Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:57

Индустриядан айыл чарбасына карай жол


Жакында эгемен Кыргызстандын тарыхында маанилүү бир окуя болуп өттү. Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча ички дүң продуктынын өсүш темпи 105,7% түзүп, биздин өлкө узак жылдар бою экономикалык өйдө-төмөн өзгөрүүлөрдөн кийин бул көрсөткүч боюнча 1990-жылдын деңгээлине чыкты. Ошентип Кыргызстан көз карандысыздык алган мурдагы СССРдин 15 республикасынын ичинен өзүнүн 1990-жылдагы экономикалык деңгээлин багындырган 11-өлкө болуп калды.

Буга чейин бул чекке 2001-жылы Түркмөнстан, Өзбекстан жана Эстония, 2003-жылы Беларус, 2004-жылы Казакстан жана Армения, 2005-жылы Азербайжан жана Литва, 2006-жылы Латвия, 2007-жылы Россия жеткен болчу. Бирок Латвия 2008-жылдагы дүйнөлүк финансылык кризистен катуу жабыркап, анын өндүрүшү 1990-жылкы деңгээлден төмөн түшүп кеткен болчу. Өткөн жылы бул өлкөдө экономика кайрадан жанданып, ички ички дүң продуктынын көлөмү 1990-жылга салыштырмалуу 98% түздү.

1991-жылы бул өлкөлөр эркиндикти жаңыдан алып жаткан кезде алардын жетекчилери өз өлкөсүн тез эле гүлдөтүп жиберчүдөй сезишкен. Кыргызстандын президенти Аскар Акаев, мисалы, 3 жылдын ичинде өлкөнү Швейцарияга айлантам деп айткан болчу.

Келечек алар ойлогондой болгон жок. Рынок экономикасын курууга багытталган реформалар башталар менен өндүрүш токтоп, завод-фабрикалар биринин артынан экинчиси жабылды. Кыргызстан Швейцария болмок тургай, тескерисинче, карызга белчесинен баткан, эли туташ жакыр Африка өлкөлөрүнүн кейпин кийди.

Өндүрүштүн төмөндөөсү кээ бир өлкөлөрдө 1999-жылга чейин созулду. Айрым өлкөлөрдө ал өткөн кылымдын 30-жылдарындагы «улуу депрессиядан» да ашып түштү. Көчтүн башын 72% төмөндөө менен Грузия, артын 19% төмөндөө менен Өзбекстан ээледи. 15 мамлекеттин жетөөсүндө ички дүң продукт эки эсе кыскарды. Кыргызстанда болсо ал 49,4% түздү.

Алды менен өндүрүштүн төмөндөө запкысы өнөр жай тармагына тийди. Бул экономиканын тутумундагы кескин өзгөрүүлөргө алып келди. Өлкөлөрдүн бардыгында өнөр жайдын үлүшү азайып, айрымдарында болсо анын ордун айыл чарбасы ээлеп калды.

Экономиканын агрардашуу процессине биринчи кезекте Кыргызстандын экономикасы дуушар болду. Биздин өлкөдө өнөр жай өндүрүшү 10 эсе кыскарып, 1996-жылы айыл чарба продукциясы ички дүң продуктынын 46% чейин жетти. Акыркы жылдары экономикалык өсүштүн тездеши менен айыл чарбанын үлүшү кайрадан төмөндөй баштады. Ал азыр болжол менен 22% түзөт.

2000-жылдардын башынан тартып көз карандысыз мамлекеттердин экономикасы тез өсө баштагандыгы байкалат. Ички дүң продуктынын өсүү темпи боюнча биринчи орунга аны 3,4 эсе көбөйтүүгө жетишкен Түркмөнстан, экинчи орунга Азербайжан (2,5 эсе), үчүнчү орунга Өзбекстан (2 эсе) чыкты. Артта калган өлкөлөр жөнүндө айта турган болсок, символикалуу чекти экинчи жолу багындырууга мажбур болуп жаткан Латвияны кошпогондо, 90-жылдын деңгээлине жетелек азыр дагы 4 өлкө бар. Алар Тажикстан (85%), Грузия (70%), Украина (69%), жана Молдова (62%).

Көз карандысыз мамлекеттердин өткөөл мезгилдин кесепеттерин жеңип чыгуусуна жана алардын андан ары өсүп өнүгүүсүнө кандай факторлор көбүрөөк таасир этти? Кайсы өлкөлөрдүн стратегиялары натыйжалуу болуп чыкты? Бул суроолорго жооп табуу кылдат жана ар тараптуу изилдөөнү талап кылат. Ал окумуштуулардын келечектеги милдети. Ошондой болсо да экономикалык өнүгүүгө өлкөлөрдүн баштапкы экономикалык абалы, тандап алган саясий-экономикалык системасы жана жүргүзгөн экономикалык реформалардын модели чоң роль ойногонун айта кетүү зарыл.

Бул жерде көзгө даана урунган бир нерсени айтпай кетүүгө мүмкүн эмес. Бир жагынан Түркмөнстан, Өзбекстан, Азербайжан өңдүү авторитардык өлкөлөр, экинчи жагынан демократияны жана рынок экономикасын ыкчам курган Балтика өлкөлөрү чоң ийгиликтерге жетишип, ал эми ортосаар стратегияны тандап алган өлкөлөр артта калганы байкалат. Алдыңкы катардагы өлкөлөрдүн ичинен болсо демократиялуу өлкөлөргө караганда авторитардык өлкөлөрдүн стратегиясы бир топ натыйжалуу болуп чыкканын бегилей кетүү керек. Авторитардык өлкөдөрдүн "өзгөчө ийгиликтери" бул өлкөлөргө мүнөздүү болгон статистикалык уюмдарды көзөмөлгө алып, статистикалык маалыматтарды бурмалоо адаттарына байланыштуу болушу да мүмкүн.

Кыргызстанда экономикалык реформалар Балтика өлкөлөрүндөгүдөй либералдуу болгон менен саясий система Борбордук Азиянын авторитардык өлкөлөрүндөгүдөй бир колго топтолгон бийлик болгон. Мунун натыйжасыз экендигин тарых далилдеди.

Кыргызстан азыр 15 өлкөнүн чабалдарынын бири. Бизде жумушсуздук ишке жарамдуу калктын 20% кем эмес. 500 миң адам чет өлкөлөрдө иштеп жан багат. Калктын үчтөн бири төмөндөтүлүп иштелип чыккан критерийлер боюнча эсептегенде да жакыр деп эсептелет. Өлкөнүн тышкы карызы кооптуу деп эсептелген чекке жакын. Бийликтин күч менен эки жолу алмашуусу Кыргызстан дагы эле өнүгүүдө өз жолун таба электигин далилдейт.

Кыргызстандын экономикасы 90-жылдын деңгээлине жетсе, эмне үчүн калктын жашоо-тиричилиги ошол кездегидей жакшырбайт деген сурооо туулбай койбойт. Бул эки нерсеге байланыштуу болушу мүмкүн. Биринчиден, жумушчуларга бирдей эмгек акы төлөгөн административдик–командалык экономикадан айырмаланып, рынок экономикасында калктын кирешелеринде дайыма айырма болот. Коом бай жана кедейге бөлүнүп, алардын кирешелериндеги ажырым өсөт.

Изилдөөлөргө караганда калктын кирешелериндеги айырмачылыкты чагылдырган Жининин коэфициенти Кыргызстанда 0,245 (2009-жыл) түзөт. Ошондуктан экономикалык өнүгүү байларга сезилип, кедейлерге анчалык сезилбей жатышы мүмкүн.

Экинчиден, ал ошол эле статистикалык эсептин каталарына байланыштуу болушу мүмкүн. Бизде дагы буга чейин авторитардык бийлик болуп, ага статистикалык комитет түздөн түз баш ийгени белгилүү. Ошого байланыштуу биздин көрсөткүчтөр да Өзбекстан, Түркмөнстандагыдай кошуп жазылып жатышы, а чындыгында Кыргызстан 90-жылдын деңгээлине жете элек болуп чыгышы мүмкүн.

Ушуга байланыштуу бир нерсени белгилей кетели. Бийлик алмашкандан кийин мамлекеттик органдарга коомдук көзөмөлдү орнотуу процесси башталды. Бирок бул иш Улуттук статистикалык комитетке жете элек. Эгерде өлкө объективдүү маалыматтарды алып тургусу келсе, аны мамлекеттик башкаруудан таптакыр чыгарып, коомдук телевидение сыяктуу коомдук башкаруу киргизүү зарыл.

Коомчулукта Кыргызстан СССрдин чабал республикасы болчу, ошондуктан ал өткөөл мезгилде көп кыйынчылыктарга туш келди деген ой көп айтылат. Бул чындыкка туура келбейт. 90-жылы Кыргызстан ички дүң продуктынын жан башына эсептегендеги көлөмү боюнча Орусия жана Казакстандан кийинки үчүнчү орунда турган. Ал бул көрсөткүч боюнча Өзбекстан, Түркмөнстан, Тажикстанды гана эмес, Балтика республикаларын да артта калтырган. Мисалы, ички дүң продуктынын жан башына эсептеген көлөмү 1990-жылы Латвияда 903 долларды, Литвада 675 долларды, Эстонияда 694 долларды түзсө, Кыргызстанда 3300 долларды түзгөн.

Мунун сыры жөнөкөй эле. Ал кезде Кыргызстанда башка өлкөлөргө караганда машина куруу өнөр жайы жакшы өнүккөн. Бул тармакта 100 миңдеген адам иштеген ири ишкана бар болчу. Анын өнүгүү деңгээли боюнча Кыргызстан, башкаларды айтпаганда да Россиянын өзүнөн да кем калган эмес. Машина куруу өнөр жайы болсо кошулган наркты көп берген тармак. Ошондуктан Кыргызстан ички дүң продуктысы да эсептей келгенде көп болуп чыккан. Бул ишканалардын баары 90-жылдары жабылып, жарак-жабдыктары болсо ит бекер көрүнгөнгө сатылып кетти. Бул көрүнүш бийлик экономикалык реформаларды жүргүзүүдө башка өлкөлөрдү сокур туурап, өлкөнүн өзгөчөлүгүн эске албагандыгын көрсөтөт.

XS
SM
MD
LG