"Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы, журналист.
Өнүккөн өлкөлөрдө мамлекет профсоюздар, же кесиптик кошуундар менен эсептешип иш алып барат. Анткени ал жактарда ар кандай социалдык-экономикалык маселелерди чечүүгө кесиптик кошуундар активдүү кирише алат.
Секелек эки кызын зордуктоого шектелген эркек камакка алынды. Кыздардын энеси изделүүдө.
Мечиттерде кийимин же баалуу буюмдарын уурдаткандар көбөйдү.
Акыркы учурларда мечиттерде бут кийимдерин же сырткы күрмөлөрү менен кошо баалуу буюмдарын уурдаткан мусулмандар көбөйдү. Келгендер намазга болгон дити менен кирип кеткен соң, колу туткактар абалдан пайдаланышат.
Кыргызстанда жергиликтүү депутаттарды шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча мыйзам кабыл алынып, Баш мыйзамга өзгөртүү, түзөтүүлөрдү киргизүү кабыл алынды. 11-декабрда жалпы элдик шайлоо менен өткөн референдумда Баш мыйзам тогузунчу жолу өзгөрөт. Чейрек кылымда конституциялык гана өзгөртүүлөргө бары
Кыргызстанга корей эли 1930-жылдардын этегинде келе башташкан. Негизинен сталиндик катаал репрессия учурунда улуттук республикаларда баш калкалап советтик корейлер аталып калышкан.
Кыргызстанда жашаган уйгур калкы Бишкек шаарында, Чүйдүн Покровка айылында, Кара-Балтада жана Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айылында жыш жайгашкан. Негизинен алар соода-сатык менен алектенип, музыка жандуу келишет. Кыргыздар менен болгон достук мамилесине кайрылсак, Аккан менен Курманбек баатырды
"Ыңгайсыз суроолор" телекөрсөтүүсүнүн бул жолку чыгарылышында сойкулукту кесип кылган кыздар тууралуу сөз болду.
Жыйырманчы Хутор деген ат менен белгилүү болгон “Восточное” айылын көбү биле беришпейт. Бул айылдын эт өндүрүмүн уламыш кылып, Кыргызстан гана эмес Казакакстанда да айтып жүрүшкөнү белгилүү. 20-Хутор кайда жайгашканын билишбесе да өндүрүлгөн этин бренд катары жакшы кабыл алып жүрүшөт. Мына ошол Во
23-сентябрда Татьяна Литвинованы белгисиз бирөөлөр "Ардагер" аттуу карылар үйүнүн алдына таштап кетишкен. Жардам көрсөткүсү келгендер менен инсульт алгандыгы үчүн Татьяна жакшы сүйлөшө албай, өзүнүн ким экенин, бул жерге кайдан келип калганын түшүндүрө алган эмес.
Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаев 60 жаш юбилейлик жылын белгилөөдө. Президент бул күнгө өтө олуттуу даярданды, эки жыл мурун сүйлөшүлүп бекитилген КМШ өлкөлөрүнүн саммити да мына ушул президенттин туулган күнүнө туш келди. Андан сырткары Атамбаев юбилейине карата өзүнүн чыгармачы
Азаттык үн алгысынын 25 атту долбоору чейрек кылымдагы Кыргыз мамлекетинин басып өткөн жолдоруна көз чаптырып, анын ийгилиги менен көйгөлөрүнө токтолду. Албетте бул жылдар аралыгында өкөбүздү көп эле ийгиликтер коштоду, бирок тилеке каршы көйгөйлүү маселелер арбыныраак экени талашсыз. Мындан улам
Чейрек кылымда Кыргызстанда эки жолу бийлик алмашты, бирөөлөр аны революция десе, айрымдар куралдуу басып алуу болду дешет. Эгер революция болсо анда анын идеялары, максаттары ишке ашып, өлкөдө системалуу революциялык өзгөрүүлөр болдубу? Дегеле 2005-жылдагы 24-мартта, 2010-жыл 7-апрелде болгон окуял
1992-жылы Кумтөр кенин иштетүүгө Канаданын “Камэко” компаниясы менен кол койулуп, аны иштетүүгө өзгөчө укук берилген. Кумтөр кени ишке кирген күндөн тарта эле алгач салыктан бошотулуп, кийин келишимдик пайыздар оңдолуп айтор бүгүнкү күнгө чейин чыры бүтпөй келет. Андан бери төртүнчү президент ша
Азаттык үналгысынын 25 аттуу долбоорунун бул жолку чыгарылышында 1993-жылкы кабыл алынган улуттук валюта туурасында болмокчу. Кыргыз сомун кабыл алууда легендарлуу парламент көптөгөн талаш тартыштардын аркасы менен араң дегенде бекитип берген. Анткени ал учурда сомдун жүгүртүлүшүнө ишенбеген комм
«Азаттык» үналгысынын «Эгемендик - 25» долбоорунун кезектеги чыгарылышында көз карандысыздыкка жеткен жылдардагы өлкөнүн тышкы саясаты тууралуу сөз болот.
Мамлекеттин эн белгилери кантип кабыл алынганы, Легендарлуу парламенттен азыркы алтынчы чакырылышка чейинки Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгү туурасында «Азатттык» үналгысынын «25» атуу долбоорунун кезектеги "Туу түбүндө турушуп" аттуу чыгарылышынан көрүңүз.
1991-жыл тарыхый окуялардын жылы болду. 5-февраль күнү республиканын борбору Фрунзе Бишкек шаары болуп өзгөрүлүп, 31-августта Орто Азия мамлекеттеринин ичинен биринчи болуп Кыргызстан көз каранды эместигин жарыялады, дүйнөлүк саясий картада жаңы мамлекет, эгемендүү Кыргызстан пайда болду. Бирок, 31
1990-жылы Кыргызстандын Ош шаарында жана Өзгөндө улуттар аралык кандуу кагылышуу орун алып, анын негизги себептеринин бири жер маселеси болгон деп айтылып келген. Коогалаң Компартияны селт эттирип, “элчиликке” Москва кийлигишип, кан төгүү токтотулган.
Мындан 25 жыл мурда бүтүндөй доор урап, СССР аттуу ири мамлекет биротоло чачырап, анын курамындагы 15 жумурият өз бетинче эгемендиктин туусун көтөрүп, түтүн булата баштаган. Биринчилерден болуп Балтика боюндагы өлкөлөр СССРдин курамынан чыгып жатканда Кыргыз ССРи Кыргыз тилинин статусу боюнча мый
Дагы жүктөңүз