Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Октябрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:57

Ошто Кең-Сай конушунда жаңы көмөк чордону ишке берилди


“Кең-Сай” көмөк чордону.
“Кең-Сай” көмөк чордону.

Ош шаарындагы Кең-Сай конушунда 110/10 кВт “Кең-Сай” көмөк чордону ишке берилди. Ош мэриясынын маалыматына караганда, бул электр подстанциясы Кең-Сай жаңы конушун, ошондой эле Гүлбаар, Кеңеш жана Жапалак айылдарын үзгүлтүксүз электр жарыгы менен камсыз кылат.

Ош шаарынын бийлиги 2010-жылы жер басып алуу аракеттерин токтотуу максатында шаар четиндеги Жапалак айыл өкмөтүнүн Кең-Сай массивинен элге жер тилкелерин берүүнү чечкен. Жалпысынан 10 миңден ашуун адамга жер берилген. Конушта шарт түзүш үчүн 10 млрд сом кетери айтылган. Анын ичинен 1 млрд сомго жакын акча бөлүнүп, ал да максаттуу пайдаланылбай калган.

Июль айында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Ошто мамлекеттик кызматкерлерди чогултуп жыйын өткөргөндө Кең-Сай конушуна 2011-жылы 800 млн сом каралып, анын 260 млн сому максатсыз корогонун айтып, ага тиешеси бар адамдарды жоопко тартуу тапшырмасын берген.

Жыйынтыгында Ош облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Ж.А.Ж., башкы инженер Т.Д.Ж., башкы эсепчи К.С.О. менен жалданма компаниянын жетекчиси А.К.Б. кармалган. Атайын кызмат тараткан маалыматта алар Кең-Сай массивин жол, суу жана электр энергиясы менен камсыздоо үчүн берилген каражаттын максатсыз пайдаланышына, кымырылып кетишине айыпталууда.

Бир катар басылмалар кармалгандардын бири мурдагы башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдун атасы Асилбек Жамшитов экенин жазышкан. Өзүлөрү бул тууралуу комментарий же маалымат беришкен эмес. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG