Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:18

Нур-Султан: Казак-кыргыз бажысында 10 эсе айырма бар


Казак-кыргыз чек ара бекетиндеги тыгын, 7-январь, 2020.
Казак-кыргыз чек ара бекетиндеги тыгын, 7-январь, 2020.

Кыргыз-казак чек арасындагы тыгындан улам эки өлкөнүн өкмөттөрү кайым айтышууда. Казакстандын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик кирешелер боюнча комитети былтыртан бери 13 миңден ашуун жалган жүк ташуу фактысы орун алганын билдирди.

Кыргыз-казак чек арасындагы «Ак Тилек» өткөрмө бекетинде жүк ташуучу машинелердин узун кезеги дале болсо сакталууда. Чек ара кызматынын маалыматы боюнча, 8-июнга карата Кыргызстандын аймагында 230дан ашык чоң машине Казакстанга кире албай турат.

Чек ара кызматынын басма сөз катчысы Гүлмира Бөрүбаева буларды айтты:

«Учурда кыргыз-казак чек арасындагы «Ак Тилек» өткөрмө бекети күчөтүлгөн режимде иштеп жатат. 8-июнга караган түнү бул бекет аркылуу Кыргызстандан Казакстанга 221 жүк ташуучу транспорт өттү. Ал эми Кыргызстандын аймагына 230 автоунаа келди. Бүгүнкү саат 15:30га карата 230га жакын автоунаа күтүп турат. Кыргыз тараптан автоунааларды өтүшүнө эч кандай чектөө жок».

Ушундай эле көрүнүш Казакстан менен чектешкен Таластагы «Чоң-Капка» бекетинде да орун алып жатат.

Бул жолу маселенин олуттуулугун кыргыз өкмөтү мойнуна алып, Казакстан тарап Евразия Экономикалык Биримдигиндеги келишимди аткарбай жатат деп билдирди. 4-июнда «Ак Тилек» өткөрмө бекетине барган вице-премьер-министр Эркин Асрандиев чек арадагы абал былтыртан бери начарлап кеткенин белгилеген:

Эркин Асрандиев
Эркин Асрандиев

«Казакстан менен чектешкен чек арада көптөн бери кыйынчылыктар болуп келатат. 300-400 машине көп күндөн бери кезек күтүп турат. Мен айдоочуларды Казакстандын чек арасынан Кыргызстанга өткөрүүнүн тартибин көрдүм. Ал паспорттук көзөмөлдөн, андан аркы көзөмөлдөө үчүн медицина кызматкерлеринин анкеталык маалыматтарын топтоодон, вирустун бар-жогуна анализ тапшыруудан турат. Андан соң жүк ташуучу Кыргызстандын аймагында тесттин жыйынтыгын күтөт. Өлкөгө кирүү тартиби да татаал эмес. Ал эми казак тараптан бардыгы жай болуп жатат. Бул биздин ички союздук макулдашууларга каршы келет».

Чек арадагы айдоочулар: кезек күткөндөн тажадык
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:25 0:00


Асрандиев Кыргызстандын тышкы чек араларындагы абалга караганда ЕАЭБдин ичиндеги чек арасында жагдай оор экенин кошумчалаган. Вице-премьер бул маселе боюнча кыргыз тарап биримдиктин коллегиясына бир нече жолу кайрылганын, учурда да аракеттер уланып жатканын айткан болчу.

Ал эми 6-июнда кыргыз өкмөтү тараткан билдирүүдө буга чейин жолугушууларда «казак тарап унаалардын топтолушуна казакстандык жак күнөөлүү экендигин мойнуна алды жана өлкөнүн борбордук бийлигине болуп жаткан учурдагы кырдаал тууралуу маалымдоого ишендиришти»,-деп айтылган эле.

Казак тарап кандай жооп берди?

Эркин Асрандиевдин бул билдирүүсүнө Казакстандын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик кирешелер боюнча комитети жооп кайтарды. Аталган комитет акыркы күндөрү үч жолу билдирүү таратты. Анда Казакстан былтыртан бери көмүскө товар жүгүртүүнү төмөндөтүү жана экономикалык кызыкчылыгын коргоо үчүн мониторинг кылып жатканы айтылат. Анын жыйынтыгында 13 миңден ашык жалган жүк ташуу фактысы орун алган. Бул фактылар кыргыз тарапка берилип, эки өлкө ортосунда жолугушуулар өткөн.

«Кыргызстандык өнөктөштөр конструктивдүү диалогдун ордуна атайлап чек арадагы абалды курчутуу жана Казакстандын ички салыктык тескөөсүн соода барьери катары таанытуу максатында чагым болуп жатат»,-деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле Казакстандын расмий органы учурда чек арада жүк ташуучу унаалардын тыгыны бар экенин ырастаган. Муну Кытай менен сооданын жанданышы жана пандемиядан улам калган беш бекеттин иштебей жатышы менен байланыштырган. Мындан сырткары унаалардын кезегин бузган жергиликтүү «коштоочулар» да себепчи болуп жатканы айтылат. Бул абалды жөнгө салуу боюнча Кыргызстандын тиешелүү органдары менен жолугушуулар өтүп жатканы да кошумчаланган.

Дал ушул жагдайларды эске алуу менен Казакстан кыргыз өкмөтүн көмүскө соода жүгүртүүнү токтотууга үндөп, цивилдүү чараларды биргеликте кабыл алмайынча тыгын токтобой турганын белгилеген.

Ал эми 8-июнда таратылган билдирүүдө эки өлкөнүн экспорт жана импорт боюнча маалыматтарында 10 эселик айырма бар экени айтылат. Тактап айтканда, Казакстандын расмий органдары кыргыз тараптын статистикасында экспорттун көлөмү 10 эсе азайтылып көрсөтүлөрүн билдирген.

«Мындай кырдаал Казакстандын бюджетине зыян келтирип, казак бизнеси үчүн адилетсиз шарт түзүп жатат», - деп айтылат билдирүүдө.

Коңшу өлкөнүн жүйөсүнө кыргыз бийлиги жооп кайтара элек. Мына ушундай кыргыз-казак чек арасындагы кризис алым-сабак билдирүүлөр менен коштолууда. Мындай абал кыргыз премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев эс алууда жүргөн кезде жаралды.

Түйүнү чечилбеген «чектөөлөр»

Негизи Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда «соода согушу» расмий Бишкек ЕАЭБге мүчө болгон күндөн тартып эле мезгил-мезгили менен жаралып келет. Мындай кырдаалда өнөктөш өлкөлөр өз жүйөсүн айтканы менен маселе чечиле элек. Кошуналардын пикир келишпестиги Евразия экономикалык комиссиясына, Дүйнөлүк соода уюмуна чейин жеткен.

Евразия Экономикалык Биримдигине кирген мамлекеттердин лидерлери. 29-май, 2019-жыл.
Евразия Экономикалык Биримдигине кирген мамлекеттердин лидерлери. 29-май, 2019-жыл.

Негизи адам, капитал, товар жана тейлөө кызматтары эркин ишке ашат деп түзүлгөн ЕАЭБдин ичиндеги мындай барьерлер аталган уюмдун келечеги жөнүндө күмөн суроолорду пайда кылууда. Айрыкча уюмдагы негизги оюнчулар болгон Орусия менен Беларустун ортосундагы газ, чек арадагы пикир келишпестиктер бул күмөндү утур-утур күчөтүп келет.

Уюмга кирген өлкөлөрдүн президенттеринин 19-майда өткөн соңку онлайн жыйынында ЕАЭБдин 2025-жылга чейинки стратегиясы бекитилбей калган.

Ал эми кыргыз президенти Сооронбай Жээнбеков Евразия Экономикалык Биримдигинин ичиндеги тоскоолдуктар алынбаса сотко кайрылуу мүмкүнчүлүгүн караштыруу маселесин көтөргөн. Дал ушундай кырдаалда «соода чектөөсү» жок болуп, бул маселелер кантип чечилет деген суроо курч турууда.

Кыргызстандын тышкы иштер министринин мурдагы орун басары Аскар Бешимов бул маселенин тамыры ЕАЭБдин ичиндеги абалга байланыштуу экенин белгилейт:

Аскар Бешимов
Аскар Бешимов

«Бул маселе Орусиянын саясатына байланыштуу болуп жатат. Эгерде протекционизм улана берсе, алар тараптан газ-мунайды бир рынокко кошпосо ушундай кырдаал улана берет. Аларды көрүп алып, Казакстан фитосанитардык нормаларды колдонуп, чектөө болууда. Бул жерде мыйзамдар, келишимдер иштебей жатат. ЕАЭБдин ичинде эле эмес, Казакстан менен эки тараптуу келишимдер да иштебей жатат. Ал эми көмүскө экономика дегени бир гана Кыргызстанга таандык эмес. Бул көрүнүш Казакстанга, Кытайга жана Орусияга да мүнөздүү».

Ал эми ишкер Евраз Осмонов акыркы кырдаалда экономикадан да саясий диалог маанилүү болуп турат деген ойдо:

«Евразия Экономикалык Биримдиги экономикалык блоктон мурда бул - саясий бирикме. Экономикалык бирикме болгондо көп тараптуу мүмкүнчүлүктөр, пикирлер эске алынышы керек эле. Учурда мигранттар жана башка маселелер боюнча шантаждын негизинде иш жүрүп жатат. Ошондуктан акыркы кырдаалды экономикалык жактан эмес, саясий жактан карап чечүүгө аракет кылуу керек».

Евразия Экономикалык Биримдиги (ЕАЭБ) 2010-жылы Беларустун, Казакстандын жана Орусиянын Бажы биримдиги катары түзүлгөн. 2015-жылы бул уюмга Кыргызстан менен Армения кошулган. Кыргыз өкмөтү ЕАЭБге мүчө болгондо төрт эркиндик берилерин, алар - жарандардын, товардын, тейлөө кызматтарынын жана капиталдын беш өлкө аймагында тоскоолдуксуз жүрүшү экенин жарыялаган. Уюмдун ичинде фитосанитардык нормалар жана талаптар бар.

Соңку жылдары ЕАЭБге мүчөлүк Кыргызстанга пайда алып келбегени тууралуу пикирлер парламентте айтылып, уюм ичиндеги пикир келишпестиктер тууралуу өкмөт да билдирүүдө.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG