Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:28

Шамшиев: Экономикада жылыш бар


Кумтөр алтын кени
Кумтөр алтын кени

Кыргызстандын экономикасынын азыркы абалы тууралуу Экономика министрлигинин Макроэкономикалык саясат башкармалыгынын башчысы Насирдин Шамшиев маек курду.

- Эл аралык валюта корунун миссиясы жыл башынан бери кыргыз экономикасында өсүш байкалганын белгиледи. Алгач экономика канча пайызга өскөнүн жана бул өсүштүн булагын түшүндүрө кетесизби?

- Статистикалык комитеттин маалыматына таянсак, эки айдын ичинде ички дүң продукциянын өсүшү 8% болду. Үч айдын жыйынтыгы да бүгүн, эртең чыгат. Бул жолу да экономикадагы өсүштү 8% тегерегинде деп турабыз.

Жыл башынан бери Кумтөр кени туруктуу иштей баштады. Реформалар алдыга жылып жатат. Былтыр бир катар мыйзамдар кабыл алынган. Алар анча-мынча жемишин бере баштады. Мындан тышкары өнөр жай тармагында да жылыш бар. Былтыр сентябрь айында иштей баштаган Токмоктогу айнек заводу, цемент заводдору бар. Өндүрүштөгү жылыштардан улам мындай өсүшкө жеттик.

- Бирок былтыр ушул маалда 2011-жылга салыштырмалуу 11% төмөндөө болгон эле. Натыйжада азыр экономикадагы 2012-жылкы төмөндөө толукталды деп айтууга болобу?

- Азырынча төмөндөөнү толуктады деп айтуу эрте. Биздин премьер «жөжөнү күздө санайт» деп айткандай, толук натыйжа жылдын аягында белгилүү болот. Бирок биздин оптимисттик байкоолорубуз боюнча, жылдын аягына чейин ушул деңгээлде кармасак, экономикада жылыш болушу мүмкүн.

- Былтыр Кыргызстанга чет өлкөдөн келген инвестициянын көлөмүндө өзгөчө жылыш байкалган эмес. Азыр инвестиция багытында абал кандай?

- Кыргызстанга келген инвестициялар боюнча маалымат жыл башталгандан үч айдан кийин чыгат. Былтыр инвестициянын көлөмү 2011-жылга салыштырмалуу 11% төмөндөп кеткен. Алдын ала маалымат боюнча, быйыл инвестициялар былтыркы жылдын деңгээлинде эле түшүп жатат. Себеби инвесторлорду өлкөдөгү саясий туруктуулук маселеси, Кумтөрдүн айланасында жагдай кооптондуруп турат. Алар кыргыз өкмөтү менен Кумтөрдү иштеткен компаниянын ортосундагы сүйлөшүүлөр кандай аяктайт деп акмалап турушат. Ошондон кийин гана кайсы бир жылыштар болот деп күтүп жатабыз.

- Эл аралык валюта корунун өкүлдөрү кыргыз экономикасы тоо-кен тармагына, анын ичинде Кумтөрдүн ишине өтө көз каранды экенин айтышты. Бул кендин иши үзгүлтүккө учураса, экономика төмөндөп кетээри бышык. Кумтөрдөн башка кайсы артыкчылыктуу багыттарга көңүл бурса болот?

- Кумтөрдөн башка да артыкчылыктуу кендер бар. Быйыл Иштамберди менен Талды-Булак-Сол-Жээк кени ишке кириши керек. Андан башка артыкчылыктуу тармак - бул жеңил өнөр жайы.

Эң негизгиси – энергетика. Былтыр биз 15 миллиард кВт/сааттын тегерегинде электр энергиясын чыгардык. Бул биздин ГЭСтердин болгон мүмкүнчүлүгү. Мындан көп чыгара албайт. Ал эми экономиканын өсүшү үчүн бизге дагы кошумча энергия булактары керек. Ошондуктан энергетика тармагын өнүктүрмөйүн, экономикада өтө чоң өсүш болбойт. Биздин эсептөөлөр боюнча, акыркы беш жылдын ичинде 1,5 миллиард кВт/саат кошумча булактарды табышыбыз керек.

- Айрым эксперттер Кыргызстан дале болсо Эл аралык валюта кору өңдүү финансылык уюмдардын көмөгүнө көз каранды экенин белгилеп келишет. Бул көз карандылыктан чыгуунун кандай жолдору бар?

- Кыргызстандын бюджети социалдык тармакка багытталган. Ал эми экономиканы өстүрүүгө, Өнүгүү фондуна чындыгында эле акча аз бөлүнөт. Ошондуктан биз жакынкы жылдарда баары бир эл аралык донор уюмдардын жардамына муктаж болуп келебиз. Себеби экономиканы алдыга жылдыруу үчүн сөзсүз түрдө финансылык каражаттар керек.

XS
SM
MD
LG