Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:28

Эл президенттен эмне уккусу келет?


Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

Президент Сооронбай Жээнбеков акыркы эки айдын ичинде мамлекеттик радио менен сегиз жолу маектешти.

Президент апта сайын ишемби күндөрү КТРКнын «Биринчи радиосунун» суроолоруна жооп берүү тажрыйбасын 18-июлда баштаган. Ошол учурда өлкөдө пандемиядан жүздөгөн адам көз жуумп, коомчулукта бийликке нааразылык көп эле. Ага чейин айрым жарандык активисттер мамлекет башчыны «маанилүү маселелер боюнча үн катпайт» деп сындап жүрүшкөн. Кээ бир пиар адистери радиого туруктуу маек кура баштаганын президенттин беделин көтөрүү аракети катары баалап жатышат. Алардын бири PR адис Азим Азимов:

«Бул президенттин басма сөз кызматынын аракети. Алгач президенттин «Youtube» каналындагы видео кайрылууларына терс пикирлер көп келди. Президент эл алдына чыгып билдирүү кылганды жактырбайт. Радио ал үчүн коопсуз формат. Радиого даярданып келип, окуп койсо болот. Ошол эле учурда өзү каалаган ойлорду айта алат. Бирок терс реакцияга туш болбойт», - деп жазды.

Президенттин радио маектеринин маанисине токтолсок, мамлекет башчы апта ичинде коомчулукта кеп болуп, талкуу жараткан суроолорго жооп берет. Маселен, 18-июлда пандемияда шайлоону өткөрүү же өткөрбөө маселеси коомчулукта талкууланып жаткан учурда, саясий өнөктүк убагында өтөрүн так кесе айткан. Ошондой эле кийинки маектеринде Интернет мыйзамы, түрмөдө көз жумган укук коргоочу Азимжан Аскаров, социалдык тармактарда сын айткандардын суракка чакырылышы жөнүндө пикирлерин билдирди. Ал эми акыркы интервьюсунда шайлоо оюндарын пайдаланып өлкөдөгү туруктуулукка доо кетиргиси келип жаткан күчтөр бар экенин айтып, аларга чара көрүлөрүн эскертти.

Антсе да, саясий айдыңда айрымдар президентти «кайсы бир окуялар боюнча пикирлерин туюк билдирип, ачык айтпайт» деп сындашат. Журналист Алмаз Темирбековдун баамында, президенттин маектеринен өкмөт деңгээлиндеги гана маселелер көтөрүлүп жатат.

«Президенттин маектеринен улуттук ири долбоорлор тууралуу сөздөрдү же элге дем берген маанини байкай алган жокмун, - деди ал. - Катардагы эле өлкөдөгү күнүмдүк окуялар жөнүндө кеп болот. Эмне долбоор ишке ашты, келечекте кандай иштер бар - ал жөнүндө сөз болбойт. Маек жума сайын чыкса да натыйжасын көрө алган жокмун. Муну менен президенттин кадыр-баркы көтөрүлгөн жок. Президент элге чыгып сүйлөп жатат дейли. Бирок курулай сөздүн кимге кереги бар? Эми элге кайрылуу форматын талкуулаганда эмне? Президент айткан сөздөн жыйынтык чыкпай, натыйжасы болбосо анын билдирүүлөрүнөн пайда жок».

Медиа эксперт Султан Каназаров президент Сооронбай Жээнбековдун жума сайын радио менен маектешип жатканын кубаттайт. Ал мындай тактиканы күн тартибинде топтолуп калган маселелер боюнча жооп берүү зарылчылыгы менен түшүндүрдү:

«Бул «президенттин өз оозунан чыккан маалыматтар аз болуп жатат» деген пикирлерге жакшы жооп болду. Радиого чыккан маектин текстин коомчулук бардык сайттардан окуп жатат. Бул менимче абдан жакшы технология. Жума сайын күн тартибинде чогулуп калган маселелерге жооп берип жатат. Мурда жылына бир жолу басма сөз жыйынын өткөрчү. Анда айрым маселелер унутулуп калчу. Азыр суроолорго тез жооп берип, маселе күн тартибинен алынып салынат».

Сооронбай Жээнбеков 2019-жылдын аягында журналисттерге басма сөз жыйынын өткөргөн. Андан бери эркин медианын журналисттерине президентке суроо берүү мүмкүнчүлүгү түзүлө элек. Ар кандай жыйындарда же аймактардагы иш-сапарларындагы айткандары президенттин басма сөз кызматы тарткан видеолордо гана жарыяланат. Анын үстүнө мурунку президентке салыштырмалуу Жээнбековдун көпчүлүк билдирүүлөрү коомчулукта кызуу талкууга алына бербейт.

Социолог Самар Сыргабаевдин пикиринде, мамлекет башчынын ар кандай билдирүүлөрү калктын калың катмарына жетпей жатат. Өлкөдө Жээнбековдун сөздөрүн фактылар менен төгүндөп, талдап, сындаган системалуу оппозиция да жок.

«Жума сайын президенттин үнү чыгып жатат, - деди ал. - Бирок кандай ыкма менен? Бул бейтарап, жумшак ыкма. Президент эл алдына чыгып, айрымдардын кыжырына тийбейт. Болгону үнү чыгат. Эми президенттин билдирүүлөрү эмнеге талкууланбайт? Оппозиция талкуулашы керек болчу. Азыр оппозиянын өзү, үнү жок болуп кетти. Ошондой эле анын билдирүүлөрүн талдаган эркин эксперттер да жок».

Медиа айдыңында «президенттик аппараттын басма сөз кызматы жабык» деген да сын-пикирлер айтылып келет.

Кызматта турганда экс-президент Роза Отунбаева, мурдагы өкмөт башчы Темир Сариев мамлекеттик телеканалдын радиосу аркылуу жума сайын коомчулукка кайрылуу ыкмасын колдончу. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жылына эки жолу журналисттер менен басма сөз жыйынын өткөргөндөн тышкары, айрым учурда чет элдик телеканалдардын да суроолоруна жооп бергени маалым.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG