Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:46

Авиабилеттин чөнтөктү каккан баасы


Иллюстрация
Иллюстрация

Ош-Бишкек каттамындагы авиабилеттин баасы 5 миң сомго чейин жетип, көп жарандар нааразы болуп жатканына байланыштуу депутаттар 28-ноябрда “Манас” аэропортуна барышты.

Парламент депутаттары кийинки убакта жарандардын арыздарына таянып, авиакомпаниялар Бишкек-Ош жана Бишкек-Баткен каттамы боюнча билеттерди 4 миң сомдон 5 миң сомго чейин сатып жатышканын айтып жүрүшкөн.

Ушундан улам Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети “Манас” аба майданында көчмө жыйын өткөрүп, билеттер эмне үчүн кымбаттап кеткенине кызыкты.

Депутат Улугбек Ормоновдун айтымында, токтомдун негизинде авиакомпанияларга бир бааны коюп, андан ашпагыдай чечим кабыл албаса, кышында билет мындан да кымбаттап кетиши мүмкүн.

- Pegasus компаниясы келгенге чейин баа мынчалык көтөрүлгөн эмес. Байкап көрсөңөр, тууганы каза болуп айласы жок учууга туура келгендер 5 миң сомдон билет алып жатат. Мына азыр кыш келатат. Жол тайгак жана татаал. Ошондуктан өкмөт тез арада чечим кабыл алып, бизге алып келсин. Билеттин орто баасын коюп, андан ашпагыдай кылыш керек.

"Манас" аэропорту
"Манас" аэропорту

Авиакомпаниялар: учуунун чыгымы чоң

Avia traffic компаниясынын өкүлү Георгий Еременконун айтымында, бүгүнкү күндө Ошко уча турган авибилеттин орто баасы 2000-2300 сом. Ошол эле учурда алдын ала билет алгандар мындан да арзан түшөт. Ал эми учууга жакын билет баасы кымбаттай бермекчи. Ушундан улам, ал “билет кымбат” деп арыздангандардын көбү уча турган күнү билет сатып алгандар экенин айтты:

- Билеттин баасы 2300 сом. Пенсионерлерге, балдарга жана алдын ала сатып алгандар мындан да арзан, 1800 сомго чейин алышат. Бирок биз да пайда табышыбыз керек да. Жаңы учактарды сатып алып, өнүгүшүбүз керек. Жаңы багыттарды ачышыбыз керек. Мисалы Исфанага, Жалал-Абадга рейстерди ачтык. Ошол жаңы рейстер башында өзүн актабайт, себеби эл көнүшү керек. Бул үчүн башында чыгымга иштөөгө да туура келет. Бизге мамлекет эч кандай жардам бербейт. Ошондуктан өз күчүбүз менен кыбырап атабыз.

Өкмөт жеке авиакомпанияларга жардам бербегендиктен, билет баасын көзөмөлгө алалбай турганын айтып атат.

Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин директору Шухрат Сабиров билет баасы 20 пайызга кымбаттаган учурда гана мамлекет кийлигишпесе, калган учурда жеке менчик авиакомпаниялар каалаган баада билет сатууга укуктуу экенин билдирди:

- Аларга "ушундай тариф менен билет саткыла" деген буйрук чыгарууга мүмкүнчүлүк каралган эмес. Эгерде баалар дароо 20 пайызга кымбаттап кетсе, анда биз мамлекет тарабынан бааларды киргизишибиз мүмкүн. Маселен, азыр көмүр кымбаттап кеткендиктен, мамлекет 90 күнгө өз баасын койду. Ал эми авиакомпанияларга биз азыр тарифтерди, бааларды коё албайбыз. Себеби 20 пайыздан өйдө негизсиз кымбаттап кеткен учур катталган жок.

Кымбат сатылган билеттер өтө аз

Монополияга каршы агенттиктин маалыматы боюнча ички рейс жүргүзгөн компаниялар 4500 сомдон кымбат билет саткан учурлар өтө сейрек кездешет. “Эйр Манас” айына 36 миңден ашуун жүргүнчү ташыса, 300дөн ашуун жүргүнчү 4500 сомдон сатып алат. Бул жалпысынан бир айда сатылган билеттин бир пайызын да түзбөйт.

Ал эми Avia traffic менен “Эйр Кыргызстанда” бул көрсөткүчтөр айына он билетке жетпейт экен.

"Манас" аба майданы
"Манас" аба майданы

Депутат Бактыбек Сыдыковдун пикиринде, авиакомпаниялар кирешенин камын гана ойлоп, жөнөкөй жарандардын түйшүк тартып жатканын эске албайт. Ал учуунун акыркы саатында билет баасы кескин кымбаттап кеткенине бөгөт коюу маселесин өкмөт жана башка тийиштүү кызматтар чечиши керек деп эсептейт:

- Авиацияда иштеген департамент, аэропорт, авиакомпания, навигация - бардыгы биргелешип иш алып барышса болмок. Бул маселени Жарандык авиация агенттигинин алдында чогулуп эле өздөрү чечип койсо болот. Кайсы компаниянын канча рейси бар экенин аныктап туруп, билет баасын тактап, белгилүү бир суммадан ашырбай бааны кармап коюуга буйрук чыгаруу жетиштүү.

Депутаттар өкмөткө бир ай убакыт берип, өлкө ичиндеги каттамдардын тарифин бир калыпка келтирүү боюнча сунуштарды иштеп чыгууну тапшырды. Бирок жеке авиакомпаниялар бул үчүн мамлекет акчалай жардам бериши керектигин айтып калышты.

Кыргызстанда ички рейстер менен "Эйр Манас”, Avia traffic, “Эйр Кыргызстан”, Теz Jet компаниялары алектенет.

Чөнтөккө күч келтирген билет баасы
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:47 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG