Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:25

Партияларды бюджеттен каржылоо сунушталды


Жогорку Кеңеш.
Жогорку Кеңеш.

Кыргызстанда саясий партияларды бюджеттен каржылоо сунушталып жатат. Тиешелүү мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде каралып, концепциясы кабыл алынды.

Документ колдоо тапса парламентке өткөн жана шайлоочулардын эки пайыз добушун алган партияларга жыл сайын бюджеттен акча бөлүнөт. Мыйзам долбоорунун авторлору бул партиялардын калыптанышына жана алардын ачык-айкын иштешине шарт түзөрүн жүйө келтиришти. Бирок партияларды каржылоого бюджеттин чама-чаркы жетеби, коомчулук бул сунушту колдойбу деген маселе көтөрүлдү.

«Саясий партиялар жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү депутаттар Айнуру Алтыбаева, Мирлан Бакиров жана Нурбек Алимбеков сунуш кылышкан. Мыйзам долбоорунда партия түзүү, анын ишмердиги, программасы жана уставы сыяктуу саясий бирикмеге тиешелүү бир катар беренелер бар. Биз алардын ичинен «Саясий партиялардын ишин мамлекеттик каржылоо» беренесине токтолобуз.

Түшүнүктүү болуш үчүн партиялар кайсы каражаттын эсебинен каржыланганы жатканынан баштасак. Иштеп жаткан шайлоо мыйзамдарына ылайык партиялар парламенттик шайлоого катышуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) 5 миллион сомду күрөөгө коюшат. Анын ичинен шайлоодон утуп Жогорку Кеңешке келген партиялар менен шайлоочулардын беш пайыздан кем эмес добушун алгандар күрөөнү кайтарып алат. Калган акча бюджетке түшөт.

Мыйзам долбоорун иштеп чыккандар мына ушул акчаны парламентке келген жана шайлоочулардын эки пайыздан кем эмес добушун алган партияларга бөлүп берүүнү сунуш кылышты. Анын авторлорунун бири, депутат Мирлан Бакиров партияларды мамлекеттик каржылоо парламентаризмди өнүктүрөт деп эсептейт.

Мирлан Бакиров.
Мирлан Бакиров.

«Албетте, каржылоо маселесинде коомчулукта ар кандай пикирлер болушу мүмкүн, - деди ал. - Бул жерде жыл сайын 16 миллион сомдон 20 миллион сомго чейин бөлүнчү акча тууралуу сөз болуп жатат. Биз бүгүн 16-20 миллион сом сарптоо менен мамлекеттин келечегин аныктай турган сапаттуу партияларды даярдап жатабыз. Ал партия эртең өкмөттү курайт. Жалпылап айтканда өлкөнүн жалпы өнүгүү багытын сапаттуу парламент аныктайт».

Бир жыныстагы талапкерлер 60% көп эмес болгондо, 35 жаштан улуу эмес талапкерлер 20% кем эмес, ар түрдүү улуттарга таандык талапкерлер 20% кем эмес учурда жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчтөн кем эмес болгондо партияларга акча бөлүнөт. Каражаттын 50% Жогорку Кеңешке өткөн партияларга, калган 50% шайлоочулардын эки пайыз добушун алган партиялар менен парламенттеги партиялардын арасында бөлүштүрүлөт.

Мыйзам долбоорунда «саясий партияларды каржылоо мамлекеттик бюджеттин өлчөмүнүн 0,01 пайызынан кем болбойт» деп жазылган. Мисалы, быйыл бюджет 163 млрд. сом деп кабыл алынган. Демек, сунушталып жаткан мыйзам иштеген болсо партияларды каржылоого 16 миллион 300 миң сом бөлүнмөк. Жогорку Кеңештин депутаты Кенжебек Бокоев мыйзам долбоорундагы кооптуу жагдайларга көңүл бурду:

Кенжебек Бокоев.
Кенжебек Бокоев.

«Парламент араң жүргөндө бул мыйзам долбоору менен белибизди сындырып албайлы. Мамлекет партияларды беш жыл каржылап турат экен. Анын үстүнө 0,01 пайыздан кем эмес деп жазылган. Бул жерде даана 16 миллион сом эмес, андан кем болбошу керек деген сунуш берилип жатат. Эртең Жогорку Кеңешке өткөн партия «мага 1 млрд. сом керек» десе алардыкы мыйзамдуу болуп калат. Ошондуктан бул беренени алып салыш керек».

«Саясий партиялар жөнүндө» мыйзам долбоорунун бул беренеси авторлордун сунушу боюнча 2026-жылдан тартып иштейт. Документтин авторлору эксперттер 2024-жылдан баштап Кыргызстандын экономикасында өсүш болорун айтып жатышканын билдиришти. Ушундан улам алар республикалык бюджетке анчалык оорчулук келбейт деп жатышат. Жогорку Кеңештин дагы бир депутаты Алтынбек Сулайманов партияларды бюджеттен каржылоого каршы чыкты:

Алтынбек Сулайманов.
Алтынбек Сулайманов.

«Элдин оюн угуш керек. «Партияларды бюджеттен каржылаш керек» дегенге элден кандай жооп алабыз, билбейм. Мен партиялардын жоопкерчилиги, алардын ишмердиги боюнча маалымат берилишине каршы эмесмин. Бирок аларды бюджеттен каржылаш керек дегенге элден жакшы жооп албайбыз».

Мыйзам долбоорунун «Финансылык отчёттуулук» беренесине ылайык партиялар каржылык жана башка иштери боюнча отчёт бериши керек. Партия жыл сайын өзүнүн сайтына же жалпыга маалымдоо каражаттарына кийинки жылга карата финанасылык отчётун жарыялоого тийиш. Ал эми депутат Иса Өмүркулов сунушталып жаткан долбоорду колдоду:

«Шайлоодо бир, эки, үч пайыз алган партиялардан баштап мамлекеттик каржылоого өтүш керек. Ушуну менен эл арасында, саясатчылар арасында «парламентке олигархтар келет» деген сөздөн кетишибиз керек. Эгерде саясий партиялар мамлекет тарабынан каржыланса, парламентке баргысы келген партиялардын баарына бирдей, калыс мамиле болот. Партияларга берилчү акчаны «партиялардан чогулган акча» дебей, «мамлекеттин казынасынан каржыланат» деп так жазышыбыз керек. Анткени партиялар күрөөгө койгон каражат баары бир бюджетке түшөт».

Президент Сооронбай Жээнбеков өткөн айда Жогорку Кеңештеги билдирүүсүндө парламенттик демократияны өнүктүрүүдө партиялардын ролун белгилеп, партиялык тизме түзүп, депутаттык мандаттарды бөлүштүрүүдө партия башчыларынын өзүм билемдигине жол бербеш керек экенин айткан. Ошондой эле сөз болуп жаткан «Саясий партиялар жөнүндө» мыйзам долбоору парламентте беш айдан бери жатканын жана аны тезирээк кабыл алыш керек экенин билдирген. «Замандаш» партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов мыйзам боюнча мындай деди:

Жеңиш Молдокматов.
Жеңиш Молдокматов.

«Бул мыйзам долбоору менен оппозициялык партияларды мамлекет каржылап басым, кысым менен бийликчил кылып койбошу керек. Мамлекет бул долбоор кабыл алынса партияларды кандай көзөмөлдөйт? Ал партиянын укуктарын чектебейби? Бул абдан маанилүү. Депутаттар мыйзам долбоорунун кооптуу жактарын айтпай жатышат. «Мамлекет партияларды каржылайт» деп жазып коюп, партияларды көзөмөлгө албаш керек. Өнүккөн мамлекеттерде деле оппозициялык партияларды баш кылып мамлекет каржылайт. Бирок алар ээн-эркин иштейт. Бизде болсо бул мыйзам оппозициялык партияларга каршы иштеп калышы мүмкүн».

Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда Юстиция министрлигинен 270ке жакын саясий партия каттоодон өткөн. «Саясий партиялар жөнүндө» мыйзам 1999-жылдан бери өзгөртүлгөн эмес. Үч депутат иштеп чыккан мыйзам 10-мартта парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинде каралып, концепциясы жактырылды.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG