Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:11

Депутаттар тобу Текебаевдин саламаттыгына кабатыр


Өмүрбек Текебаев.
Өмүрбек Текебаев.

Парламент депутаттарынан турган топ Жаза аткаруу мамлекетттик кызматына кайрылып, экс-депутат, Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын мурдагы лидери Өмүрбек Текебаевди ооруканага которууну өтүндү. Бул тууралуу “Азаттык” үналгысына “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын депутаты Исхак Масалиев билдирди. Өмүрбек Текебаев жазасын учурда Бишкектеги №47 түрмөдө өтөп жатат.

Он чакты депутат Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын жетекчилигине мурдагы кызматташы Өмүрбек Текебаевди кадимки ооруканага которууну өтүнүп кайрылуу жиберди. Депутат Исхак Масалиевдин айтымында, Текебаев боюнча эл өкүлдөрү киргизген сунушту ал да колдогон. Ал “Ата Мекендин” лидеринин ден соолугун текшерүү зарыл деп эсептейт:

- Мен Өмүрбек Текебаев менен жолуккан учурда анын кан басымы көтөрүлүп, кыйналып жатканын байкадым. Муну көп эле депутаттар ырастайт. Ошол себептен биз Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынан аны абактан жарандык ооруканага которуп, жок дегенде он күнчө дарыланып алышына уруксат беришин өтүнүп кат жөнөттүк. Бул боюнча кайрылууга 7-8 депутат кол коюп, аталган органга жөнөттүк. Керек болсо конвойду кошо алып барып, кайтарып отурушсун. Дарыланып чыкса, кайра жазасын уланта берет.

Исхак Масалиев.
Исхак Масалиев.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы “Ата Мекен” партиясынын камактагы лидери Өмүрбек Текебаевге байланыштуу депутаттардын кайрылуусун карайт.

Бул тууралуу бүгүн бул кызматтын басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова “Азаттык” радиосуна кабарлады. Кайрылуу мекемеге бүгүн келип түшкөн, эми ал тиешелүү бөлүмгө же жетекчилерге тапшырылат.

Текебаев башкалардан обочо кармалууда

Өмүрбек Текебаев түрмөдө жазасын өтөп жаткан башка соттолуучулардан бөлөк кармалып жатканы да белгилүү болду. Бул тууралуу жакында Текебаев менен жолугуп чыккан “Ар-Намыс” партиясынын төрагасы Феликс Кулов билдирди. Ал “Жалбырак ТВ” менен болгон маегинде билдиргендей, “Ата Мекендин” лидери “короодо басып, эс ала албайт”:

- Мен "Эмне үчүн мындай шарт түзүлгөн?" деп сурап көрдүм. Ал муну депутат кезинде мыйзамдык жактан кылмыш дүйнөсүнүн өкүлдөрүнө каршы жандуу күрөш жүргүзгөнү, кылмыштуулукка каршы ар кандай долбоорлорду даярдаганы менен түшүндүрдү. Ошондуктан Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын жетекчилиги анын депутат катары ушундай ишмердигин эске алып, өмүрүнө коркунуч бар деп эсептесе керек. Өмүрбек Чиркешович менен сүйлөшкөнүмө караганда, аны башка соттолуучулардан обочо кармоо эки тараптуу чечим болгон окшойт. Айтып болбойт да, балким кандайдыр бир чагым болуп кетеби... Ошондуктан бул жерде Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын жетекчилигин айыптоого болбойт. Бирок, ошол эле кезде чектелген эркиндик - бул жакшы эмес экенин да билебиз.

Феликс Кулов.
Феликс Кулов.

Кулов Өмүрбек Текебаев өз абалын ойлоп отурбай, "Өлкөдө өзгөрүү үчүн эмне кылыш керек?" деп ойлонуп жатканы жакканын да кошумчалады.

Буга чейин “Ата Мекен” партиясынын камактагы лидери Өмүрбек Текебаевдин абалынан экс-президент Роза Отунбаева да кабар алган.

Отунбаева: Өмүрбек Текебаевдин маанайы жакшы
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:49 0:00

21-ноябрда Жогорку Сот "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотоновду сегиз жылдан күчөтүлгөн тартиптеги абакка кескен жана үй-мүлкүн мамлекетке чегерүү тууралуу райондук соттун чечимин күчүндө калтырган. Эки саясатчы "орусиялык жарандан бир миллион доллар пара алган" деген айып менен былтыр февраль айында камакка алынган. Соттолгондор муну өз оппозициялык ишмердүүлүгү үчүн саясий куугунтук катары баалап келишет.

Былтыр октябрда Өмүрбек Текебаев Бишкектеги №47 түзөтүү колониясына, Чотонов Молдовановка айылындагы №27 абакка которулган.

Текебаевдин адвокаттары аны актоону өтүнүп БУУнун адам укуктары боюнча комитетине жана эл аралык сотторго кайрылууга даярданууда.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG