Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:13

Чоң-Алай: үйсүз калгандар сууктан кыйналды


Жекенди айылынын тургундары.
Жекенди айылынын тургундары.

Чоң-Алайда жазында жер титирөөдөн жабыркаган турак жай ээлеринин айрымдары суук түшкөнүнө карабай чатырларда баш калкалоодо.

Кээ бирлери үй курууну улантып жатышат. Бир тобу жаңы имараттарга көчүп киришти. Турак жайлар өкмөттүн, демөөрчүлөрдүн көмөгү жана тургундардын өз аракети менен курулууда.

Тоолуу Чоң-Алайда башка аймактарга салыштырмалуу суук эрте түштү. Айрым жерлерине кар жааган. Жекенди айыл өкмөтүнүн тургундары жаан-чачынга карабай, үй куруп жатышат. Дээрлик ар бир үйдө Бириккен улуттар уюмунун адам укуктары боюнча комиссиясынын белгиси түшүрүлгөн чатырлар тигилген. Аны жабыркагандарга Өзгөчө кырдаалдар министрлиги берген.

Быйыл 3-5-май күндөрү күчү дээрлик 6 баллга жеткен эки жер титирөөдө Жекенди айыл өкмөтүндөгү беш айылда 630 үйгө зыян келген. Айрымдары урап түшкөн.

Үй-жайсыз калгандардын бири 52 жаштагы Майрам Үмөталиева. Ал бойго жетип калган эки перзенти менен ушул күнгө чейин чатырда баш калкалады:

- Былтыр үч бөлмөлүү үй салгам. Жер титирегенде дубалдары ажырап кетти. Чоңдор келип карап, сүрөткө тартып кетишкен. Ошондон бери чатырда жашадык. Жаан-чачында кыйналдык. Пенсиям жок, мал-жандыгым жок.

Майрам апа кызы менен жаңы үйүндө
Майрам апа кызы менен жаңы үйүндө

​Майрам апа жалгыз бой жана киреше булагы жок болгондуктан, ага жергиликтүү ишкер Жаманкул Галдыбаев үй салып берип, октябрдын башында көчүп киришти. Ал эми анын кошунасы Абдужалил Гаимов аксакал бала-чакасы менен үй курууну улантып жатат. Бышкан кыштан салынып жаткан төрт бөлмөлүү имараттын дубалын тикелеп бүтүптүр:

- Үйүм урап түшүп эле калган. Бир жыл мурун, 2016-жылдын 5-майында камсыздандыруу компаниясына үйдү өткөрдүм эле. Алар 200 миң сом беришти. Бирок ал да жетпеди. Мал-койду саттым. Бийлик 50 миң сом берди. Адамдар топтогон жардам пулдан 39 миң сом алдым. Кызыл чырым ай коому 13 миң сом берди. Банктан 50 миң сом алдык.

Абдужалил аксакал үй бүтүрүүгө банктан ипотекалык насыя алуу аракетинен майнап чыкпай жатканын айтып кейиди.

Абдужалил аксакал.
Абдужалил аксакал.

Жабыркагандарга кыргыз өкмөтү жеңилдетилген баада курулуш материалдарын берген. Эл аралык Кызыл Ай жана Кызыл чырым уюму гуманитардык жардам жеткирген. РСК жана Айыл банктарынан 50 миң сомго чейин күрөөсүз насыя бериле баштаган. "Агахан" фонду да үйлөрдү курууга көмөктөштү. Кыргызстандык жарандар жардам катары 25 миллион сомдой каражат чогултушту.

Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Нургазы Акматов берилген жардамдар кандай бөлүштүрүлгөнү тууралуу буларды айтты:

- Мамлекет тарабынан 4 сом 20 тыйындан цемент берилип жатат. Турак жайлар тарткан зыянына карата төртүнчү жана бешинчи категорияга бөлүнгөн. Төртүнчү категориядагыларга өкмөт 50 миң сомдон, бешинчи категорияга 100 миң сомдон берген. Төртүнчү категорияда 620, бешинчи категорияда 10 үй бар. Атайын эсепке түшкөн акча жабыркагандарга 39 098 сомдон тийген. Бирок курулуш иштери аягына чыга элек. Кышка калып кетпейли деп аракет кылып жатабыз.

Буга чейин Чоң-Алайда турак жайдардын баары ылайдан курулган. Жер титирөөдөн жабыркагандар үйлөрдү сейсмологиялык талаптарга шайкеш кылып, бышкан кыш, арматура жана башка тийиштүү курулуш каражаттары менен курууга өткөнү байкалат. Босогодо кыш. Андыктан, жок дегенде бир бөлмөнү бүтүрүп кирип алалы деп жан үрөгөндөр арбын.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG