Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:15

Камсыздандыруу мыйзамы күмөн ойду күчөттү


Бишкек
Бишкек

Автоунааларды милдеттүү камсыздандыруу жөнүндөгү мыйзам 7-февралда күчүнө киргени турат.

Буга байланыштуу кыргыз өкмөтү мыйзамды ишке киргизүүнүн жол-жобосун белгилеген токтомду даярдап жатат. Ал эми өкмөт алдындагы Каржы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын өкүлү Бурул Калматованын айтуусунда, бир айдын ичинде бул токтомду ишке ашыруу милдети турат:

- Азыр министрликтер ортосунда макулдашууларды жүргүзүп, укуктук- нормативдик актыларын иштеп жатабыз. Бир ай аралыгында мунун аягына чыгып, өкмөт токтом чыгарып берген соң иш жүзүнө ашыра баштайбыз. Дагы аткара турган иштер арбын. Анткени камсыздандыруу компанияларына лицензия берүү, алардын ишмердүүлүгүн кароо маселеси турат. Коомчулукка да түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарыл.

Айдоочулар даяр эмес

Анткен менен мыйзам кабыл алынгандан бери эле аны ишке ашыруунун оош-кыйыштары адистер менен айдоочулар арасында кызуу талкуу жаратты. Бул биринчи кезекте ишке ашыруу механизмдерине байланыштырылып, камсыздандыруучу компаниялардын чыгымдарды аныктоочу тараптардын укук-милдеттерине, каалоосу боюнча жана милдеттүү камсыздандыруунун айырмачылыктарына байланыштуу күдүк ойлор айтылууда.

Мыйзам дароо иштеп кетишинен күмөн санаган айдоочулар да жок эмес. Ал эми коомчулук арасында бул маселеге байланыштуу көп кырдуу пикирлерди угууга болот. ИИМдин Жол кайгуул күзөт кызматынын маалымат катчысы Тилек Оторов айдоочулар милдеттүү камсыздандыруу аркылуу өз коопсуздугун коргоого жакшы мүмкүнчүлүк ачыларын ырастайт.

- Бул механизм боюнча жол кырсыктары катталган учурларда камсыздандыруу компанияларынын адистери бул маселени жеринде чечип бере алат. Албетте, эгер айдоочулар унааларын камсыздандырган болсо, алардын чыгымдарын төлөп беришет. Бирок тигил же бул айдоочунун сөзсүз камсыздандыруудан өткөн кагазы болууга тийиш. Эгер медициналык камсыздандыруудан өткөн болсо ал да каралат.

Республикалык МАИнин мурдагы башчысы Болот Борбиев "Азаттыкка" билдиргендей, айдоочуларды милдеттүү камсыздандырууга өткөрүү алгачкы жылдары мамлекет үчүн оор болот. Бирок айдоочуларды ынандырып, жаңы системага коррупцияны киргизбей колго алса, камсыздандыруу системасы түшүмүн берет деген пикирде.

- Эң негизгиси, коррупциялашып кетпесе эле болду. Анткени камсыздандыруу компаниялары арасында мамлекет аркылуу тендер жарыяланып, анда мыйзам бузуулар болсо, бул элдин ишенимин жоготот. Кайра эле бул тармакта жаңы коррупциянын булагы пайда болот. Эгер туура жолго коюлса, мамлекет үчүн да жакшы болот. Камсыздандыруу ишмердиктери бардык эл аралык тажрыйбада бар. Айрыкча Орусияда жакшы түшүмүн берип жатат.

Камсыздандыруу түшүндүрүүнү талап кылат

Кыргызстанда иштеп жаткан камсыздандыруу компаниялары автоунааларды милдеттүү камсыздоо аркылуу андагы жүргүнчү менен айдоочунун коопсуздугу камсыздаларын, бул институтту калыптандыруу үчүн түшүндүрүү иштерин кеңири жүргүзүү керектигин эскертишүүдө. Бишкектеги камсыздандыруу компанияларынын биринин кызматкери Елена Бондарева мындай деди:

- Эң биринчи кезекте ар бир айдоочу камсыздандыруу аркылуу жоопкерчилике ээ болот. Бизде бул маселе кандай чечилет? Мисалы, жүргүнчүлөрдү ташыган айдоочу жол кырсыгына кабылып каза болгон болсо, калган жүргүнчүлөргө ким каражат төлөйт? Кайра эле мамлекеттин казынасынан каражат төлөнүп каза болгондордун жакындарына жардам берилет. Бул мамлекеттин эмес, камсыздандыруу компанияларынын милдети болушу керек. Мамлекет болсо камсыздандыруу институтун туура жолго гана коюп коюшу керек.

Кыргызстанда жыйырмага жакын компания камсыздандыруу ишмердигин жүргүзөт. Алардын канчасы автоунааларды камсыздоого киришери али белгисиз. Өкмөттүн божомолуна караганда, быйыл автоунаалардын 80% милдеттүү камсыздандыруудан өтүшү керек. Ар бир автоунааны камсыздоого жылына айдоочу эки миң сомдон жогору акы төлөйт. Болжолдуу маалыматтарга караганда, каттоодо бир миллион эки жүз миңден ашуун автоунаа бар.

XS
SM
MD
LG