Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:13

Кулов: Текебаев түрмөдө башкалардан обочо кармалууда


Феликс Кулов.
Феликс Кулов.

“Ар-намыс” партиясынын лидери Феликс Кулов камактагы саясатчы Өмүрбек Текебаевдин абалынан кабар алды. Бул тууралуу ал Текебаев отурган Бишкектеги №47 колонияга кирип чыккандан кийин 10-январда “Жалбырак” телеканалы менен болгон маегинде билдирди. Куловдун айтымында, "депутат кезиндеги кылмыштуулукка каршы күрөшүү аракеттеринен улам Өмүрбек Текебаевдин өмүрүнө коркунуч жаралышы ыктымал" деген кооптонуулар болгондуктан, Жаза аткаруу кызматы аны түрмөдөгү башка адамдардан обочо кармап жатат:

- Короо жок, ал сейилдей албайт экен. Эмне үчүн мындай шарт болуп жатканын сурасам, ал депутат болуп турган кезде уюшкан кылмыштуу топторго, кылмыштуулукка каршы күрөш боюнча мыйзам долбоорлорун даярдап, жигердүү иштегени менен түшүндүрдү. Ошондуктан, анын мындай иштерин эске алуу менен Жаза аткаруу кызматынын жетекчилиги анын өмүрүнө кандайдыр коркунуч бар деп эсептесе керек. Алар Өмүрбек Чиркешович менен сүйлөшүп, калган контингенттен оолак кармоо тууралуу бир чечимге келген сыяктуу.

21-ноябрда Жогорку Сот "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотоновду сегиз жылдан күчөтүлгөн тартиптеги абакка кескен жана үй-мүлкүн мамлекетке чегерүү тууралуу райондук соттун чечимин күчүндө калтырган. Эки саясатчы "орусиялык жарандан бир миллион доллар пара алган" деген айып менен быйыл февраль айында камакка алынган. Соттолгондор муну өз оппозициялык ишмердүүлүгү үчүн саясий куугунтук катары баалап келишет.

Былтыр октябрда Өмүрбек Текебаев Бишкектеги №47 түзөтүү колониясына, Чотонов Молдовановка айылындагы №27 абакка которулган.

Текебаевдин адвокаттары аны актоо өтүнүчү менен БУУнун адам укуктары боюнча комитетине жана эл аралык сотторго кайрылууга даярданууда. (NT)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG