. Бул - түбөлүк эркинен ажыратылган адамдардын мөөнөтүн мурдагы кодекс боюнча 30 жылга, ал эми 1-январдан тарта күчүнө кире турган жаңы кодекс боюнча 20 жылга алмаштырууга болот. Башка учурларда азыркы мыйзам боюнча сөзсүз түрдө соттолгон адамдын өзүнүн өтүнүчү болушу керек. Ошондуктан азыркы болуп жаткан көрүнүштөр мен үчүн мыйзамга туура келбейт.
"Азаттык": Эгер президент ырайым берип калса, ал эркиндикке чыгып алып деле өзүнүн актыгын далилдей алабы?
Клара Сооронкулова: Далилдей алат. Эркиндикке чыккандан кийин деле ал жагынан чектелбейт. Бирок ырайым берүүнүн өзүнүн тартиби бар. Президент өзүм билемдик кылып, каалаган кишиге ырайым бере бербейт. Кишинин өзүнүн өтүнүчү болуш керек. Ушул күнгө чейин мындай нерселер болгон эмес.
"Азаттык": Мыйзамга ылайык өтүнүчтү атайын комиссия карап чыгышы керек. Ал канча убакытты алышы мүмкүн?
Клара Сооронкулова: Өзүнүн мөөнөттөрү бар. Комиссия менимче бир айга чейин карашы керек. Бирок комиссияга чейин да өтүнүч колония жайгашкан жердеги акимиаттан өтөт. Ал жерде да комиссия бар. Акимиаттын комиссиясы президентке караштуу комиссияга жиберет.
Ырайым берүү өзү жакшы көрүнүш. Бул маселенин көтөрүлүп жатканы жакшы. Акыркы жылдары ырайым берүүнү ушунчалык купуя сыр кылып коюшту. Мурда президенттин буйругу чыгып, "мынча кишиге ырайым берилди, баланчага берилген жок" деп жарыяланчу.
"Азаттык": Мындай демилге жөндөн жөн эле көтөрүлө бербесе керек. Мунун артында кандайдыр бир тымызын сүйлөшүүлөр жүргөнүн да жокко чыгаруу болбойт. Мында азыркы бийликтин кандай кызыкчылыгы болушу мүмкүн?
Клара Сооронкулова: Өмүрбек Текебаев аябай эле маанилүү саясий фигура болуп жатат. Ошондуктан азыркы бийликтин деле кызыкчылыгы бар. Мурунку президент менен тирешүүдө пайдаланайын деген максаты болушу мүмкүн. Мунун албетте саясий жагы да бар. Бирок бул киши башынан эле мыйзамсыз соттолгону баарыбызга эле белгилүү болду. Ошондуктан азыр анын тарапташтары аны эптеп абактан чыгарып алуу аракетин көрүүдө. Бул жагы туура эле, бирок бардык нерсе мыйзамдын чегинде болушу керек да. Ошондуктан мыйзамсыз соттолгондордун баарынын иши кайра каралып, акталып чыгышы керек. Мыйзамсыз соттолгон бир эле Текебаев эмес да, саясий туткундар көп. Ошон үчүн бардыгына бирдей тартип болушу керек.
"Азаттык": Биз Өмүрбек Текебаевди Аскар Акаевдин да, Курманбек Бакиевдин да, Алмазбек Атамбаевдин да учурунда ар дайым оппозицияда жүргөн саясатчы катары тааныйбыз. Азыр ал абактан бошогон учурда өзүнүн оппозициялык ишмердигин улантабы же позициясын өзгөртүп бийликти колдойбу?
Клара Сооронкулова: Саясатчылардын ой-максаты белгисиз. Булардын ою жагдайга жараша өзгөрүп турат эмеспи. Кечээ кас болгондор бүгүн дос, ошондуктан айтыш кыйын. Бирок Текебаевди кандайдыр бир күчтөр өзүнүн максатында пайдаланабыз десе жаңылышат, анткени ал мындайга жол бере турган киши эмес деп ойлойм.
"Азаттык": Азыр Интернетте ар кандай божомолдор айтылып жатат. Өмүрбек Текебаев жаңы жылга чейин да чыгып калышы толук ыктымал дешүүдө. Эгер андай болуп калса, бул прецедент болуп, абактагы башка саясатчыларга да ырайым алууга жол ачабы?
Клара Сооронкулова: Туура айтасыз, бул жерде прецедент болуп жатат. Мыйзам астында баары тең укуктуу деген принцип бузулуп жаткандай. Эгер чын эле мындай прецедент орун алса, анда мыйзамсыз соттолгондордун башкалары да ырайым алыш керек. Алар да чыгышы керек. Саясий туткундарды айтпай эле коеюн, ал жакта башка да мыйзамсыз соттолгондор бар да. Алардын да өтүнүчтөрүнө президент көңүл бурушу керек да.
"Азаттык": Маегиңизге рахмат.