"Азаттыктын" веб-редактору, журналист. Кыргызстандын Эл аралык университетин аяктаган.
Орусиянын президенти Владимир Путиндин Кыргызстандагы сапарынын алкагында тараптар бирдиктүү орус аскер базасы боюнча макулдашууга өзгөртүү киргизишти.
Кыргызстанда акыркы жылдары арзан саякатты тандаган туристтер арбый баштады.
Өмүрбек Текебаев жазасын Бишкектеги №47 түрмөдө өтөп жатат.
Жакшылык Шералиевдин ата-энеси, эки карындашы учак кырсыгынан каза таап, жалгыз калды.
Ушу тапта эрикпегендин баары эле Instagram желесиндеги kelinki_kg аккаунтун айланчыктап жүрүшкөндөй таасир калтырат.
ИИМдин жана Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлдөрү табып Ашым Зайналиевдин жеке ооруканасын жаба алган жок. Анын клиникасында рак менен ооруган 56 жаштагы аял эмчегин алдыргандан кийин көз жумган. Бул маселе боюнча “Азаттык” Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук кабылдамасынын жетекчиси Фатима Турусбекова менен маектешти.
Manas Tower – кыргызстандык бизнесмендер АКШдагы өнөктөштөрү менен бирге куруп жаткан алты кабат үйдүн аталышы. Бул долбоор тууралуу “Азаттыкка” жердешебиз Мирзат Бегалиев айтып бермекчи.
Борбор Азия мамлекеттери биргелешип аракеттенбесе, "Ислам мамлекети" радикал тобунун коркунучтарына туруштук берүү кыйын.
Москвада жаңы ачылган Миграциялык борборго ишке керектүү документтерди алуу үчүн барган мигранттар көп. Бирок ал үчүн зарыга кезек күтүп, убакытты да, акчаны да коротууга туура келет.
Улуттук банктын төрагасы Толкун Абдыгулов валюта рыногунда болуп жаткан кырдаал тууралуу “Азаттыкка” комментарий берди.
Бишкектеги кафелердин биринде хэллoуинди белгилешти. Чоңдор жана балдар үчүн атайын сынактар уюштурулуп, белектер тапшырылды.
Орус рублинин кыргыз сомуна карата наркынын төмөндөшү экономиканын өнүгүшүнө кандай таасир этиши мүмкүн? Улуттук Банк доллардын курсун канча убакытка чейин бир калыпта кармап тура алат?
Футболист Мартин Басов Украинанын Донецк шаарынан. Кыргызстанга «Алай» футбол командасы менен түзгөн эки айлык келишимдин алкагында келген.
Кыргызстандан көчүп кетип, учурда Израилде жашаган Александр Ронкиндин ITON-TV каналында “Ачуулуу кыргыз” деген автордук программасы бар. “Азаттыкка” берген маегинде эмне үчүн “Ачуулуу кыргыз” деп атаганын чечмелеп берди.
Орусиялык журналист, Борбор Азия боюнча эксперт Аркадий Дубнов Кыргызстандын мурдагы президенттерине байланыштуу соңку окуялар тууралуу ой бөлүштү.
Жогорку Кеңештеги башкаруучу коалициянын төрагасы, парламенттеги “Ар-намыс” фракциясынын лидери Феликс Кулов өлкөдөгү саясий кырдаал, өкмөттүн ишмердүүлүгү, саясий оппозиция жөнүндө ойлору менен бөлүштү.