Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:32

Иликтөөнүн изи, талкуудагы талаштар


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандагы ири базарлардын өкүлдөрү «өлкөдөн миллиондогон акча чыгарылганы тууралуу маалыматтар тарап, ал өз кезегинде сыртка акча которууга зыянын тийгизип жатат» деп айтып чыгышты.

Алар мындай жагдай текшерүүлөрдү күчөтүп, сыртка акча которуу токтоп, чет өлкөлөрдөн товар салуу кечеңдейт деп кабатыр. Бирок алар Экономикалык кылмыштарга күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын (Финансы полициясы) жетекчиси айткан Оштогу банктардан сыртка которулган миллиондор соодагерлердики экенин ырастай алышкан жок.

«Азаттыктын» «Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи» иликтөөсүнүн автору колунда миллиондогон доллар акча бир жерден которулганын ырастаган документалдык далилдер бар экенин көргөзүп, атайын иликтөөдөгү маалыматтар так экенин белгиледи.

Соодагерлердин тынчсыздануусу

Атайын уюштурулган басма сөз жыйынында өздөрүн «Дордой», «Кара-Суу» жана «Мадина» соода комплекстеринин ишкерлери катары тааныштырган жарандар Кыргызстандан 700 миллион доллар чыгарылып кеткени тууралуу маалыматтарды «фейк» деп аташты. Алар коммерциялык банктар аркылуу сыртка товарлардын акчасы которулаарын айтып, анын бардыгын мамлекеттик органдар көзөмөлдөй турганын белгилешти. Ишкерлер мыйзамсыз акча которуу боюнча маалымат өлкөнүн финансылык тутумуна шек келтирип, акча которууда кыйынчылык жаратып жатканын айтышты.

«Дордой» базарынын өкүлү Самат Абдрахманов аталган маалымат Кытайдан товар ташып келүүгө терс таасирин тийгизип жатканын билдирди:

«Базардагы дүң соода менен алектенген Кытайдын жарандары: «Акча которуу өтө эле кыйын болуп калды. Эми ал жактан товар келеби же келбейби?» - деп катуу тынчсызданып жатышат. Буга байланыштуу соода жүгүртүү токтоп калабы деген кабатырлык бар. Туруктуулук жок болуп жатат. Анткени товар салуучу менен алуучулардын ортосунда келишим түзүлөт. Товар келгенден кийин аны бөлүп төлөөгө алып, сатылышына жараша акчасын банктар аркылуу которуп турушчу. Азыр ал жактан акча которуу туурасында шек саноо болгондуктан товар жөнөтүлбөй калышы мүмкүн».

Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи
please wait

No media source currently available

0:00 0:30:08 0:00

Буга чейин Финполициянын төрагасы Бакир Таиров «Азаттыктын» иликтөөсүндө айтылган 700 миллион доллар акча «Дордой», «Кара-Суу» жана «Мадина» базарларында иштеген соодагерлерге таандык экени аныкталганын айткан болчу. Бирок ал ишкерлер басма сөз жыйынында жеке ишкер Айеркен Саймаити аттуу адамга жана «Абдыраз» фирмасы аркылуу өлкөдөн чыгарылган миллиондорго алардын тиешеси жок экенин айтышты.

Юрист Муса Бейшенов Айеркен Саймаитиден анын фирмасы аркылуу акча которгондордун тизмесин жарыялоону сурады:

«Бул маселе жалаң эле Айеркен Саймаитинин эмес, бардык ишкерлердин кызыкчылыгын козгойт. Ошондуктан биз бул жерге чогулуп, басма сөз жыйынын өткөрүүгө мажбур болдук. Ошондой эле биз Саймаитиге чыгып, бизге анын эч кандай тиешеси жок болсо да ага кайрылууга аргасызбыз. Биз андан ал аркылуу чет өлкөлөргө акча которгон ишкерлердин тизмесин ачыкка чыгарууну өтүнөбүз. Ал эми Айеркен Саймаити жана анын «Абдыраз» фирмасы аркылуу чет өлкөлөргө качан жана кантип акча которгону боюнча суроолорго ал өзү жооп берсин. Биз ал үчүн жооп бере албайбыз. Ал эми бул жерде отурган ишкерлер тууралуу айтсак - ооба, алар товар сатып алыш үчүн сыртка Бишкектен жергиликтүү банктар аркылуу акча которуп жүрүшкөн».

Бишкекте иштеп, Оштон сыртка акча которгондор дайынсыз

Ошол эле кезде ишкерлер Кыргызстандын ири базарларында иштеген соодагерлер акчаларын ирилештирип топтоп туруп, жергиликтүү банктар аркылуу сыртка которгон практика бар экенин мисалга алышты. Бирок иликтөөнүн автору, журналист Али Токтакунов Бишкекте соода кылгандар эмне себептен накталай акчасын ташып барып, Оштогу банктар аркылуу которушу мүмкүн деген суроону кабыргасынан койду:

Али Токтакунов.
Али Токтакунов.

«Азыр бул жакка келип, басма сөз жыйынын өткөргөн ишкерлер бул маселеге таптакыр тиешеси жок экенин айтышты. Буга чейин Финполдун жетекчиси болсо «которулган миллиондор базарда иштеген соодагерлерге таандык экени аныкталды» деген болчу. Аныкталган болсо ошол соодагерлер келип айтышпайт беле? Биздин колдогу документтер боюнча аталган миллиондор бир жерден - Оштон которулган. Анда бир суроо туулат: жанагы документтердеги миллиондор «Дордой» менен «Мадинада» иштеген соодагерлер которгон акча болсо, анда алар Бишкекте иштеп тапкан акчасын, Ошко накталай көтөрүп барып, анан ал жактан чет өлкөлөргө которушу мүмкүнбү? Албетте, бул логикага туура келбейт».

Бул басма сөз жыйынындагы ишкерлер «Бишкектеги соодагерлер Оштогу банктар аркылуу сыртка акча которушу мүмкүнбү?» деген суроону жоопсуз калтырышты.

«Мадина» базарынын башкы директору Эрик Умарбаев Кыргызстандан 700 миллион доллар которгон жеке ишкер Айеркен Саймаити жана анын «Абдыраз» фирмасы менен тааныштыгы жок экенин айтып, бирок мындай ири акча бир жерден чыгышынан күмөн санай турганын билдирди:

«Азыркы күндө мага бизде иштеген соодагерлер келип, Кытайдагы өнөктөштөр чыккан маалыматтан улам «акча которуу кыйындайт, ошон үчүн товар сала албайбыз» дегендей камтама болуп жатышканын айтышууда. Ошондуктан мен аларга «ал жактагы өнөктөштөрүңөрдү тынчтандыргыла» деп айттым. Анткени мындай маалыматтар чыгып жатканын тиешелүү жалпыга маалымдоо каражаттары да көргөзөт деген ойдомун. «Накталай акчаны көмүскө ташыган» жана «банктар аркылуу миллиондор чыгарылып жатат» деген туура эмес деп эсептейм».

Журналисттин далилдери

Басма сөз жыйынындагы бул ишкерлердин «Кыргызстандан чыгарылган миллиондор тууралуу маалыматтар – фейк-маалыматтар» деген мүнөздөмөсүнө карата иликтөөнүн автору, журналист Али Токтакунов мындайча жооп кайтарды:

«Ал иликтөөнү «фейк» деп айткандар, анын ошондой экенин ырастап бере алган жок. Биз болсо «Азаттыктын» иликтөөсү фейк эмес экенин далилдер менен журналисттерге көрсөтүп бердик. Менин колумда азыр мөөр басылган, «Абдыраз» аркылуу чыгарылган миллиондор тууралуу банк документтеринен экөө турат. Менде буга окшогон ондогон документтер бар. Анын бардыгы «Азаттыктын» Прагадагы кеңсесинде катылуу турат. Ошолордун негизинде Кыргызстандан 250 миллион доллар бир катар чет өлкөлөргө чыгарылып кеткенин иликтеп чыктык. Биздин ишенимдүү булактар «жалпысынан 700 миллион доллар чыгарылган» деп айтып беришти. Биз бул иликтөөнү дагы улантабыз».

Жакында «Азаттык» журналист Али Токтакунов даярдаган «Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи» деген атайын документалдуу иликтөөнү жарыялаган.

Иликтөөдө Айеркен Саймаити аттуу киши Кыргызстандан 7 жыл бою Түркия, Бириккен Араб Эмираттары, Германия, Британия, Швейцария, АКШ, Кытай, Латвия, Орусия, Голландия, Лихтенштейн, Гонконг жана Гана өлкөлөрүнө акча которуп турганы көрсөтүлгөн.

Банк документтерине караганда, кээде бир нече жүз миң доллар болсо, айрым күндөрү бир нече миллион долларга чейин которулган. Бул видео иликтөө коомчулуктун бүйүрүн кызытып, кеңири талкууланып жатканы белгилүү.

Талкуудагы талаштар

3-июнда "5-каналдын" түз эфиринде “Миллиондордун изи менен” деген талкуу өттү.​ Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов согуш ардагери болгон атасынын ысымын алып жүргөн “Исмаил-Ата” фондунун демөөрчүлөрү ким экенин түз эфирде айтуудан баш тартты.

“Азаттыктын” ага катышкан кабарчысы Али Токтакуновдун “Сиздердин фондду каржылап, миллиондорду которгон спонсорлорду атаңыз. Ал кишини жатка билесиз да. Элге айтыңыз” деген суроосу эки жолу кайталанып, жоопсуз калды.

Искендер Матраимов Токтакунов кимдир бирөөнүн “заказы” боюнча иштеп жатат деп айыптап, “эгер мен кааласам, ошолордун фамилияларын берем” деди, бирок атаган жок. "Түркиядан которгон Озжан деген менин досум" деп гана билдирди.

"Чет мамлекетте бизге өзүбүзгө жараша мамиле кылып жүргөндөр бар. Жөнөткөн кишилер араб мамлекеттеринен. Кээ бир мусулман мамлекеттерде өзүнүн тапкан пайдасынан кайсы бир процент зекет деген бар, ошону беришет",- деди ал.

Талкууга катышкан коомдук ишмер Эдил Байсалов да Матраимовдор түзгөн “Исмаил-Ата” кайрымдуулук фондунун демөөрчүлөрүнө байланыштуу маселени көтөрдү.

"Зекет алгыдай силер кимсиңер? Салык салып жатасыңарбы? Арак саткан олигархтар да, базарчы олигархтар да биз үчүн коркунуч. Биз муну башынан айтып, аларга саясатка кийлигишпегиле деп айтып келе жатабыз. Өзгөчө шайлоонун алдында мындай чоң суммадагы байлыктардын булагын, табиятын ачыктап алалы. “Фейсбукка” жазгандар фондго акча которууну арам акчаны адалдоонун классикалык ыкмасы деп айтып жатышат. Колуңарда бийликте турган силерге ушундай акча келип жатса.... Анан Алмазбек Атамбаев да корруцпия менен күрөшүп жатат да, «мага досторум жардам берип жатат» деп айтпады беле. Ай, айланайын, сенин колунда бийлик болуп турган кезде келип түшкөн бир тыйынбы, бир миллионбу бул - коррупция болот", - деди Эдил Байсалов.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG