Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:29

Тургуналиев: Демократия - элдин татыктуу турмушу


29-октябрда Ишенаалы Арабаев атындагы мамлекеттик университетте “Кыргыз Республикасынын азыркы саясий тарыхы. Саясат жана инсандар. Топчубек Тургуналиев” деген аталыштагы республикалык конференция өттү.

Конференцияда Топчубек Тургуналиевдин 80-жылдардын экинчи жарымынан эле саясатка аралашып, коммунисттик диктатурага каршы чыгып, алгачкылардан болуп саясый ачкачылык жарыялап, тоталитардык системанын куугунтугуна кабылганы белгиленди.

Ошондой эле Кыргызстандагы негизги бурулуш мезгили болгон 1990-жылдан баштап кыргыз тарыхынын өнүгүшүндөгү демократияга, көз карандысыздыкка болгон күрөштү Тургуналиевсиз элестетүү мүмкүн эместиги айтылып, Кыргызстан Демократиялык кыймылын негиздегендердин бири катары бааланды.

Жогорку Кеңештин депутаты, саясатчы Өмүрбек Текебаев Топчубек Тургуналиевди 1990-жылы 15-декабрда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган Кыргыз мамлекетинин эгемендүүлүгү жөнүндөгү декларациянын жана 1993-жылдагы Кыргыз Республикасынын Конституциясынын долбоорунун авторлорунун бири катары атап, демократия үчүн беттегенинен кайтпаган саясатчы деп сыпаттады.

- Топчукеде көк жалдык мүнөз бар. Жыйырма жыл тынбай күрөшүп, саясаттан кетпей жүрөт. Топчуке бийликте болбой туруп, жыйырма жыл саясатка таасир этип, өлкөнү өзгөртүп келаткан феноменалдык жападан жалгыз киши. Калгандары келет, кетет, бар болот, жок болот, ал эми Топчуке тынымсыз келип отурат.

Ошондой эле Топчубек Тургуналиевдин бийликтин туура эмес саясатына, авторитардык, үй-бүлөлүк башкаруусуна каршы чыккандыгы үчүн саясий куугунтукка алынып, жазыксыз абакка кесилгени да козголду. Ал 1995-жылы 22-декабрда президенттик шайлоо жүрүп жатканда камакка алынып, мурдагы президент Аскар Акаевди жамантты кылган деген айып менен 1 жылга эркинен ажыратылган.

Бир жылдан кийин Бишкек шаардык соту тарабынан БГУда ректор болуп турганда акча каражатын жок кылган делип, он жылга абакка кесилип, 1184 күн түрмөдө отуруп чыккан.

Лондондо жайгашкан абройлуу Эл аралык Мунапыс уюму тарабынан үч жолу “абийирин, намысын сатпаган адам” деп таанылган.

- Топчуке жалпысынан 28 жылга соттолду. Түрмөлөрдүн бардык режиминен өттү. Эн акырында катуу режимде Ново-Покровкада мөөнөтүн өтөдү. Ошол жерде абакта отурганда БУУнун талабы менен Аскар Акаев аргасы жок чыгарууга мажбур болду. Мына ошондо аксылыктардын өтүнүчү менен Топчукеме бардым. “Ай, Топчуке, кечирим бер деп Акаевге бир барак кагаз жазып бериңизчи. Акаев сизди чыгарганы жатат”,-десем, “жок, мен кечирим сурабайм, менин күнөөм жок. Кандай камаса ошондой чыгарып койсун”,-деп бир дагы кагаз жазбай койду.

Азимбек Бекназаров белгилегендей, Топчубек Тургуналиев мамлекеттин саясий системасын өзгөртүүгө баш оту менен кирип, өмүрүн тобокелге салып, демократиянын орношуна опол тоодой кызмат кылды.

- Эмне үчүн Топчуке бийликке жаккан жок? Себеби ал бетке чабарлыгы, өзүнүн позициясынан тайбагандыгы, көк беттиги, негизгиси кошомат кыла албаганы менен жакпай жүрөт.

Иш-чарада Топчубек Тургуналиевдин демократиянын баалуулуктарын сактоого, мыйзамдуулукту, адам укуктарын коргоого кылган аракети, аткаминерлердин алдым-жуттумчулук, шылуунчулугуна, коррупцияга каршы тартынбай чындыкты чыркырап айткандыгы менен башка саясатчылардан айырмаланары белгиленди.

Топчубек Тургуналиев өлкөдө демократия толук орноорунан үмүтү зор экенин билдирди.

- 90-жылдардын башынан бери демократия алдастап, кичине өсүп келаткан демократияны балчыкка, баткакка чабышып, эми кайра түздөлүп, оңолуп келатат деген үмүтүм бар. Демократия тарыхта эч качан жеңилген эмес. Кез-кезде аны кыйшайтып, ылайга чапканы менен келечек ошол демократияныкы. Демократия - адилеттүүлүк. Демократия - ал элдин татыктуу турмушу. Демократия - Кыргызстан бүткүл дүйнөнүн коомчулугуна татыктуу баш көтөрүп кирүү деген сөз.

Жогорку Кеңештин аксакал депутаты Ташболот Балтабаев жыйырма жылдан бери кыргыз демократиясынын көч башында Тургуналиев келатканын белгиледи.

- Бул киши Союз биримдиги кулагандан кийин кыргыз демократиясынын көч башында келатат десек жаңылышпайбыз. Раматылык Дооронбек Садырбаев экөө кыргыздын тарыхында кашкайган чындыкты бетке айткан. Канчалык бийлик сүрдүү, күчтүү болбосун, диктатор болбосун, түз караган инсандар катары кыргыздын тарыхында калаарынан менин шегим жок.

Арабаев атындагы мамлекеттик университетте окуу жайдын окутуучулары, илимпоздор, саясатчылар катышкан “Кыргыз Республикасынын азыркы саясий тарыхы. Саясат жана инсандар Топчубек Тургуналиев” деген аталыштагы республикалык конференция белгилүү саясатчы жана коомдук ишмер Топчубек Тургуналиевдин 70 жылдыгына карата уюштурулду.

Анын мааракеси 18-ноябрда мамлекеттик деңгээлде өткөрүлөрүн вице-премьер-министр Ибрагим Жунусов билдирди.

Топчубек Тургуналиев 1941-жылы 5-июлда Аксы районунун Тегирмен-Сай айылында туулган. 1965-жылы Москвадагы Мамлекеттик маданият институтун бүтүрүп, 1975-жылы МГУда кандидаттык диссертациясын жактаган.

И.Арабаев атындагы КМУда окутуучу, Опера жана балет театрында директор, болуп иштеген. 1990-жылы алгачкылардан болуп КДКны уюштуруучуларынын бири катары тең төрагасы, “Эркиндик” партиясын түптөп, көп жылдар жетектеген.

XS
SM
MD
LG