Аталган компаниянын кыргыз өкмөтүнө койгон 118 миллион доллар доосун өндүрүп берүү үчүн Канаданын соту Кыргызстандын “Центеррадагы” акциясынын алтымыш пайызын камаган. Парламентте өкмөттүн эл аралык доону төлөөдөгү ишмердигин иликтөө боюнча депутаттык комиссия түзүү жагы сунушталууда.
Артык кылам деп тыртык кылган бийлик
Москванын соода өнөр-жай палатасынын алдындагы инвестициялык талаштарды териштирүүчү Арбитраж 2014-жылы 30-июлда Stans Energy корпорациясы Куттуу-Сай-II кенин иштетүү укугунан негизсиз ажыратылган деп тапкан. Арбитраждын чечими боюнча анын пайдасына 118 миллион доллар төлөп берүүнү кыргыз өкмөтүн милдеттендирген болчу. Бул сот чечимин аткаруу үчүн Stans Energy Канаданын Онтaрио сотуна кайрылып, Кыргызстандын “Центеррадагы” акцияларын каматууга жетишти. Былтыр аталган канадалык компания Куттуу-Сай кенин иштетүү укугунан ажыратылган болчу. Кыргызстандын мурдагы премьер-министри Амангелди Муралиев өкмөт учурда өзү таштаган торго өзү чалынып жатканын айтып, анын бул багыттагы саясатын кескин сынга алды:
- Кыргыз өкмөтү бул маселени убагында өзү курчутуп алып, анан эми аны сүйлөшүү аркылуу чечебиз дегени абийир алып келбейт. Анан эми бизде болбогон бир кур намыс менен маселе кыйшык жол аркылуу чечилип жатса, аталган канадалык компания эл аралык сотко берүүгө аргасыз болду да. “Стэнс Энержи” инвестициялык долбоорун түзүп чыгып, ишин жакшы эле баштаган болчу. Анан эле болбогон бир шылтоо менен анын лицензиясын алабыз деген маселе чыкпадыбы. Бирок мына ошонун айынан түзүлгөн кырдаал кыргыз бийлигине же кадыр-барк же пайда алып келбеди. Бул чатактын айынан тескерисинче өлкөнүн инвестициялык климаты бузулду. Ушул биздин улуттук кызыкчылык үчүн керек беле?
Канадалык Stans Energy Куттуу-Сай-II жана Кале-Сай сейрек кездешүүчү металлдар кенин иштетүүгө 2009-жылы укук алган. 2011-жылы Мамлекеттик геология агенттиги анын лицензиясынын мөөнөтүн узартып берген. Кийин бул үчүн агенттиктин жетекчиси Учкунбек Ташбаевге кылмыш иши козголгон.
Кыргызстандагы Кытай кызыкчылыгынын “карааны”
Былтыр канадалык Stans Energy корпорациясынын аткаруучу директору Роберт Маккей Куттуу-Сайды иштетүү укугун алардын колунан тартып алууга Кытай кызыкдар болуп жатканын жарыялап чыккан. Анткени жогорку технологиялар тармагында Кытай Батыш менен катуу атаандаштыкты баштаган. Андыктан ага колдонулуучу сейрек кездешүүчү металлдар рыногуна болгон үстөмдүктү колго алуу үчүн Кытай Кыргызстанда да ушундай кадамга барып жатканы айтылган. Роберт Маккей 2013-жылы Батыш маалымат каражаттарынын бирине курган маегинде мунун артында Кытайдын “Хунбо Баотоу” (Hongbo Baotou) компаниясы жана аларга лоббистик кызмат көрсөткөн кыргыз саясатчылары бар экенин белгилеген болчу:
- Кыргызстанда биз биринен сала экинчи проблемага кабылдык. Чабуулдар Кыргызстандын соттору биздин пайдабызга бир эмес, бир нече жолу чечим чыгаргандан кийин да эмне үчүн токтобогонун биз эми түшүнүп жатабыз. Мындан сырткары кээ бир саясатчылардын негизсиз айыптоолорунун жүйөсүн да биз эми аңдап-билүүдөбүз. Бул аракеттер сейрек кездешүүчү оор элементтердин Куттуу-Сай 2 өңдүү технологиялык процесси белгилүү кенди өздөштүрүүнүн жана ага ээлик кылуунун стратегиялык маанисин далилдеди. Бул сейрек кездешүүчү элементтерди Кытайдын тармактагы үстөмдүгүнөн кутулууга умтулган Батыш компанияларына коопсуз жана үзгүлтүксүз жеткирүүнүн маанисин көргөзүп жатканын баса белгилеп кетким келет.
Лицензиядан ажыратуу эмнеге негизделген?
Эске сала кетчү жагдай, 2012-жылы Жогорку Кеңеште Нуржан Бадыкеева менен Каныбек Иманалиев баштаган “Ар-намыс” фракциясынын бир катар депутаттары Куттуу-Сай-II кенин иштетүүгө берилген лицензияны алуу демилгесин көтөрүшкөн. Анын негизинде Башкы прокуратура “Стэнс Энержи” компаниясына лицензия тендерсиз берилип кеткен деген доо менен сотко кайрылып, сот анын уруксат наамесин жокко чыгарган. Көтөргөн демилгеси учурда Кыргызстанды 118 миллион доллар айыпка жыгып жаткан ал депутаттар бул маселе боюнча комментарий берүүнү туура көрүшкөн жок.
Ошол эле кезде Мамлекеттик геология агенттигинин юристи Элдияр Муканов канадалык компаниянын кыргыз өкмөтүнө койгон 118 миллион долларлык доосун келишимдин жобосуна ылайык, негизсиз деп эсептейт:
- Лицензиялык келишимге ылайык, булар ал жакка эч кандай каражат чыгымдоого акысы жок болчу. Себеби канадалык компания башында атайын долбоор иштеп чыгып, ошол бекитилген соң гана ишти баштоого тийиш эле. Бирок алар мындай кылбастан, тиешелүү шартта макулдашпастан туруп эле ал жактан ар кандай объекттерди сатып алып, каражатын чыгымдай башташкан. Анан эми “мына ушунча каражат чыгымдадык, ага кошумча иштин токтошунан улам колдон чыккан пайданын эсеби 118 миллион долларга барабар” деп бизге доомат коюп жатышат. Бул туура эмес. Биз долбоор иштелип чыга электигине байланыштуу аларга мына ушунча каражат чыгымдоо керек деп талап кылган эмеспиз.
оркунучтуу өнөкөт
Канадалык компаниянын кыргыз өкмөтүнө доо коюп, анын “Центеррадагы” акцияларын каматышын буга чейин түзүлүп калган соттук прецедент менен байланыштыргандар да бар. Анткени жакында эле түркиялык “Систем Мүхендислик” компаниясы кыргыз өкмөтүнө 11 миллион доллар доо коюп, аны “Центеррадагы” акцияларды камоо аркылуу өндүрүп алууга жетишкен. Мына ушундан улам парламент депутаты Кенжебек Бокоев кыргыз өкмөтү ал доону төлөп берип, коркунучтуу өнөкөткө жол ачты деп сынга алды:
- 11 миллион долларды төлөп берүү менен Оторбаев жетектеген өкмөт прецедент түздү. Кыргызстанды эл аралык сотко бергендин баары “Центерра голддогу” акцияны камакка алып, коркута баштады. Мына Куттуу-Сай кени боюнча Stans Energу компаниясынын арызына ылайык, Кумтөрдүн 60 пайыздык акциясы камакка алынганын угуп жатабыз. Биз “Систем Мүхендисликке” доону төлөө мыйзамдуу болгон же болбогонун текшеришибиз керек.
Жогорку Кеңеште эл аралык соттордо кыргыз өкмөтүнүн утулуп жатышынын себептерин жана доолорду төлөөнүн мыйзамдуулугун иликтөө жагы сунушталууда. Бул боюнча атайын убактылуу депутаттык комиссия түзүү маселеси парламенттин күн тартибине киргизиле турган болду.