Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:00

Депутаттар Текебаевди ооруканага которууну өтүнүп кайрылуу кабыл алышты


Өмүрбек Текебаев сот учурунда.
Өмүрбек Текебаев сот учурунда.

Жогорку Кеңештин “Ата Мекен” фракциясынын мурдагы башчысы, экс-депутат Өмүрбек Текебаевди абактан жарандык ооруканага которуу өтүнүчү жазылган кайрылууга бир нече депутат кол койду. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев “Азаттыкка” билдирди.

Анын айтымында, Текебаевдин кан басымы көтөрүлүп кеткен.

- Мен Өмүрбек Текебаев менен жолуккан учурда анын кан басымы көтөрүлүп, кыйналып жатканын байкадым. Муну көп эле депутаттар ырастайт. Ошол себептен биз Жаза аткаруу кызматынан аны абактан жарандык ооруканага которуп, жок дегенде он күнчө убакыт дарыланып алышына уруксат беришин өтүнүп кат жөнөттүк. Бул боюнча кайрылууга 7-8 депутат кол коюп, аталган органга жөнөттүк. Керек болсо конвойду кошо алып барып, кайтарып отурушсун. Дарыланып чыкса, кайра жазасын уланта берет.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы депутаттардын кайрылуусу мекемеге келип түшө электигин, келсе караларын билдиришти. Текебаевге дарыланууга уруксат берилеби же жокпу, аны ачык айткан жок. Басма соз кызматынын маалыматына караганда, экс-депутат Өмүрбек Текебаев камалып жаткан №47 колониянын өзүндө да бейтапкана бар жана ал ошол жерден да дарыланууга шарты бар.

21-ноябрда Жогорку Сот "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотоновду сегиз жылдан күчөтүлгөн тартиптеги абакка кескен жана үй-мүлкүн мамлекетке чегерүү тууралуу райондук соттун чечимин күчүндө калтырган. Эки саясатчы "орусиялык жарандан бир миллион доллар пара алган" деген айып менен быйыл февраль айында камакка алынган. Соттолгондор муну өз оппозициялык ишмердүүлүгү үчүн саясий куугунтук катары баалап келишет.

Былтыр октябрда Өмүрбек Текебаев Бишкектеги №47 түзөтүү колониясына, Чотонов Молдовановка айылындагы №27 абакка которулган.

Текебаевдин адвокаттары аны актоону өтүнүп БУУнун адам укуктары боюнча комитетине жана эл аралык сотторго кайрылууга даярданууда. (ErN)

XS
SM
MD
LG