Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:45

Оштун айылдарын илдеттен арылтуу аракети


Ош.
Ош.

Ош облусундагы айылдарда коронавирус жугузуп алгандар менен байланышта болгондорду, үй карантинге алынгандарды дарыгерлер үймө-үй кыдырып текшере баштады.

Медицина кызматкерлеринен түзүлгөн 54 мобилдик топ бүгүнкү күнгө чейин 14 миңден ашуун тургунду текшерип чыкты.

Дарыгерлерден түзүлгөн мобилдик жамаат тургундардын дене табын текшерип, ПЦР анализдерин алат. Ага кошумча коронавирус жугузган жарандар менен байланышта болгондордун короо-жайын, үйүн дезинфекциялайт.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев иш сапары менен Ноокатта мобилдик топторду көзөмөлдөп жүргөнүн, алар коргонуучу кийимдер менен толук камсыз болгонун жана жергиликтүү тургандардын кооптонуусуна негиз жок экенин билдирди.

«Мобилдик топторго коргонуучу кийимдерди толук бердик. Кооптонууга негиз жок. Мобилдик топтордун негизги максаты - кайсы жерде вирус жайылып жатса, ошонун айланасындагыларды сураштыруу, кимде клиникалык белгилер болсо, аларды кайра текшерип, айылдарды толук тазалоо. Текшерилгендерде клиникалык симптомдор болсо, алардан экспресс тест алып, ПЦР тест алып изоляция кылыш керек. Текшерүүгө каршы болгон же баш тарткандар азырынча жок», - деди Каратаев.

Ушундай эле текшерүүлөр Ош шаарында, Өзгөн, Кара-Суу жана Чоң-Алай райондорунда да жүрүп жатат. Жалпысынан 25-апрелден бүгүнкү күнгө чейин облус боюнча үй карантинде болгон 11 898 тургун текшерилип, 9 138 адам дарыгерлердин көзөмөлүнөн чыгарылган. Ал эми Ош шаарында 2870 жашоочу текшерилип, үй карантин көзөмөлүнөн 2346 киши чыгарылган.

Ош облусунда 42 мобилдик бригада, 195 медициналык кызматкер, шаарда болсо 12 мобилдик бригада, 55 медициналык кызматкер текшерүү иштерине тартылган.

Кыргызстанда жалпысынан 183 дарыгер COVID-19ду жугузуп алды. Мындай шартта ооруканага баруудан кооптонгон жарандар да бар. Буга чейин айрымдары обсервацияга алынуудан баш тарткан учурлар да болгон. Ноокат районунун атын айткысы келбеген тургуну үймө-үй кыдырып, үй карантининдеги кишилерди текшерүүнүн өзү да кооптуу деп эсептейт.

«Анализ алгандар тууралуу укпаптырмын, - деди ал. - Көргөнүм да жок. Үйлөргө келип анализдерин алганы туура эмес да. Мүмкүн болушунча байланышты азайтыш керек. Коменданттык саат сакталып жатат. Кечки саат сегизден кийин эч жакка чыкпай эле турабыз».

Оштун коменданты Малик Нурдинов 27-апрелде түз эфирдеги брифингде «Азаттыктын» суроосуна жооп берип жатып, коронавирусту жугузгандар менен байланышта болгондор милдеттүү түрдө текшерилерин айтты:

«Бүгүнкү күндө «мен барбайм, мен анализ бербейм» деп баш тарткан адамдар жок эсе. Эгерде медицина кызматкерлери «мына бул айылда, мына бул үйдө баш тартып жатышат» десе, ички иштер органынын кызматкерлери мыйзам чегинде талап кылабыз. Керек болсо обсервацияга да алып келип жаткырып, анализ алууга милдеттүүбүз. Анткени маселе бир эле киши жөнүндө эмес, жалпы айыл, район, калк жөнүндө болуп жатат. Андай кайдыгерликке биз жол бербейбиз».

Ошондой эле ал 15 күн мурун бир үй-бүлө анализ берүүдөн баш тартып, милдеттүү түрдө обсервацияга алынганын кошумчалады.

Кытайдан келген адистер Кыргызстанга карантин талабын бекем сакташ керек экенин эскертишти. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 27-апрелдеги брифингде билдирди:

«Биздин колдонмолор эл аралык стандартка ылайык экенин айтышты. Дарыгерлердин деңгээли жогору экенин өзгөчө белгилеп кетишти. Карантин шартын катуу кармаш керек экенин айтышты. Өз тажрыйбасына токтолуп, карантин дегенде толук шартта кармаганын билдиришти. Чектөөлөрдү так кармаш керек экенин айтышты».

Мындан сырткары Ошко 25-апрелде Польшадан да бир нече адистер келген. Алар облустагы коронавирус илдетин жугузган бейтаптар жаткан дээрлик бардык ооруканалар менен таанышып чыгышты. Польшалык адистер бүгүн онлайн жыйын өткөрүп, жалпысынан эпидемиологиялык абал көзөмөлдө экенине белгилешти.

Ошондой эле алар «Кыргызстандын медицинасы коронавируска даяр эмес болгон» деген жыйынтыгы менен бөлүштү.

27-апрелге карата Ош облусунда 160, Ош шаарында 110 адам СOVID-19га чалдыкканы аныкталды.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG