Жогорку Кеңеш кышка болгон камылга боюнча өкмөттүн маалыматын укту. Вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев элди кыштан аман-эсен алып чыгуу үчүн отун-суу жетиштүү, кышкысын свет өчпөйт деп ишендирүүдө. Анын ырасташынча, Казакстанда кармалып турган көмүрлөр кайрадан келе баштады.
- Акыркы маалымат боюнча көмүр келе баштады. Кечээ күнү алгачкы алты вагон, бүгүн тогуз вагон келди. Дагы 25 вагондун келиши күтүлүп жатат. Азыркы учурда чек арага - Луговоеге жетип калды. Кудай буюрса бул айдын аягына чейин 100 миң тонна көмүр келет. Көмүр жеткирүүчүлөр ушундай убада беришти.
Буга чейин кыргыз-казак мамилесинин солгундашынан улам Казакстандан келчү көмүр кечеңдеп жатканы айтылган. “Электр станциялары” ачык акционердик коомунун башкы директору Узак Кыдырбаевдин маалыматы боюнча бул айда Казакстандан келишимде көрсөтүлгөндөн 30 миң тоннага аз көмүр келген.
Бишкек жылуулук борборуна жылына миллион тонна көмүр керектелет. Анын 550 миң тоннасы Кара-Кечеден, 450 миң тоннасы Казакстандан алынат.
Казак көмүрүнүн келбей калышы менен баалар 10-12 пайызга чейин өсүп кеткен. Мындан улам Зилалиев кара алтындын баасына мамлекеттик көзөмөл күчөрүн айтты.
Айрым депутаттар Бишкек жылуулук борбору таңсыктыкка карабай көмүрдү ысырап кылып жатканын айтып, тийиштүү кызматкерлерди жоопко тартуу керектигин билдиришти. “Бир Бол” фракциясынын мүчөсү Аскарбек Шадиев Бишкекте аба ырайы жайдагыдай болуп жатса да жылуулуктун токтотулбай жатканына түшүнбөйт.
- Сиздер азыр элди кыйнап жатасыңар. Бишкектиктер түнкүсүн терезесин ачып уктап жатышат. Кесиптештерим да кондиционер иштетип жатышат. Ошондо силер кондиционер үчүн светке, кайра жылуулук үчүн да элден акча алып жатасыңар. Жылуулук болсо талаага кетип жатат. Бул эмне деген шумдук? Жооп бергиле!
Кара-Кечеге кызыккан инвестор жок
Кара-Кечеге кызыккан инвестор жок
Кара-Кече көмүр кенине жылуулук электр борборун куруу долбоору тээ союздун тушунан бери эле көтөрүлүп келе жатканы белгилүү. Мурдагы президенттердин тушунда улам бир коомчулуктун назарына илинип, кайрадан коңулга калтырылып жүргөн бул долбоор өткөн жылы экс-премьер-министр Темир Сариев тарабынан кайра көтөрүлгөн.
Мындай суроого вице-премьер-министр Зилалиев жооп узатты. Анын ырасташынча, Бишкек жылуулук борбору мэриянын чечими менен 17-октябрдан тартып жылуулук бере баштаган.
Буга ошол кезде күндүн суушу себеп болгон, бирок жылулукту өчүрүп коюу техникалык жактан көп убакытты талап кылат. “Электр станциялары” ишканасынын башчысы Узак Кыдырбаевдин эсеби боюнча Бишкек жылуулук борбору күнүнө 2700 тонна көмүр жагат. Жылытуу сезону башталгандан бери 50 миң тонна көмүр жагылган.
Ал арада айрым эксперттер Казакстанга көз каранды болбой эле Бишкек жылуулук борборун жергиликтүү көмүр менен жылытса болорун айтып чыгышты. Алардын бири энергетик Расул Умбеталиев Казакстандан көмүр ташууга аткаминерлердин жеке кызыкчылыгы себеп деп ойлойт.
- Бизде көмүрдүн кору жетиштүү болуп турса да Казакстандан көмүр сатып алганыбыз уят. Бул өкмөттүн туура эмес саясаты. Бишкек жылуулук борборунун эки буу казаны Кара-Кеченин көмүрүнө ылайыкташып, модернизацияланган. Бир миллион тоннанын баарын Кара-Кечеден ташып жаксак болмок. Бул жерде аткаминерлердин жеке кызыкчылыктары бар.
Анткен менен кыргыз өкмөтү Кара-Кеченин көмүрүнүн табы жок экенин айтып келет. Зилалиевдин ырасташынча жалаң Кара-Кече көмүрүн жагуу үчүн мазут сыяктуу кошумча каражаттарды алууга миллиард сомго жакын каражат керектелет. Бирок ошол эле учурда кыргыз өкмөтү жыл сайын Шабыркүлдөн 50 доллардан 450 миң тонна көмүр сатып алат.