Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:20

Чоң-Алай: бизге турак жай керек


Чоң-Алай районунун Жекенди айыл аймагында 3-5-майдагы улам кайталанган жер титирөөдөн жабыркаган турак үйлөрдүн саны 600гө жакындады.

Пайдаланууга кооптуу деп табылган социалдык багыттагы мекемелер ишин чатырларда улантууда.

Ырыс аттуу жергиликтүү тургун жер титирегенден бери үйүнө кире элек. Анткени анын үйү биротоло кулап калбаганы менен, жашоого кооптуу деп табылган. Анын үстүнө улам кайталанган жер титирөө бүт эле тургундардын жүрөк үшүн алган.

- Бул аймак сейсмикалык активдүү, жер титирөө коркунучу бар, үйлөрдү жалаң ылай менен салбагыла деп эч ким эскерткен эмес. Эми үйлөргө жарака кетип, үйгө кире албай калдык. Чатырларда жашап жатабыз. Бизге өкмөтүбүз курулуш каражаттары жагынан бир аз жардам берсе, калганын өзүбүз эптеп алмакпыз.

Анаранын кошунасы, эки баласын өзү багып жаткан Майрам Орозалиева да чатырда жашап жаткан кези.

- Менин үйүм жыгылганы калды. Ичине киргенге болбойт деп жатышат. Комиссия келип, бешинчи категория деп баалап кетишти. Элге окшоп малым да жок. Жолдошум каза болуп калган. Эки баламды эптеп чоңойтуп жаткам. Короого сатып жаткан жаңы үйүбүз да жараксыз болуп калды. Эми кайра башынан куруш керек экен. Ошого жардам берип койгулачы.

Тамынан ажырагандарга Жогорку Кеңештин айрым депутаттары көмүр жана азык-түлүк таратышты. Бирок жергиликтүү тургундар аларга азык-түлүк эмес, курулуш каражаттарынан жардам берүүнү сурап жатышты.

Депутат Жыргалбек Калмаматов жапа чеккендер менен жолугуп, дагы жардам уюштурууну убада кылды.

- 120 депутат бар. Ошолордун он күндүк айлыктарын силерге жардамга которууну эртең барып депутаттардан суранам. Андан сырткары чоңалайлык ишкер, бизнесмен, колунда бар балдарды да уюштуруш керек. Ош, Бишкекте жүргөн туугандарды да суранам. Ошентип, алардын каражаттарын топтоп, араңыздардагы эң муктаж адамдарды өзүңүздөр айтсаңыздар ошолорго айыл өкмөтү бөлүштүрүп берсин. Жай мезгили сиздерде кыска экенин билебиз. Ошондуктан мүмкүн болушунча тезирээк аракеттениш керек. Мен дагы колумдан келишинче жардам берем.

Жекенди айыл өкмөтүндө турак жайлардан сырткары эки оорукана дагы жараксыз абалга келген. Айылдагы 15 орундуу оорукананын имараты жабылган. Айылдык оорукананын башкы дарыгери Акжол Азимбаев азыр бейтаптарды чатырларда кабыл алып жатышканын айтат.

- Азыр биз оорукананын имаратын жаптык. Оорукананын короосуна чатырларды тигип, бейтаптарды ошол жерде кабыл алып жатабыз. Кош бойлуу аялдарды райондун борборуна жиберип жатабыз. Чатырларда жатып дарылануу мүмкүн эмес. Ошондуктан амбулатордук гана жардам көрсөтүп, оор абалдагылардын үйлөрүн кыдырып дарылай баштадык.

Дарыгер Абдумалик Мамасейит уулунун айтымында, кан басымы көбөйгөн, уйку качуу жана суук өтүү сыяктуу оорулар менен кайрылгандардын саны айылда кескин өскөнүн билдирди.

- Медициналык жардам сурап кайрылгандардын саны өсүп кетти. Мисалы, акыркы бир суткада бир эле бизге 258 адам кайрылды. Анын ичинен алтымышы балдар. Чоңдор кан басымынын жогорулаганын айтышууда. Ал эми балдардын көбү чатырларда жашагандыктан суук өтүү, коркуу, уйку качуу көп катталып жатат.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Чоң-Алай райондук бөлүмүнүн башчысы Муса Курманбеков жер титирөө 4 баллдан 6 баллга чейинки жер титирөө үч күн катары менен кайталанганын ырастады.

- 993 турак жай текшерилген. Анын 529у жашоого кооптуу деп табылды. Жети турак үй жашоого такыр жараксыз экени аныкталды. Андан сырткары айыл өкмөттүн, эки оорукананын жана бир мектептин имараты да кооптуу деп табылды. Жалпысынан районго 550 даана чатыр берилди. 3-майдан 6-майга чейин 4-6 баллга жеткен жер титирөө кайра-кайра кайталанып турду.

3-майда жана 5-майда Тажикстанда күчү жети баллга жеткен жер титирөө Чоң-Алайдын Шибе, Карамык, Кара-Тейит айылдарында 6 баллга чейин сезилген. Айрым тургундар жарака кеткен үйлөрүн бузуп жаңы үй курууга киришти. Кырсык болгон айыл өкмөт боюнча 14 гана адам үйлөрүн камсыздандырган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG