Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:30

Кан жолдогу кайгылуу сандар


Иллюстрация
Иллюстрация

Кыргызстанда күн сайын жол кырсыгынан үч киши каза таап, отуздай адам ар кандай жаракаттарды алат.

Жол кырсыктарынын негизги себептери кайсылар? Аларды алдын алуу жолдору эмнеге жыйынтык бербей жатат? Жылына миңге чукул адамдын өмүрүн алган жол кырсыктарына каршы кантип күрөшүү керек?

Мына ушул жана башка суроолорго эксперттер, тийешелүү адистер менен бирге жооп издейбиз.

"Азаттыктын" "Арай көз, чарай" талкуусуна Жол кайгуул кызматынын жетекчи орун басары Ыманалы Саркулов, эксперт Нуралы Пакиров жана Жол коопсуздугу коомдук бирикмесинин жетекчиси Чынара Касмамбетова катышты.

Ыманалы Саркулов: 11 айдын жыйынтыгы боюнча былтыркыга караганда жол кырсыктары 1,2 пайызга, андан каза болгондор 2,3 пайызга, жараат алгандар 1,6 пайызга көбөйдү. Кыргызстанда 2004-жылдан 2014- жылга чейин жол кырсыктардын саны өсүп келе жатат. Бул көрсөткүч биздин өлкө үчүн абдан көп болуп саналат. Кырсыкка каршы күрөшүү маселеси комплекстүү каралышы керек. Кырсыкка бардык жарандар катышат. Бардыгы жапатырмак киришсе жыйынтык болмок. Жол, транспорттун абалы, бала бакчадан баштап, жолдо өзүн алып жүрүүнү үйрөтүү маселелери чечилиш керек.

Кыргызстандагы жол кырсыктарынын саны
Кыргызстандагы жол кырсыктарынын саны

Чынара Касмамбетова: Чет мамлекеттерде мыйзам катуу иштейт. Ал жакта оңой эле жол эрежесин буза беришпейт. Буга тиешелүү уюмдар координация кылат. Ар бир уюм өз багытында профилактикалык иштер менен алек болот. Жол кырсыктарын алдын алууда видеого, фотого тартуу болбосо жоопкерчиликти эч ким сезбейт. Качан үйүнө, иштеген жерине айыппулдар туурасында кагаз артынан кагаз келе баштаса, айдоочунун аң сезимин ойготот.

Нуралы Пакиров: Биз иштеп жүргөн учурда транпорттун саны аз эле. Азыр 1 миллион 200 миңге чукул унаа катталган. Жолдордун абалы, жол белгилери, жабдуу маселеси ошол эле бойдон. Ушул нерселерди жолго койсо кырсыкты 10 пайыздан 30 пайызга чейин кыскартса болот. Азыр айрыкча жаштарда айдоочулук маданият, сый, жоопкерчилик деген түшүнүк жок калган. Анын кесепети кейиштүү болууда.

XS
SM
MD
LG