Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:08

Карантин учурунда укук маселеси көтөрүлдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

«Бир дүйнө - Кыргызстан» укук коргоо кыймылы коронавирус пандемиясынын убагында өлкөдө адам укуктарынын абалы начарлап кеткенин билдирип, президент Сооронбай Жээнбековго кайрылды.

Ошондой эле кыргызстандык юристтер коронавирустун жайылышынын алдын алуу максатында камакта отурган айрым категориядагы адамдарды бошотууга чакырышты.

«Бир дүйнө - Кыргызстан» укук коргоо кыймылынын президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуусунда пандемия учурунда өлкөдө адам укуктарынын абалы начарлап кеткени айтылат.

Анда карантин маалында үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук күчөп, өспүрүмдөр арасында суицид көбөйгөнү, социалдык тармактарда пикирлерин айтканы үчүн адамдар күч түзүмдөрү тарабынан куугунтукка кабылганы баяндалат. Азыркы абал укук коргоо органдарын реформалоонун зарылдыгын көрсөткөнү, ал тез арада башталбаса, кесепети жаман болушу мүмкүн экени жазылган.

Төлөкан Исмаилова.
Төлөкан Исмаилова.

«Өзгөчө абалда журналисттерге аккредитация берилбей калганынан эл жапа чекти. Себеби, аймактардагы адамдар маселесин айтып чыгайын десе, алардын үнүн жеткирчү эч ким жок. Түрмөдөгү адамдар, атайын жайларда отургандар да жакшы каралган жок. «Коронавирус, коронавирус» дегенибиз менен алар боюнча да иш-аракеттер болуш керек», - деди «Бир дүйнө - Кыргызстан» уюмунун жетекчиси Төлөкан Исмаилова.

Президенттин аппараты бул кайрылуу боюнча жооп бере элек. Ал эми акыйкатчы Токон Мамытов «Бир дүйнө - Кыргызстан» укук коргоо кыймылынын билдирүүсүнө мындайча комментарий берди:

Токон Мамытов.
Токон Мамытов.

«Мындай көрүнүш үй-бүлөлүк баалуулуктарды жоготконубуздан улам болуп жатат. Мындан сырткары психологиялык, социалдык, экономикалык абалыбыз жакшы эместигинен кабар берет. Үй-бүлөлүк зомбулукту жоюш үчүн билим тармагына көңүл бурушубуз керек. Элге ата-эне менен баланын ортосундагы мамилени бекемдегенди үйрөтүш керек болуп жатат. Бул азыр жалаң эле Кыргызстанда эмес, дүйнөдө көйгөйлүү маселеге айланып отурат».

Карантин жарыялангандан бери, мисалы Бишкекте эле үй-бүлөлүк зомбулук 62% көбөйгөн. Ички иштер министринин орун басары, борбор калаанын коменданты Алмазбек Орозалиев 2019-жылдын 24-мартынан 24-апрелине чейин 100 факт катталса, быйыл 162 факт катталганын билдирген. Кыргызстанда акыркы апталарда өз жанын кыйган өспүрүмдөр да көбөйгөн.

Ошондой эле УКМК ыкчам тергөө иштеринин жүрүшүндө жалган маалымат жарыялап тараткандарды кармап, алардын айрымдарынын кечирим сураган видеолорун тараткан.

Мурдагы сөзүнөн тангандардын арасында медицина кызматкерлери да болгон. Мисалы, Ысык-Ата райондук ооруканасынын дарыгери Бектур Апышев «Твиттерде» жетекчилиги берген сапатсыз беткаптын сүрөтүн жарыялаган.

Көп өтпөй эле анын бул платформадагы аккаунту өчүрүлүп, 12-апрелде дарыгердин «жалган айтып койгом» деген видео кайрылуусу тараган. Бул көрүнүш үчүн социалдык түйүндөрдө УКМКны айыпташкан болчу.

«Human Rights Watch» укук коргоо уюму (HRW) Борбор Азия өлкөлөрүндө карантин шартында адам укуктары бузулуп жатканын билдирген.

«Бир дүйнө - Кыргызстан» укук коргоо кыймылы өз кайрылуусунда өзгөчө абал шартында Кыйноого каршы борборго жана Акыйкатчы институтуна жабык жайларда иш алып барууга тыюу салынышы абакта отурган адамдардын укуктарын коргоону кыйындатканын кошумчалады.

Кыргызстандык юристтер бийликти коронавирустун жайылышынын алдын алуу максатында камакта отурган айрым категориядагы адамдарды бошотууга да чакырышты.

Алар жабык жайлардагы санитардык абал ансыз да оор экенин белгилеп, камакта отургандардын иммунитети начар, медициналык жардамдын чамасы чектелүү экенин белгилешет.

Конституциялык палатанын мурдагы судьясы, юрист Клара Сооронкулова абакта коронавирус жайылса, кесепети өтө оор болот деген пикирде.

Клара Сооронкулова.
Клара Сооронкулова.

«Биздин абактардагы шарттар эл аралык стандарттарга туура келбейт, - деди ал. - Бир кичинекей бөлмөдө бир нече киши отурат. Эгер вирус бир эле адамга жукса, бүтүндөй абактагыларга тарап кетиши мүмкүн. Азыр эми эч ким менен катышпасын деп ичинен жаап коюшту, бирок тергөө абагында отургандарга баары бир сырттан инфекция келиши мүмкүн. Себеби, тергөө амалдары жүрүп жатат».

Ал эми Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) Кыргызстандын абак мекемелеринде абал туруктуу, камалгандар арасында коронавирус жугузду деп шек саналгандар жок экенин билдирди. Буга чейин аталган мекеме абактагылар менен жолугушуулар убактылуу токтотулганын жарыялаган.

ЖАМКтын басма сөз катчысы Самат Калыков абактагы адамдарга вирус жуктуруу коркунучун алдын алыш үчүн чектөө киргизилгенин айтты:

«Биз алардын саламаттыгын ойлоп жатабыз. Ошондуктан абакта кармалып тургандардын туугандарына да «келбей тургула» деп эскерткенбиз. Анткени вирус жуккан адам менен абактагылар жолукса, жайылып кетиши мүмкүн».

Мекеменин маалыматына караганда, абак кызматкерлери беткап менен камсыз болгон, имараттарды дезинфекциялоо иши үзгүлтүксүз жүрүп жатат.

Укук коргоочулардын кайрылуусунда эпидемия башталганы Иранда 85 миң, Англияда 4 миңден ашуун, Францияда 8 миң адам түрмөдөн бошотулганы, Түркияда 90 миң адам убактылуу эркиндикке чыгарылып жатканы белгиленген.

Жалпысынан Кыргызстандын абактарында тогуз миңдей соттолгон адам кармалууда, алардын 300гө жакыны аялдар.

Ал арада эпидемиологиялык кырдаалдан улам Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында, Нарын облусунун Ат-Башы районунда өзгөчө абалдын мөөнөтү 10-майга чейин узартылмай болду. Мындай чечим 28-апрелде президент Сооронбай Жээнбеков өткөргөн Коопсуздук кеңешинин чакан курамдагы жыйынында кабыл алынды.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG