Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июнь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:56

Чайчылыктар чатырда күн кечирүүдө

17-ноябрдагы жер титирөөдө Кызыл-Суу айыл аймагындагы 177 үй жараксыз деп табылган. Зилзаланын очогу болгон Чайчы кыштагы да Кызыл-Суу айыл аймагында жайгашкан.

Учурда 110 үй-бүлө көчмө-темир үйлөргө киргизилген. Калган 60тай кожолук убада кылынган көчмө үйлөрдү күтүп жатат. Бирок алар кыштын суук күндөрү чатырда жашоо оор болуп жатканын айтышууда.

Кар баскан айыл

Чайчы айылын учурда аппак кар басып калса да зилзаладан жабыр тарткан Анипа Кыязова чатырда күн кечирүүдө. Күндүзү көмүр менен эптеп үйдү жылытса, түнкүсүн, меш өчкөндө ал балдары менен төшөккө калың оронгондон башка аргасы жок:

- Чатырда жашоо кыйын болуп атат. Кардын илеби жуурканыбыздын ичине чейин билинип атат. Өзгөчө түнкүсүн аябай суук болот экен. Кечээ эки күн өлгүдөй суук болду эле чатыр кадимкидей муз болуп тоңуп калыптыр. Түнү менен көмүр жагып олтура албайт экенсиң, анан меш өчүп калганда үйдө жатууга мүмкүн болбой калат. Үйүбүз көчүп түшүп калуу коркунучунда тургандыктан, ага кирип жашай албайбыз. Жабыр тарткандар көп болуп жатканы үчүн бизге контейнер алууга кезек келе элек. Тизме менен берип жатышат. Эки-үч күн ичинде бизге да келип калат дешкен, ошого ишенип эле олтурабыз.

Чайчы айылы
Чайчы айылы

Чайчы айылында жапа чеккен дагы 50дөн ашыгыраак кожолук ушинтип ызгаар суукта да чатырда жашап жатат. Калган 110дон ашык үй-бүлө контейнерден жасалган 60 көчмө үйгө киргизилген.

Чайчылыктардын бири Кайыркан Абдырасулова көчмө темир үйгө - жылуу турак жайга киргенине 15 күндөй болуп калыптыр:

- Кар жаагандан мурдараак чатырды контейнерге алмаштырганбыз. Темир үй дегениң мешти катуу жаксаң аябай ысып кетет экен, мешиң өчүп калса таптакыр муздап жатып калат экен. Биз да төшөктөрдү калың жамынып, оронуп-чулганып эптеп таң атырып атабыз. Дубал үйдөй болбойт экен да. Бирок эми жоктон көрө жогору деп жашап атабыз. Мамлекет ушуга көмөк кылганына деле ыраазыбыз. Чатырда олтурсак эмне кылат элек?!

Чайчы айылы
Чайчы айылы

17-ноябрдагы зилзаланын очогу болгон Чайчы кыштагы Кызыл-Суу айыл аймагына карайт. Бул аймакта жалпы 177 үй жараксыз болуп калган болчу. Азыр калган үй-бүлөлөргө да контейнерлерди алып келүү аракеттери көрүлүүдө. Бирок кыш түшүп баратканына байланыштуу жергиликтүү бийликтер кошумча жолдорду мерчемдеп жатышкан экен:

- Биздин айыл өкмөттө эки мектеп бар. Алардан окуу процессине тоскоол болбой тургандай кылып, 20 класстык бөлмөнү бошотконбуз. Буларга биз кокустан контейнерлер толук келбей, суук күчөп кетсе, жабыр тарткандарды киргизип турабыз деп, кошумча даярдап койгонбуз. Мындан сырткары айылдык ооруканада үч палатаны бошоттук. Муну дагы ал жерде дарыланып жаткандарга кедергисин тийгизбей тургандай кылдык. Ошондой эле жабыр тартпаган айылдардан да, эч ким жашабаган, бош турган үйлөрдү караштырып, даярдап атабыз. Маселен, Алп-Ордо деген кыштагыбыздан эле ушу күнгө үч үйдү бошотуп, даярдап койдук. Эгер Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жапа чеккендерге толук контейнер берип үлгүрбөсө, үй-бүлөлөрдү ушул жайларга киргизе баштайбыз, - дейт Кызыл-Суу айыл аймагынынын жетекчиси Муратбек Нышанбаев.

Убада кылынган насыя

Өкмөт башчы Темир Сариев чайчылыктардан эки жолу кабар алып, жабыр тартканда 50 миң сомдон кайтарымсыз же 200 миң сомдон кайтарымдуу ссуда берилерин айтып кеткен. Бирок бул айылдагылардын көбү буга чейин да ссуда алышкандыктан, бул жолу акчалай жардам ала албай калышы мүмкүн экен. Кайыркан Абдырасулова кайрадан кепке кошулду:

- 2008-жылы очогу Нура айылында орун алган зилзалада чайчылыктардын дээрлик 70-80% үйү жабыр тарткан. Анан алардын көбү эле ошондо 200 миң сомдук ссудага жазылышкан. Маселен, биз да алмакчы болуп, бирок анысы үзүл-кесил болуп атып, 2011-жылы колго тийген. Анан бөлүп-бөлүп атып, бир жыл пайдубал, бир жыл дубалын, анан араң быйыл жазда үйдү бүтүргөн элек. Кыздарым Орусиядан акча салып, кредит алып, болгон малыбызды сатып атып курулган үй кайра эле минтип бир жер силкингенде урап түшүп калды. Анан эми Сариев келгенде быйыл да бизге 200 миңден ссуда берилет деп айтты эле. Кечээ өкмөткө барсак, башкалар сертификат алышыптыр. Мурда ссуда алгандар силерге акча берилбейт деп, кайра жолго салышты. Жазда кайсы акчабызга үй салабыз билбейм эми...

Чайчы айылы
Чайчы айылы

Жапа чеккендерге гуманитардык жардамдар ушу күнгө дейре келип жатат. Жогорку Кеңештин бир нече депутаты, ишкана мекемелер зыян тарткан үйлөргө жетиштүү көмүр түшүрүп беришкен. Жашоочулар быйыл кыштан эптеп ошо менен чыгып кетебиз деп турушкан чактары.

Бирок аларды эми кантип үй салабыз деген суроо көбүрөөк ойлондурууда. Үйү талкалангандардын бири Кубаныч Садыков буларга токтолду:

- Мамлекетке биротоло эле жүгүбүздү артып алганыбыз да туура эмес. Бирок бийликтер бизди да аз-маз түшүнүп койсо деп үмүт артабыз. Анткени элдин тапкан дүнүйөсүн чаптап курган үйлөрдүн баары кыйрап калып, минтип колунда эч нерсе жок олтуруп калды. Эмдиги жылы үй салып баштаганга чынында таптакыр акчабыз жок. Ошого мамлекет жабыр тарткандардын шартын ойлоп, үйдү өзү куруп берсе деп суранабыз. 50 миң сомун деле, 200 миң сом жардамын деле тек коюп, жапа чеккендерге анча чоң эмес, анча кичине эмес бир кылка кылып үй салып берсе жакшы болмок. Үйүн оңдогонго боло тургандарга гана жардам кылса, анан үйү талкаланып калгандарга үй салып берсе. Болбосо 200 миң сом акчага азыр үйдүн пайдубалы деле бүтпөйт, чынын айтканда, а чөнтөгү жука эл кайсы жактан акча табат эми?

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жер титирөөдөн кийин Ош облусунда жана Ош шаарында алты миңден ашык турак жайды текшерүүгө алган. Анын үч жарым миңдейи зыян тартканы аныкталган болсо, 500гө чукул үй таптакыр талкаланып калганы тастыкталды. Адистер текшерүү иш-чараларын дагы улантууда.

Өткөн айдын 17-ноябрында катталган жер силкинүүнүн күчү жети баллга жеткен. Жер титирөө Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында, Алай, Чоң-Алай, Өзгөн райондорунда да сезилген. Силкинүү ноябрь айынын ичинде эле беш-алты жолу кайталанган.

Өкмөттүн көзүн караган чайчылыктар

Чатырда жашап аткандар темир көчмө үйлөргө кирип жатышат. Чайчылыктарга ушул күндөрү да көчмө үйлөр жеткирилүүдө. Учурда темир көчмө үйдө 110 үй-бүлө жашап жатат.
1/17 Чатырда жашап аткандар темир көчмө үйлөргө кирип жатышат. Чайчылыктарга ушул күндөрү да көчмө үйлөр жеткирилүүдө. Учурда темир көчмө үйдө 110 үй-бүлө жашап жатат.
Кызыл-Суу айыл аймагынын Чайчы айылына жалпы 64 темир үй берилип, анын бирөө кайра артка кайтарылган.
2/17 Кызыл-Суу айыл аймагынын Чайчы айылына жалпы 64 темир үй берилип, анын бирөө кайра артка кайтарылган.
Көчмө үйлөрдүн элүүдөн ашууну ӨКМден, алтоо “Исмаил Матраимов” фондунан, экөө Ош бажысы менен биргелешкен ишкерлер биримдигинен, экөө “Кыргызстан” саясий партиясы тарабынан берилген. 
3/17 Көчмө үйлөрдүн элүүдөн ашууну ӨКМден, алтоо “Исмаил Матраимов” фондунан, экөө Ош бажысы менен биргелешкен ишкерлер биримдигинен, экөө “Кыргызстан” саясий партиясы тарабынан берилген. 
Ошол эле кезде элүүдөн ашуун кожолук кыштын ызгаар суугуна карабай чатырда жашап жатат. Алар күндүзү көмүр менен эптеп үйдү жылытышканы менен, түнкүсүн меш өчкөндө төшөккө калың оронгондон башка аргасы жок. 
4/17 Ошол эле кезде элүүдөн ашуун кожолук кыштын ызгаар суугуна карабай чатырда жашап жатат. Алар күндүзү көмүр менен эптеп үйдү жылытышканы менен, түнкүсүн меш өчкөндө төшөккө калың оронгондон башка аргасы жок. 
Кычыраган кышта чатырда жашаган үй-бүлөлөргө да темир үйлөрдү алып келүү аракеттери көрүлүүдө. Ага чейин чилде түшүп кетсе жашоочулар Кызыл-Суудагы эки мектептен бошотулган 20 класстык бөлмөгө же ооруканадагы үч палатага киргизилиши мүмкүн. Чайчылыктар азыраак жабыр тарткан коңшу айылдагы бош үйлөргө да көчүп барышы ыктымал.
5/17 Кычыраган кышта чатырда жашаган үй-бүлөлөргө да темир үйлөрдү алып келүү аракеттери көрүлүүдө. Ага чейин чилде түшүп кетсе жашоочулар Кызыл-Суудагы эки мектептен бошотулган 20 класстык бөлмөгө же ооруканадагы үч палатага киргизилиши мүмкүн. Чайчылыктар азыраак жабыр тарткан коңшу айылдагы бош үйлөргө да көчүп барышы ыктымал.
Быйылкы катуу зилзаланын очогуна жакын жайгашкан Чайчы айылы Кызыл-Суу айыл аймагына карайт. Бул аймакта жалпы 177 үй жараксыз болуп, анын он бири урап калган.
6/17 Быйылкы катуу зилзаланын очогуна жакын жайгашкан Чайчы айылы Кызыл-Суу айыл аймагына карайт. Бул аймакта жалпы 177 үй жараксыз болуп, анын он бири урап калган.
Жабыр тарткан кожолуктардын бирөөнө бир бөлмөлүү темир үйдөн берилсе, эки кожолуктарга кош бөлмөлүү темир үйдөн тийген. Кээ бир эки бөлмөлүү көчмө үйлөргө коңшулар киргизилген. 
7/17 Жабыр тарткан кожолуктардын бирөөнө бир бөлмөлүү темир үйдөн берилсе, эки кожолуктарга кош бөлмөлүү темир үйдөн тийген. Кээ бир эки бөлмөлүү көчмө үйлөргө коңшулар киргизилген. 
Айылдыктар от жагылып эле турса көчмө темир үйлөр жылуу бойдон турарын белгилешет. Бирок айрым темир үйлөрдүн үстүнөн суу өтүп, жылчыктарынан шамал кирип, кээде ичине муз тоңуп калган учурлары да бар. 
8/17 Айылдыктар от жагылып эле турса көчмө темир үйлөр жылуу бойдон турарын белгилешет. Бирок айрым темир үйлөрдүн үстүнөн суу өтүп, жылчыктарынан шамал кирип, кээде ичине муз тоңуп калган учурлары да бар. 
Жогорку Кеңештин бир нече депутаты, ишкана мекемелер жабыр тарткан үйлөргө жетиштүү көмүр түшүрүп беришкен. Жашоочулар быйыл кыштан эптеп ошо менен чыгып кетебиз деп турушкан чактары.
9/17 Жогорку Кеңештин бир нече депутаты, ишкана мекемелер жабыр тарткан үйлөргө жетиштүү көмүр түшүрүп беришкен. Жашоочулар быйыл кыштан эптеп ошо менен чыгып кетебиз деп турушкан чактары.
Жапа чеккендерге гуманитардык жардамдар ушу күнгө дейре келип жатат. Бийлик өкүлдөрү жана жабыр тарткандардын туугандары күн алыс келип, чайчылыктардан кабар алып турушат.
10/17 Жапа чеккендерге гуманитардык жардамдар ушу күнгө дейре келип жатат. Бийлик өкүлдөрү жана жабыр тарткандардын туугандары күн алыс келип, чайчылыктардан кабар алып турушат.
Бирок чайчылыктарды "эми кантип үй салабыз?" суроосу көбүрөөк ойлондурууда. Анткени алар ушуну менен экинчи жолу жер силкинүүнүн салакасына туш келишти. Көп жылдан бери топтогон дүнүйөсүн сарптап 2008-жылкы зилзалада кыйраган үйлөрүн тургузуп эми тынчыдык, деп турушканда быйылкы 17-ноябрдагы жер титирөөдө ал үйлөрдүн көбү урап калды.
11/17 Бирок чайчылыктарды "эми кантип үй салабыз?" суроосу көбүрөөк ойлондурууда. Анткени алар ушуну менен экинчи жолу жер силкинүүнүн салакасына туш келишти. Көп жылдан бери топтогон дүнүйөсүн сарптап 2008-жылкы зилзалада кыйраган үйлөрүн тургузуп эми тынчыдык, деп турушканда быйылкы 17-ноябрдагы жер титирөөдө ал үйлөрдүн көбү урап калды.
Өткөн айда катталган жер силкинүүнүн күчү жети баллга жеткен. Андан бери Чайчы айылында майда жер титирөөлөр кеминде он жолу кайталанган.
12/17 Өткөн айда катталган жер силкинүүнүн күчү жети баллга жеткен. Андан бери Чайчы айылында майда жер титирөөлөр кеминде он жолу кайталанган.
Өкмөт башчы Темир Сариев чайчылыктардан эки жолу кабар алып, жабыр тарткандарга 50 миң сомдон кайтарымсыз же 200 миң сомдон кайтарымдуу ссуда берилерин айтып кеткен.
13/17 Өкмөт башчы Темир Сариев чайчылыктардан эки жолу кабар алып, жабыр тарткандарга 50 миң сомдон кайтарымсыз же 200 миң сомдон кайтарымдуу ссуда берилерин айтып кеткен.
Тургундардын айрымдарына 200 миң сомдук жардам алуу боюнча атайын сертификаттар берилген. Бирок бул айылдагылардын көбү 2008-жылкы зилзаладан кийин да ссуда алышкандыктан, бул жолу акчалай жардам ала албай калышы мүмкүн экен.
14/17 Тургундардын айрымдарына 200 миң сомдук жардам алуу боюнча атайын сертификаттар берилген. Бирок бул айылдагылардын көбү 2008-жылкы зилзаладан кийин да ссуда алышкандыктан, бул жолу акчалай жардам ала албай калышы мүмкүн экен.
Үйлөрү кыйрап калган тургундар калган-каткан буюм-тайымдарын көчмө үйлөргө батышынча алып кирип жыйышкан. Айрым тургундар эски үйлөрүнүн чатырларын бузуп, кар түшкөнчө жыгач-ташын жыйып коюуга да үлгүрдү. 
15/17 Үйлөрү кыйрап калган тургундар калган-каткан буюм-тайымдарын көчмө үйлөргө батышынча алып кирип жыйышкан. Айрым тургундар эски үйлөрүнүн чатырларын бузуп, кар түшкөнчө жыгач-ташын жыйып коюуга да үлгүрдү. 
Жапа чеккендерге ыңгайлуу болсун үчүн жергиликтүү бийликтер алардын документтерин атайын түзүлгөн штабда жеңилдетилген шартта бүткөрүп берүүдө. Тургундар район менен облус борборуна убара болуудан кутулушту.
16/17 Жапа чеккендерге ыңгайлуу болсун үчүн жергиликтүү бийликтер алардын документтерин атайын түзүлгөн штабда жеңилдетилген шартта бүткөрүп берүүдө. Тургундар район менен облус борборуна убара болуудан кутулушту.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Ош облусунда жана Ош шаарында жер титирөөдөн зыян тарткан алты миңден ашык турак-жайды текшерүүгө алган. Анын үч жарым миңдейи жабыр тартканы аныкталган. 500гө чукул турак-жай таптакыр талкаланып калганы тастыкталды. Адистер текшерүү иш-чараларын дагыле улантууда.
17/17 Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Ош облусунда жана Ош шаарында жер титирөөдөн зыян тарткан алты миңден ашык турак-жайды текшерүүгө алган. Анын үч жарым миңдейи жабыр тартканы аныкталган. 500гө чукул турак-жай таптакыр талкаланып калганы тастыкталды. Адистер текшерүү иш-чараларын дагыле улантууда.
Артка
Алдыга

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Куржундар
XS
SM
MD
LG