Депутат Аида Салянова Бишкек шаардык сотунун себептерди эске албаган шашылыш аракетин ишти тез аягына чыгаруу максаты менен байланыштырды. Мурдагы отурумда сот адвокат келе албаса мамлекеттик жактоочу дайындаларын, процесс токтобой турганын эскерткен болчу. Ошондуктан шейшемби күнкү отурумга адвокат Чынара Жакупбекова дене табы көтөрүлүп, сыркоолоп жатканына карабастан катышты.
Бул күнү иштин материалдарын изилдөө уланды. Салянова өзүнүн актыгын далилдеш үчүн сотко Юстиция министрлигинде сакталып туруучу “Адвокаттардын мамлекеттик реестрин” алып келип көрсөтүүнү өтүндү. Ал буга иштин материалдарына анын көчүрмөсү тиркелгендиктен айрым жерлери жакшы көрүнбөй, принципиалдуу суроолор жоопсуз калып жатканын жүйө келтирди.
Прокуратура өкүлдөрү мындай өтүнүчтү негизсиз деп аташты. Натыйжада сот Салянованын бул сунушун четке какты.
- Билип туруппу же иштин жагдайын билбей ушундай кылып жатышабы, мен үчүн бүдөмүк. Бирок эгер чындыкты кааласа анын эч проблемасы жок болчу, реестрди алып келип, беш мүнөт барактап коюш. Бул өтө маанилүү болчу, - дейт депутат Аида Салянова.
"Максим Бакиевдин өнөктөшү Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узартып берген" деп айыпталган Салянованы 10-октябрда Бишкектин Ленин райондук соту "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган" деп айыптап, беш жылга эркинен ажыратуу жана үй-мүлкүн конфискациялоо тууралуу чечим чыгарган.
Ал арада “Ата Мекен” партиясынын юристтери Таалайгүл Токтакунова менен Канатбек Азизге Бишкектин Октябрь райондук соту чет өлкөлөргө чыгууга тыюу салды.
Канатбек Азиз бул чечимди мыйзамсыз деп эсептейт:
- Илимпоз болгондуктан ар кандай илимий-практикалык конференцияларга катышып турам. Жакында Москвага барып келдим. Январда Прагага бармакмын. Тыюу салып коюшту, чыкпасын деп. Соттун чечимине макул эмесмин, себеби азыркы күнгө чейин бир да далил келтиришкен жок.
УКМК Cаляновага айыбын угузду
"Ата Мекен" фракциясынан депутат Аида Саляновага козголгон кылмыш иши тергелип бүтүп, айыбы угузулду. Анын негизинде Салянова мамлекеттен сырткары эч жакка чыкпоого милдеттендирилди. Бирок депутат өзүнө козголгон кылмыш иши боюнча тергөөдө мыйзам бузуулар болгонун айтууда.
Ал эми Сот департаментинин маалымат катчысы Назира Сагыналиева эки адвокаттын Кыргызстандан чыгуусун чектеген чечим мыйзам чегинде кабыл алынганын айтууда:
- Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунда ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин пайдасына 10 миллион сом акчаны Таалайгүл Токтакунова менен Канатбек Азизден өндүрүү боюнча документ сот аткаруучуларга келип түшкөн. 2-ноябрда карызкорлорго соттун чечимин өз эрки менен аткаруу барагы тапшырылган. 10 күн ичинде аткарылышы керек эле. Ошондуктан 4-декабрда Кыргызстандын аймагынан сырткары чыгууга тыюу салынды. Андыктан сот аткаруучулардын аракети мыйзамдуу.
"Өлкөдөн чыкпасын" деген талаптан тышкары эки адвокат ошол эле соттун чечими менен айлык алуу укугунан да ажыраган. Өздөрү маянасынын 100% ала албай калганын айтса, Сот департаменти мындай чектөө 50% гана экенин билдирип жатат.
Таалайкүл Токтакунова менен Канатбек Азиз быйыл март айында Бишкекте маалымат жыйынын өткөрүп, "Дача СУ айылына кулаган учактагы жүк Алмазбек Атамбаевге тиешеси бар" деген маалымат таратышкан. Башкы прокуратура мамлекет башчынын кадыр-баркын коргоп, аларды сотко берген. Райондук, андан кийин шаардык сот көзөмөл органдын доо арызын толук канааттандырып, алардан 10 миллион сом өндүрүп алуу тууралуу чечим чыгарган. Дача СУ боюнча бул билдирүү далилдене элек.
“Ата Мекен” партиясы оппозициялык ишмердүүлүгү менен белгилүү. Партия лидери Өмүрбек Текебаев "орус жаранынан пара алган" деген айып менен сегиз жылга соттолуп, азыр абакта. Анын ордуна парламенттеги фракцияны жетектеп турган Алмамбет Шыкмаматовду өткөн аптада райондук сот “коррупция” боюнча айып коюп, беш миллион сом айыпка жыкты.
Саясатчылар бул кылмыш иштерин өздөрүнүн оппозициялык көз караштары, ачык айткан сын сөздөрү үчүн ошол кездеги бийликтин куугунтугу катары баалап келе жатышат. Мындай пикирди прокуратура четке каккан.
Оппозициялык саясатчылардын камакка алынышын Кыргызстандагы сот эркиндигинин жоктугуна, соттордун бийликтин жетеги менен иштеп жатканына байланыштырган пикирлер бар.
“Сот реформасы жыйынтык бердиби?” деген суроого Жогорку Кеңештин депутаты, Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент комитетинин мүчөсү Исхак Масалиев:
- Сот реформасы бизде болгон эмес. Айрым эрежелер өзгөрдү, бирок негизинен бүгүнкү күндө соттор бир гана кишиге - президентке жана анын аппаратына таандык болуп калды. Толугу менен көз каранды. Бул куру сөз эмес, жакында президенттик шайлоодо өз башыман өткөрдүм, - деп жооп берди.
Жакында Бишкекте "Саясий туткундарга эркиндик" аттуу жарандык форум өттү. Ага катышкан белгилүү саясатчылар жана активисттер бийликке кайрылуу кабыл алып, саясий негиз менен камакта отургандардын ишин кайра карап чыгып, алар боюнча адилет чечим чыгарууга үндөштү. Уюштуруучулар ушу тапта саясий негизде куугунтукка алынган жана камалган саясатчылар, активисттер, журналисттер 30га жакындап калганын билдиришти.
Саясат талдоочу Бакыт Бакетаев алардын баары эле саясий курмандык эмес деген пикирде:
- 30 дегенге макул эмесмин. Арасында идеясы, философиялык пайдубалы бар оппозиция өкүлдөрү бар. Бирок кээ бирлер мамлекеттин жана элдин мүлкүнө кол салып, оппозициянын чапанын жамынып жатышпайбы.
Кыргызстанда 447 судья бар. Жогорку соттун расмий сайтындагы маалыматтарга караганда, сот реформасы ийгиликтүү жүрүп, өз натыйжасын берүүдө. Он жыл мурда ар бир судьяга айына 20 ишти кароо туура келсе, азыр бул көрсөткүч 3-4 эсе көп.