Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:52

Т.Тургуналиев: Четтеги жарандарыбызды коргой албай атабыз


Топчубек Тургуналиев
Топчубек Тургуналиев

Мамлекеттин чет жерлерде жүргөн жарандарына болгон камкордугу тууралуу суроолорго президенттин кеңешчиси Топчубек Тургуналиев жооп берди.

“Азаттык”: Топчубек мырза, мына жакында эле Москва шаарында Кыргызстандын жараны ашынган улутчулдардын колунан каза тапты. Ушул эле жылды алсак улутчулдардын колунан он жараныбыз мерт болгон экен. Биз көрүп эле жүрөбүз, өнүккөн өлкөлөр башка мамлекеттерде өз жараны кыйын күнгө кабылса аскер жиберип куткарганга, дипломатиялык бардык каналдарды колдонгонго даяр жана муну жасап жүрүшөт. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги жок дегенде ушундайда Москвага нота жиберип, чара көргүлө дегендей кайрылуу жолдоп койсо болбойбу?

Топчубек Тургуналиев: Бул абдан туура пикир. Менин оюмча башка мамлекеттерде, тактап айтканда дүйнөнүн алтымыштан ашык мамлекетинде миллиондон ашык кыргыздар жүрөт жана ошол мекендештерибизге байланыштуу бир нече өтө курч маселелер бар.

Биринчиси, башка мамлекеттердеги, өзгөчө Казакстан менен Орусияда жүргөн биздин мекендештерибиздин укугу ошол Казакстандын, Орусиянын, Кыргызстандын жана эл аралык укуктук нормалардын негизинде алардын эркиндиги жана укуктарын ушул кезге чейин жакшы корголбой, сакталбай келатат.

Экинчиси, биздин өкмөт ушул күнгө чейин башка мамлекеттерде жүргөн мекендештерибиз жөнүндө мындай бир камкордук көрүп, ошол мамлекеттер менен жарандарыбыздын укуктарын коргоо үчүн келишим түзүп иштөө жагынан аксап атат. Ошол биздин мамлекеттик органдардын ичинде эң негизгиси Тышкы иштер министрлиги, Социалдык жактан коргоо министрликтери менин оюмча жетишсиз аракет кылып атышат. Мүмкүн алар толгон-токой кагаз жазып аткандыр. Бирок дагы муну же Кыргызстандын бул жердеги калкы билбейт, же ошол мамлекеттердеги биздин жарандарыбыз билбейт.

Үчүнчүсү, биздин прокуратура, Адилет министрлиги, ошол эле Тышкы иштер министрлиги, Социалдык жактан коргоо министрликтери баш болуп ошол Орусиянын жана башка мамлекеттердин эң көп кыргыздар жашаган шаарларын кыдырып, алардын укуктарын түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жокко эсе болууда.

Ал эми Орусияны ала турган болсок, ал жерде фашисттик-расисттик уюмдар бар. Тилекке каршы алар менен Орусия мамлекети чындап күрөшкөнүн көрө элекмин, уга элекмин. Жанагы скинхеддердин уюму тээ мурда элу уюшулган. Алардын катарында 7-8-миң мүчөлөрү бар экен. Мына баягүнкү дем алыш күнү Москвада футбол күйөрмандарына аралашып алып, дал ошолордун кол салуусунан биздин мекендешибиз өлтүрүлүп атат. Алардын ачыктан-ачык айткан сөздөрү, “Орусия орустар үчүн гана” деген сөз болуп атат.

“Азаттык”: Орусияда эле эмес, Кыргызстанда да радикалдык улутчулдук маанайдагы жүрүштөрдүн болуп кетпеши үчүн да чаралар керектир..?

Т.Тургуналиев: Муну абдан туура айтып атасыңар. Мына бир жарым жыл мурда Искрада кыргыз-орус менен дунгандар ортосунда абал чыңалып, 90-жылы жана быйыл Ошто автономия кылабыз деген сепаратисттер менен жаңжал чыгып кан төгүлдү, былтыр Петровкада күрддөр менен чыңалуу болду. Кыскасын айтканда ушундай жаман көрүнүштөрдөн улам барки этникалык топтор да, анын ичинде кыргыздар да чыгып атат. Албетте бул жаатта мамлекет чара көрүп, эл менен иштеш керек.

“Азаттык”: Рахмат.

XS
SM
MD
LG