Сыймык Жапыкеев акыркы аптада Кыргызстандагы бир нече саясатчынын атын атап, аларды күмөндүү жолдор менен байыган деп айыптаган.
Акыркы күндөрү Интернетте карама-каршылыктуу билдирүүлөрү менен чыгып жаткан прокуратуранын мурдагы кызматкери Сыймык Жапыкеевдин сөзү боюнча сотко чейинки териштирүү башталганын Ички иштер министрлиги 12-майда жарыялады.
Аталган министрликтин маалымат кызматынын өкүлү Адинай Шаршееванын айтымында, Жапыкеевге карата чара көрүү арызы менен ИИМге Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиев кайрылган.
Арыз 7-майда Жазык кодексинин 264-беренесинин 3-бөлүгүнүн (жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар) негизинде каттоого алынды:
“Ички иштер министрлигине Жогорку Кеңештин депутаты Жумалиев кайрылып, социалдык түйүндөрдө өзүн мурдагы прокуратура кызматкери деп атаган Жапыкеев деген жаранга мыйзам чегинде чара көрүүнү суранган. Арызда Жапыкеев Жумалиев тууралуу жалган маалымат таратып, үй-бүлөсүнүн миллиондогон байлыгы мыйзам бузуу жолу менен топтолгонун айтып жатканы, байлыгын, мүлкүн тартып алууга жасаган чакырыктары менен анын ден соолугуна жана үй-бүлөсүнүн коопсуздугуна коркунуч жаратканы көрсөтүлгөн”.
ИИМдин маалыматына караганда, сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө Жапыкеевдин социалдык түйүндөрдөгү маалыматтары, видео кайрылуулары толугу менен иликтенип чыкты, сөзүнө лингвистикалык экспертиза дайындалды.
Жапыкеевге каршы арыз жазылганын депутат Кубанычбек Жумалиевдин адвокаты Бактыбек Жумашев ырастады. Анын билдиришинче, депутат активистке карата милициядан тышкары сотко да кайрылып кадыр-баркына шек келтиргени үчүн 10 миллион сом кенемте төлөп берүүнү талап кылууда:
"1-майдан тарта эле Сыймык Жапыкеев "Фейсбуктагы" баракчасы аркылуу Кубанычбек Жумалиев жөнүндө чындыкка дал келбеген сөздөрдү, билдирүүлөрдү таратып жатат. Анын айткандарынын баары жалган. Мисалы, Жумалиевдин 2,5 миллиард доллар байлыгы бар, Ленинградда окуган, Балыкчыдан Кумтөргө чейин тартылган электр зымдарын ушул киши тейлейт, 150 батири бар ж.б. деген сыяктуу эч кандай далилденбеген сөздөрдү таратты. Мындан улам Кубанычбек Жумалиев өз кадыр-баркын коргош үчүн сот кайрылды. Ал өз кадыр-баркына шек келтиргени үчүн мыйзамдын чегинде 10 миллион сом өндүрүүнү талап кылып жатат. Сотко канча сом өндүрүүнү чечсе, аны кайрымдуулукка жумшайт".
Үстүнөн териштирүү башталган Сыймык Жапыкеев Жумалиевдин арызы жөнүндө кабары жоктугун билдирди. Ал акыркы кырдаал боюнча "Азаттык" радиосу кыска гана сүйлөп "билгенин кылышсын, булар түз сүйлөп жаткан адамды ушундай кылышса, анда болбой калыптыр", - деп жооп берди.
Ал эми Жапыкеев мүчө болгон “Чоң казат” кыймылынын өкүлү, адвокат Канат Хасанов активистке карата сотко чейинки териштирүүнүн башталышын негизсиз деп атады:
“Бир дагы лингвистикалык экспертиза Жапыкеевдин сөзүнөн бийликти же кимдир-бирөөнүн мүлкүн басып алуу боюнча чакырыкты аныктай албайт. Анткени андай чакырык болгон эмес. Ал жерде аң-сезимдин гана революциясын айтып жатат. Жапыкеевге карата текшерүүнү баштоо толугу менен болбогон иш, куру сөз. Депутат Жумалиевдин басымы, анын акчасынын аркасы менен Ички иштер министрлиги ушундай кадамга барышы мүмкүн деп эсептейм. Башка эч нерсе көргөн жокмун. Анткени, Сыймык Жапыкеев "тоноо керек" деген ойду айткан эмес. Аны бардык билдирүүлөрүнөн текшерсе болот. Жумалиевдин арызы боюнча сотко чейинки өндүрүштү баштоо күлкүнү гана келтирет. Ал киши боюнча бардык фактылар биздин баракчабызда турат”.
Сыймык Жапыкеев акыркы аптада Кыргызстандагы бир нече саясатчынын атын атап, аларды күмөндүү жолдор менен байыган деп айыптаган.
Алардын арасынан Жогорку Кеңештин депутаты, мурдагы премьер-министр Кубанычбек Жумалиевди кескин сындап, ишканаларын текшерүүнү талап кылууга коомчулукту үндөгөн.
Жумалиев «мамлекеттик кызматта иштеп турган учурда коррупциялык иштерге аралашкан эмесмин, байлыгымды адал жол менен тапкам» деп жооп кайтарган.
Ал ортодо Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматы парламент депутаты Кубанычбек Жумалиевдин мүлкү боюнча текшерүү баштаганын жарыялады. Андагы маалыматка ылайык, депутатка карата Кылмыш кодексинин "мыйзамсыз баюу" жана "кызмат адамынын ишкердикке мыйзамсыз катышуусу" беренелери боюнча сотко чейинки териштирүү жүрүп жатат.
Бул боюнча Жумалиевдин адвокаты азырынча маалыматы жок экенин билдирди.
Негизи Сыймык Жапыкеевдин билдирүүсүнөн соң коомчулукта коррупцияга каршы күрөш, чоң кызматтагылардын мыйзамсыз байыганы тууралуу талкуулар күчөдү. Эксперттер мындай көрүнүштү тыкыр изилдеп, тиешелүү органдар тезинен иш алып барышы керектигин айтышууда.
Бул боюнча Жогорку Кеңеште айрым депутаттары маселе көтөрүп, жеке мүлктү басып алууга болгон чакырыктардын кесепети оор болорун эскерткен.
12-майдагы парламенттин комитет жыйынында депутат Жаныбек Бакчиев бул маселеге өкмөттүн көңүлү бурушу керектигин билдирди:
"Учурда абал оңой эмес. Дал ушундай нерселер социалдык тармактарда ачык айтылган учурда эл дүрбөлөңгө түшөт. Эгер айтылгандар ырасталса, тиешелүү органдар чара көрүшү керек. Ал эми таратылган маалыматтын негизи жок болсо, аны тараткандарды жоопко тартуу зарыл. Мен өкмөттү маалымат каражаттарында көтөрүлгөн маселелер боюнча реакция кылууга чакырам. Мындай болбосо бизнес абдан чочулап турат".
Кыргызстанда эң башкы маселелердин бири катары мамлекеттик органдардагы коррупция аталып келет. Бийликке келген ар бир президент коррупцияга каршы күрөштү күчөтөрүн убада кылат.
Учурдагы президент Сооронбай Жээнбеков 2017-жылы шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндө мыйзамсыз байыган адамдардын тизмесин билерин айтып, катуу чара көрө турганын билдирген.
Айрым адистер мамлекеттик органдардын жемкордукка каршы күрөш жаатында ишинин жыйынтыгы көрүнбөгөнү үчүн ар кандай чакырыктар жасалып жатканын белгилешет.
Эскертүү!
«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.