Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:07

Министрлик: Ооругандардан айыккандар көп


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда бир суткада коронавирус 17 адамдан табылды, 25 бейтап айыгып чыкты.

26-апрелге карата Кыргызстанда коронавирус дагы 17 адамдан табылды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифингде билдирди.

Алардын ичинен:

Бишкек шаарында – 7
Ош шаарында – 1
Чуй облусунда – 1
Нарын облусунда – 2
Баткен облусунда – 2
Жалал-Абад облусунда – 2
Ош облусунда – 2 киши.

Ошентип, республика боюнча бул илдетке чалдыккандардын жалпы саны 683 кишиге жетти, каза болгондор – сегиз адам.

Бир сутка ичинде 25 бейтап ооруканадан айыгып чыкты:

Бишкек шаарында – 10
Ош шаарында – 2
Ош облусунда – 1
Жалал-Абад облусунда – 6
Нарын облусунда – 6.

Жалпысынан ушул күнгө чейин 370 бейтап айыкты.


Кыргызстандын коронавирус көп катталган Бишкек, Жалал-Абад, Нарын, Ош шаарларында, Ат-Башы, Кара-Суу, Ноокат жана Сузак райондорунда 30-апрелге чейин өзгөчө абал жарыяланган. Бул аймактарда 21:00дөн таңкы 6:00гө чейин көчөгө машине жана адамдар чыкпашы керек.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) маалыматына караганда, 26-апрелге карата өзгөчө абал киргизилген аймактарда коменданттык сааттын талаптарын 61 киши бузду. 34 автоунаа айып токтотмосуна коюлду.

Алардын ичинен: Бишкек шаарында – 47, Ош шаарында - 4, Ат-Башы районунда - 4, Сузак районунда - 6 адам кармалды. Алардын бардыгына түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, коменданттык сааттын аякташы менен бошотулду. Ал эми Жалал-Абад, Нарын шаарларында, Кара-Суу, Ноокат райондорунда тартип бузуу катталган жок.

Жалпысынан өзгөчө абал киргизилген 25-марттан тартып 3502 киши коменданттык сааттын талаптарын бузганы үчүн кармалып, кайра коё берилди.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG