Бул маселе коронавируска каршы күрөш боюнча атайын эсепке түшкөн акчаны бөлүштүрүү комиссиясынын жыйынында да көтөрүлдү. Ал эми оор кырдаалда иштеп жаткан милиция кызматкерлерине кошумча айлык берүү маселеси чечиле элек. Милиционерлер да, дарыгерлер да «майдын башында акчабыз колубузга тиер» үмүттөнүп турушат.
Коронавируска каршы күрөш үчүн Саламаттык сактоо министрлигинин депозиттик эсебине ишкерлерден, ыктыярчылардан, мекеме-ишканалардан 135 299 745 сом түштү. Бул 29-апрелдеги расмий маалымат.
Биринчи вице-премьер министр Кубатбек Боронов атайын эсептеги каражатты бөлүштүрүү боюнча комиссиянын чечими менен дарыгерлерге апрель айына кошумча акы берилгенин айтты:
«34 743 932 сом төлөнүп берилди. Калган акча депозиттик эсепте турат».
«Азаттык» Бишкек, Жалал-Абад шаарларында, Ноокат, Ат-Башы районунда иштеген онго жакын дарыгер менен байланышканда, баары убада берилген акыны ала элек экенин билдиришти.
«Аты-жөнүмдү айтпаңыз. Сый акы доолап, жумушумдан куру калбайын» - өкмөттөн колдоо күткөн дарыгерлердин, милиционерлердин көбү журналисттер менен сүйлөшкөндө ушинтип суранышат.
Алардын бири - февраль-март айларында чет элден Кыргызстанга келгендерди текшерип, обсервацияда иштеген бишкектик дарыгер. Жалал-Абад облусуна да барып, оорунун очогунда бейтаптарды караган. COVID-19га каршы күрөшкөнү үчүн үч айда алган маянасын минтип санап берди:
«Мурдагы Ганси базасынын имаратында уюштурулган обсервацияда иштегенибизге кошумча акы төлөгөн жок. 30-мартта Жалал-Абадга жөнөдүк. 1-апрелден тартып оорулууларды дарылай баштадык, 15-апрелге чейин 49 бейтапты карадык. Ал жакка кетип жатканыбызда аванс деп 20 миң сом, иш сапары (командировка) үчүн деп 15 миң сом берилген».
Өкмөт COVID-19 жуккан бейтаптарды караган дарыгерлерге 46 миң сомго чейин, ортоңку медициналык персоналга 41 миң сомго жана тейлөө жагында иштегендерге 38 миң сомго, нөөмөт менен эмгектенгендерге 29 миң сомго чейин төлөнүп берилерин апрелдин башында маалымдаган.
Бирок сый акыны алыш үчүн дарыгер коронавируска каршы күрөшкөнүн Саламаттык сактоо министрлигине, Мамлекеттик санэпидкөзөмөл департаментине тийиштүү документтер менен далилдеп бериши зарыл.
«Бардык документтерди бергенбиз. Дарылоого кетип жатканда эки жолу анализ тапшырганбыз. Биз жөнүндө бардык маалыматтарды алып калышкан. Ага карабай, кайра аты-жөнүбүздү тактап атышат. Кайра-кайра туулган жылыбызды, жашаган жерибизди сурашат. Андай болсо, мурда биздин жеке маалыматтарыбызды эмне үчүн алышты эле? Иштегенибизди тастыктаган табел сурайт. Ооруканадан чыкпай илдет менен күрөшкөнүбүз факт, бирок аны кайра өзүбүз далилдеп беришибиз керек. Бир-эки кесиптешим министрликке, департаментке чуркап жүрөт», - деди азыр Жалал-Абадда иштеп жаткан дарыгер.
Нарындын Ат-Башы районундагы обсервацияда эмгектенген Жамила Аширбаеванын айтымында, аларга ар бир сутка үчүн 1854 сомдон, кошумча командировка акысы деп күнүгө 500 сомдон берүү жөнүндө убада берилген. Бирок ага 20-31-мартта иштеген күндөрү үчүн 22 миң сом гана төлөнгөн. Кошумча күнүмдүк 500 сом берилген жок.
«Бухгалтериядан сурасам, дагы 6000 сом төлөнүшү керек эле, бирок эмнеге берилбей калганын алар да түшүнбөйт экен. «Акчаны Бишкек котормок, биздин тиешебиз жок» деп айтышты», - деди Аширбаева.
Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева атайын эсептеги акчаны сарптоо боюнча комиссиянын 28-апрелдеги жыйынында бул маселени көтөрүп, убада берилген кошумча акы дарыгерлердин 90% колуна эми тие баштаганын, 10% ала элек экенин айтты.
Өзгөчө абал учурунда иштеп жаткан Ички иштер министрлигинин кызматкерлеринин маянасына да сумма кошулары кабарланган эле. «Азаттыктын» «Эл үнү» программасына кайрылган милиционер апрелдин айлыгынын суммасы мурдагыдай эле калганын айтып даттанды.
Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчиси Бакыт Сеитов Жогорку Кеңештин токтомунун негизинде Финансы министрлиги менен кошо бул маселе каралып жатканын билдирди.
Вице-премьер-министр Кубатбек Боронов да 29-апрелдеги брифингде бул суроого жооп бергенде «маселе каралып жатканын» айтуу менен чектелди. Андыктан азырынча тартип сакчыларына берилчү кошумча акынын суммасы жана ал качан төлөнөрү так эмес.
Кыргызстанда коронавирус катталган 18-марттан 29-апрелге чейин 191 медицина кызматкери жана ондон ашуун милиционер COVID-19 илдетин жугузуп алды.
Эскертүү!
«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.